super.kg logo

Гүлжигит Сатыбековдун концертинде шаңдуу ырлары күйөрмандарын бийлетсе, армандуу чыгармалары ойго батырды (фото)

 

Бишкектеги Спорт Ордосунда 2-февралда кыргыз эстрада ырчысы Гүлжигит Сатыбековдун “Репетиция” аталышындагы жеке концерти орун алды. “Назик” бийчилер тобу ачып берген кечеде алып баруучулук тизгинди “Беш тапандын” жигиттери колго алышты.

Концертке мыкты даярдык көрүлгөнүн сахнанын жасалгаланышы айтып турду. Жеке концерт деп ушуну айтыңыз, бул кечеде жалаң Гүлжигит мырзанын аткаруусундагы ырлар жаңырды. Жадакалса конокко башка ырчылар чакырылбаптыр. Концертти гитарада, урма аспапта кол ойноткон “Старики разбойники” аталышындагы жаңы түзүлгөн музыкалык топ жана кыргыздын белгилүү шылдыракчысы Кадырбек Мураталиев коштоду. Зал көрүүчүлөргө толуп, күйөрмандар ырчынын жүрөктөн чыккан чыгармаларына кыйкырып, ышкырып, суратпай эле кол чаап турушту. Ырчынын “Агенттеги махабат”, “Исфана”, “Кара каш”, “Айбийке” өңдүү шаңдуу ырлары күйөрмандарын бийлетсе, “Сагынам”, “Эми мага баары бир” аттуу армандуу чыгармалары ойго батырды.

Ал эми алып баруучулук милдетти колго алган “Беш тапан” куудулдар тобу кыргыз эстрадасынын ырчы айымдары Неля, Каныкей, Роза Шакирова, Сайкал Садыбакасованы туурап чыгышып күйөрмандардын боорун эзишсе, куудул Жамбыл Камчиев да бир чымчым күлкү сунуп өттү.

Концертке алыстан ат арытып келген ата-энесине Гүлжигит мырза гүлдесте арнап, алардын урматына “Ыйык булак” ырын аткарды.

Кеченин соңунда ырчы концерттин “Репетиция” деп аталганын түшүндүрүп берди: “Чет мамлекеттерге чакыруулар көп болууда. Жалгыз диск көтөрүп баргандан уялам. Ошондуктан Кыргызстандагы эң күчтүү музыканттарды жыйнап, “Старики разбойники” деп атап жаңы топ түздүк. Эми сиздердин батаңыздарды алып, Орусия, Түркия, Германия мамлекеттериндеги мекендештерге ушул түзүм менен ыр, күлкү тартуулайлы деген максатта, кыргыздын маданиятын даңазалоону көздөп, бүгүн сиздердин алдыңыздарга биринчи жолу чыгып репетиция кылып алдык”. Күйөрмандар концерт аягына чыкканына карабай Гүлжигит мырзаны тер акканча ырдатып, сахнадан көпкө чейин узатышкан жок. 



