|
Ильяз Абдыразаков
Бардык видеолор: 28
Бардык аудиолор: 159
00:03:34
00:03:14
00:04:09
00:03:32
00:03:01
00:03:52
00:03:58
Сөзү : Тимур Салиевдики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Кылыч Орозбаевдики
Обону : Ильяз Абдыразаков менен Кылыч Орозбаевдики
Сөзү : Виталий Камбалиндики
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Айсалкын Алибаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Ээлечи, жүрөктү жалгыз өзүң,
Экөөбүз, бололу бирге түбөлүк.
Жашоонун даамын бирге,
татып күндө жаным,
Бүт өмүр, бирге болуп,
жашайлычы дайым.
Кайырма:
Тагдырдын татаал жолун, басып өтүп экөөбүз,
Түбөлүк кол кармашып болуп бирге жүрөлү
Эркеси жүрөктүн болуп өзүң,
Жүрөлү күндөрдү бирге өткөрүп.
Турмуштун жолу татаал
билем аны жаным,
Экөөбүз жеңип бирге
жашайлычы дайым.
Сөзү : Айсалкын Алибаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Ээлечи, жүрөктү жалгыз өзүң,
Экөөбүз, бололу бирге түбөлүк.
Жашоонун даамын бирге,
татып күндө жаным,
Бүт өмүр, бирге болуп,
жашайлычы дайым.
Кайырма:
Тагдырдын татаал жолун, басып өтүп экөөбүз,
Түбөлүк кол кармашып болуп бирге жүрөлү
Эркеси жүрөктүн болуп өзүң,
Жүрөлү күндөрдү бирге өткөрүп.
Турмуштун жолу татаал
билем аны жаным,
Экөөбүз жеңип бирге,
жашайлычы дайым.
Сөзү : Айсалкын Алибаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Акырын шилтеп кадамды,
Бакытка бөлөп ааламды.
Эркелеп мага чуркашса,
Унутам баардык капамды.
Балдарым менин байлыгым,
Бакытыма тийген жарыгым.
Чоңоё берсин, аман соо,
Колдосун дайым, Кудайым.
Кайырма:
Асыл данегим, көңүл эрмегим
Секет болоюн, балдарым
Өмүр белегим, үмүт, тилегим
Силер үчүн, жашаймын.
Медерим болчу балдарым,
Мекенге тийсин жардамың.
Атанын уулу дегизген,
Ардактуу атка жарагың.
Эр жигит болуп чоңоюп,
Керектүү ишке жарагың.
Акталса эгер үмүтүм,
Болбостур, менин арманым.
Кайырма:
Сөзү : Айсалкын Алибаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Көрүп калып, сулуу сени капыстан,
Күндөн-күнгө ашык болуп баратам.
Күлмүңдөгөн, сенин кара көздөрүң,
Көп жигитти ашык кылып караткан.
Кайырма:
Ашыгым сенсин менин жарык айдайым,
Назданып неге мени мынча карайсын
Суйуумду жалгыз гана сага арнасам,
Билмексен болуп, неге турасың.
Күндө сага, сүйүү ырын жазамын,
Күйүт каптап, азабыңды тартамын.
Көрүшсөк деп, жок дегенде бир жолу,
Кезүүгүнү күндө жаным самаймын.
Сөзү : Гүлзат Кудайбердиеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Айсалкын Алыбаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Р. Абдыкадыровдуку
Обону : Р. Абдыкадыровдуку
Сөзү : Айсалкын Алыбаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Жоомарт Эргешовдуку
Обону : Жоомарт Эргешовдуку
Сөзү : Айсалкын Алибаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Айсалкын Алибаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Апамдын жумшак ак колу,
Алдейлеп уктаткан көп жолу.
Кайрылбас күндөргө жетелеген,
Апапак жоолугу.
Мээримдүүм, берекем апакем,
Каталык кетирсем кечирген.
Дүйнөмдүн тынчтыгы үчүн,
Эч качан ооруба сен.
Кайырма:
Апакем, алтыным, картайба,
Кабатыр болуп сен кайгырба.
Жашоомо жылуулук берерим,
Бар болгун сен бактыма.
Дайыма төрүмдө сый көрүп,
Балаңа туура жол көрсөтүп.
Небере-чебере жетелеп сен,
Далайга жаша күлүп.
Эркелеп дагы эле мен турам,
Жүрөктөн чыккан ыр сунам.
Алыстасам мени сагынарым,
Жолумду карап улам.
Сөзү : Айсалкын Алибаеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Кусалыктан улам,
Көргүм келип турам.
Жан сүйгөнүм мага келчи?
Сага көңүл бөлүп,
Самайыңдан мен сүйүп,
Ак сүйүүмдүсага арнайм.
Кайырма:
Ай-ааламдан сендей жанды издеп жүрүп,
Жомоктон мен сени таптым.
Бул жашоодо жалгыз, өзүңдү эңсеп жаным,
Ак сүйүүнүн балын таттым.
Аруу таңдай, тунуксуң ай,
Ардагым ай.
Сага атайын, барам жандап,
Сүйүүм арнай.
Жалгыздыктан улам,
Кыйналгансып турам.
Жан шеригим мага, келчи?
Мага көңүл бөлүп,
Ак сүйүүмдү сезип.
Койсоң болду эркем менин.
Кайырма:
Сөзү : Махабат Акматованыкы
Обону : Жан Серик
Сөзү : Гүлзат Кудайбердиеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сенин көзүң өзгөчө, окшобогон өзгөгө,
Топ элдердин ичинен тартат дайым өзүнө.
Тиктей калса карегиң сезимдерим серпилет,
Токтоп саамга дүнүйө калуучудай сезилет.
Кайырма:
Жүрөктүн кылын чертип жай гана,
Жүрөсүң кылыктанып наздана.
Көзүнө окшобогон башканын,
Көздөрүң сенин башкача.
Сенин көзүң башкача, окшобогон башкага,
Керемети байкалат ак сүйүүнүн тап-таза.
Карагаттай көзүңдү карагандан аянам,
Дүйнөдөгү сулуулук көздөрүңдөн тараган.
Сөзү : Гүлзат Кудайбердиева, Жакут Сыдыковдуку
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Сөзү : Г.Кудайбердиеваныкы
Обону : И.Абдыразаковдуку
Ыссык-Көлүм мемиреген тунуктугуң тынчтыктын сыңарындай,
Көргөн көздүн жоосун алган сулуулугуң кыздардын чырайындай.
Сыймыгымсың сен Ыссык-Көлүм,
Кылымдарга өчпөсүн көркүң.
Ааламга даңазалап ырдаймын сени көлүм.
Кайталангыс кереметиң арбагандай бүт сыйкыр дүйнөдөгү,
Сыймыгысың кыргызымдын, түгөнбөсүн баалуулук көлүңдөгү.
Ак-куудай боюң буралып,
Ак халат кийсең буралып.
Ак денең сенин мөлтүрөйт,
Айпери сымал нурданып.
Кайырма:
Жана-жана-жанарым, ай,
Сагындым жүрөгүм, оо.
Ак балыктай чубалып,
Ак көйнөк кийсең буралып.
Ак бетиң сенин мөлтүрөйт,
Ак мөңгү сымал нурданып.
Кайырма:
Ак жолук турсаң салынып,
Ай нуру сага агылып.
Ак тамагың мөлтүрөйт,
Ак бермет алсаң тагынып.
Кайырма:
Сөзү : Гүлзат Кудайбердиеваныкы
Обону : Ильяз Абдыразаковдуку
Мезгил байкатпай жайып кулачын,
Ойноо кезден өткөн убагың.
Турмуш жолуна бирге аттанган,
Жакшы жардан болсун жубайың.
Кайырма:
Өмүрлөшүң өзүң тандаган,
Кошкону болсун Кудайдын.
Кайталангыс ушул өмүрдө,
Бактылуу болсун, ылайым.
Бири-бирини сүйүп табышкан,
Жуп болушту бийкеч, боз улан.
Бирге өстүрүп, бирге карытып,
Узак өмүр берсин Жараткан.
|