|
Сөзү : Зарлык Камбаралиевдики
Обону : Зарлык Камбаралиевдики
Сөзү : Жыпара Арыкованыкы
Обону : Эрмек Уметовдуку
Сөзү : Каныбек Иманалиев, Айбек Карымовдуку
Обону : Каныбек Иманалиев, Айбек Карымовдуку
Сөзү : Рыспай Абдыкадыровдуку
Обону : Рыспай Абдыкадыровдуку
Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Рыспай Абдыкадыровдуку
Сөзү : Темир Дамирбековдуку
Обону : Ильяз Кудретовдуку
Сөзү : В.Мырзабекованыкы
Обону : А.Тоотаевдики
Сөзү : Ильяз Абдразаковдуку
Обону : Жылдызбек Турсунбаевдики
Аткан ок болчу насааты,
Адамдын эле тазасы.
Акылын айтып жалпыга,
Асылын иштин жасачу.
Кайырма:
Тирүүлүк деген күрөштө,
Шам болуп күйгөн үммөткө.
Атыңыз Чубак ажы деп,
Жашайсыз өлбөй жүрөктө.
Жамандын оюн кыйратып,
Жакшыга жаркын сый катып.
Күлкүгө бөлөп турчусуз,
Кеттиңиз кайда ыйлатып?
Элиңиз сыздап таба албайт,
Эми ким динди баяндайт?
Сан кылым чубап өтсө да,
Сиздей жан кайра жаралбайт...
Чубактай ажы жаралбайт...
Сөзү : Кубик Калыковдуку
Обону : Кубик Калыковдуку
Сөзү : Самаган Кочкоровдуку
Обону : Самаган Кочкоровдуку
Катты сага мен жазамын,
Күтүп жүрүп сени сагындым.
Айлар, жылдар өтүп арадан,
Жазда кеттиң, айланамда өрүк гүлдөп.
Кайырма:
Сени күтөм, үмүт үзбөйм мен эч качан,
Сүрөтүңдү жакшы карайм.
Элестетем көз алдыма,
Кара көзүң, аппак жүзүң, назик үнүң.
Күз да кетти күлүмсүрөп,
Ала кетти алгачкы сүйүүмдү.
Бирок сени унута албайм,
Катты жазам, чыдай албай, дагы жазам.
Кайырма:
Катты сага мен жазамын,
Күтүп жүрүп сени сагындым.
Айлар, жылдар өтүп арадан,
Катты жазам, чыдай албай, дагы жазам.
Кайырма:
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку
Кыргыз жерим кооз, жайлоо керемет,
Кыр-кырларың аска, зоолор керилет.
Акылымдан танып турса да эч ким,
Ар ким үчүн өскөн жери керемет.
Кайырма:
Лейлек, Лейлегимди сагындым,
Лейлегимди көздөй бүгүн камындым.
Илек-илек, Лейлек тоонун кушундай,
Баратамын сага, мени тосуп ал.
Кырк айланып жерин кыргыз калкымдын,
Далай жолу таптым кенин алтындын.
Сулуулугу сулуу соруп кетсе да,
Жылуулугу сенсиң ошол алтындын.
Кайырма:
Кыргыз жери кооз, жайлоо керемет,
Кыркырлары аска, зоолор керилет.
Өңгөчүңдү тартып турса да, Эч ким
өскөн жерин өзгө жерге теңебейт.
Сөзү : Жолон Мамытовдуку
Обону : Абдыманап Төрөбековдуку
Сөзү : Ыбырай Тургунаалы уулунуку
Обону : Ыбырай Тургунаалы уулунуку
Сөзү : Майрамбек Осмоновдуку
Обону : Майрамбек Осмоновдуку
Сөзү : Байсал Кадыралиевдики
Обону : Дайыр Исмадияровдуку
Сүйлөсөң сүйүп,жаным арбалам,
Сен күлсөң ичим, кайнап арашан.
Сулуу селки айтчы, эми не кылам,
Сенин үнүң сүйүп,калдым каражан.
Кайырма:
Каражан каражан,
Жанымда ак жоолукчан.
Жарашат сага жан,
Жанашып бирге турсам.
Каражан каражан,
Жашоомдо бир жоолуккан.
Жар болчу мага жан
Жамалы жаркылдаган.
Көздөрүңдү көрбөй,калсам сагынам,
Көңүлүмдөн кетпей,койдуң аруужан.
Көргөн сайын сүйгүм,келет жүзүңдү,
Көрүшүүгө макул,болчу каражан.
Өрүлүп түшкөн,кара чачыңдан,
Өрттөнүп күйөм,сенин айыңдан.
Өзгөрүлбө сенден,жаным суранам,
Өмүрүмө шерик,болчу каражан.
Сөзү : Гүлжамила Шакированыкы
Обону : Бакыт Мамаевдики
Сөзү : М. Осмоновдуку
Обону : М. Осмоновдуку
Жараткан жашоо берген баарыбызга,
Ар түрдүү тагдыр жаза багыбызга.
Өмүрдүн ар бир күнү текке кетпей,
Жароокер жарың болсун жаныңызда.
Кайырма:
Дайыма күлкү бассын санаабызды,
Эр жүрөк, эстүү кылсын балабызды.
Тирүүлүк кырын ашып кеткичекти,
Урмат-сый курчап турсун арабызды.
Эркелеп жакшы тилек оюбузга,
Эрте эле түштүк бакыт жолубузга.
Себепчи биздин асыл тилегибиз,
Жол ачты далай бакка конуубузга.
Кайырма:
Кыялдар учуп конбой түнөгүнө,
Ар бир жан жетсин максат, тилегине.
Чын сүйүү ишенимдин бул эркенин,
Бек сактап келатамын жүрөгүмө.
Кайырма:
|