"Концертке 1 миллион сомго жакын акча сарптадык" дейт Гүлжигит Сатыбеков

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(109)
Super TV
06.02.2015. 01:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
27-12-2014
Соӊку аракети:
07-09-2018 20:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Сонун соз жок.
Super TV
06.02.2015. 02:52 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
20-12-2014
Соӊку аракети:
24-10-2017 16:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Moskov
0
Соонун болуптур ийгилик сизге .Москвада кутобуз
Super TV
06.02.2015. 04:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
06-01-2014
Соӊку аракети:
19-05-2017 20:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ала-Бука
0
Сонун толук версиясын качан коробуз
Super TV
06.02.2015. 07:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
02-06-2011
Соӊку аракети:
11-12-2019 04:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жайлоо!
0
Азаматсын Гулжигит.Жаны жыл жаны жаны ырлар,жаны топ менен,жаны стил,жаны бий менен чыгыптыр.Эч бийлебейт эле го,азаматсын тытып калыптыр.
Super TV
06.02.2015. 10:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
20-01-2015
Соӊку аракети:
23-12-2016 20:44
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик дагы да жакшы ырларды жарата бер
Super TV
06.02.2015. 12:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
17-12-2013
Соӊку аракети:
04-10-2019 15:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Супер концерт болуптур. Коруучулордун бийлегендери жакты)))
Super TV
06.02.2015. 13:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
26-01-2011
Соӊку аракети:
15-12-2016 20:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
Бийлегендер ажап кылышыптыр)))концертин кызытып,,,
Super TV
06.02.2015. 14:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
29-09-2010
Соӊку аракети:
18-12-2019 16:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
молодец,сонун болуптур. элдер кошулуп ырдагандары жакты
Super TV
06.02.2015. 15:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
23-03-2013
Соӊку аракети:
17-01-2020 15:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Джалал-Абад
0
Соз жок концертке!!! Чыгармачылык ийгилик каалайм!!!
Super TV
06.02.2015. 17:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
16-01-2015
Соӊку аракети:
16-10-2015 19:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Супер ырчыны Гулжигит алыш керек болчу кайдагы бир тепирейген Нурланга берип коюшту
Super TV
06.02.2015. 21:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
17-04-2014
Соӊку аракети:
26-04-2016 14:04
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концерт деп ушуну айт. Келгендер баары купулуна толуп, ыраазы болуп кеткени байкалып турат.
Super TV
06.02.2015. 21:34 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
389
Катталган:
15-10-2012
Соӊку аракети:
10-01-2020 13:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Санкт-Петербург
0
Мына жеке концерт деп ушуну айт. Жандуу үн, жалгыз ырчы. Келген эл да ыраазы. Сахнанын жасалгасы да сонун. Жогорку деңгээлде өтүптүр. Ийгилик Гүлжигит мырзага.
Super TV
06.02.2015. 22:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
12-06-2014
Соӊку аракети:
20-07-2017 20:41
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец Гулжигит сен озу жигиттин гулусунда.
Super TV
07.02.2015. 00:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
30-10-2014
Соӊку аракети:
18-12-2016 00:05
Жынысы:
Белгисиз
0
атынызга затыныз жарашкан мырзасыз,жигиттин пири Шаймерден колдосун онорунуз оркундоп осо берсин.концертке болсо соз жок супер болуптур
Super TV
07.02.2015. 13:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
10-06-2011
Соӊку аракети:
08-05-2018 22:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Жердеш байкем азамат'чыгармачылык ийгилик,сизди дайыма жакшы создор коштосун.Концерт абдан жакшы денгээлде отуптур'бул да болсо сиз учун жаны жылдагы жетишкендик!
Super TV
07.02.2015. 15:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
10-02-2014
Соӊку аракети:
12-01-2018 15:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт сонун болуптур.Дагы-дагы чыгармачылык ийгиликтерди каалайм .Ден-соолугун бекем болсун досум.
Super TV
07.02.2015. 21:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
23-12-2014
Соӊку аракети:
19-01-2018 22:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
0
Ууу молодец соонун болуптур.Чыгармачылык ийшилик!
Super TV
08.02.2015. 00:36 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
05-07-2012
Соӊку аракети:
06-06-2016 18:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
супер инфо гулжигиттин биринчи ырдаган ыры асаламу алекум ошону жуктоп койунуздарчы
Super TV
08.02.2015. 02:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
28-11-2014
Соӊку аракети:
23-04-2016 21:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер
Super TV
09.02.2015. 15:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-01-2015
Соӊку аракети:
07-09-2017 17:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы талант деп ушуну айт.концерт соонун болуптур.Олтурган жермден бийлеп жибердимгооооо.Элдин да купулуна толгон концерт болуптур.Шашпагыла жип болом деп ырдап чыккан эле мына эми жип да болдунуз.Чыгармачылык ийгилик,уй-булолук бакыт каалайм.Журокту элжиреткен ырларды жарата бериниз.
Super TV
09.02.2015. 15:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
05-02-2015
Соӊку аракети:
21-12-2019 23:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы. Азаматсыз!!!
Super TV
10.02.2015. 01:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
07-02-2015
Соӊку аракети:
21-05-2015 12:02
Жынысы:
Белгисиз
0
ААА жакшы
Super TV
10.02.2015. 07:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
02-02-2015
Соӊку аракети:
28-08-2015 12:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
жакшы концерт болду . Сапарыныздар байсалдуу болсун.
Super TV
10.02.2015. 22:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
20-01-2015
Соӊку аракети:
05-03-2015 01:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай элди бийлете концерт берген Гулжигит байкеге рахмат!!! Тойлордун корку болгон ырларды чыгарып журо бериниз ийгилик
Super TV
11.02.2015. 01:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
31-08-2012
Соӊку аракети:
19-02-2020 20:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
азамат брат
Super TV
11.02.2015. 03:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
24-09-2013
Соӊку аракети:
28-02-2019 03:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!!! Гулжигит. Сендей таланттуу,уккулуктуу ундуу ырчыларыбыз кыргыз элинде кобойо берсин!!!
Super TV
12.02.2015. 21:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
24-04-2015 01:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай шандуу концерт кыргызтанда биричи жолуго дейм
Super TV
21.02.2015. 15:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
05-09-2014
Соӊку аракети:
08-09-2015 16:39
Жынысы:
Белгисиз
0
суупппер концерт болуптур азаматсыз Гулжигит байке
Медиа-портал
08.05.2015. 17:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
18-01-2011
Соӊку аракети:
06-03-2018 18:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
россия
0
супер инфо толугу менен качан жуктойсунор
Super TV
09.07.2015. 00:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
01-07-2015
Соӊку аракети:
19-02-2020 13:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерттин баашынды ырдаган ырын жуктоп койгулачу сураныч
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: