реклама
super.kg logo
  Саясат  

Социалдык фонддун төрагасы: "Мигранттар келечекте пенсия менен камсыздалбай калышы мүмкүн"

 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 27-январдагы жыйынында мигранттарды пенсия менен камсыздоо маселеси көтөрүлдү.  

Жыйында депутаттар: “Ар бир мигрант Кыргызстанга жыл сайын бир нече миң сомдон которуп жатат. Анын бир канча пайызын мамлекет кармап калса, унаасына, үйүнө да өзүнчө салык алынууда. Бирок аларды пенсия менен камсыздандыруу маселесин мамлекет чечип бере элек. Бул чечилбесе, алар келечекте кантип оокат кылышат? Карыганда пенсиясы жок болсо, балдары үйүнөн чыгарып салышат. Мурда пенсия менен камсыз кылуу маселеси биринчи кезекте турчу, азыр буга көңүл бурулбай калды”,- дешти.  

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев мигранттар келечекте пенсия менен камсыз болбой калышы мүмкүн экенин айтты. “Биз бир нече жолу бул маселени карап чыктык. Мигранттар өздөрү маани бербей жатышат. Жок дегенде Кыргызстанга которуп жаткан акчасынан кармап калалы дедик, бирок мигранттар ага макул эмес. Келечекте бир муун пенсия менен камсыз болбой калышы мүмкүн. Бул өтө чоң коркунуч жаратат”,- деди Абылгазиев. 



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
27.01.2015. 13:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
28-10-2018 08:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр муну бир дагы мигрант ойлобой эле журот, Кийин мамлекет кунолуу деп митинге чыгат.
27.01.2015. 14:07 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
07-08-2011
Соӊку аракети:
26-11-2019 14:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандагы азыркы пенсия бир кап ун алганга гана жетет. Пенсионерди бага албайт. Ошол пенсияга муктаж кылбасын.
27.01.2015. 14:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-12-2013
Соӊку аракети:
25-09-2019 19:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылда дыйкан чарбадан соц.фондго деп акча тогулотго .алар кайда кетет
27.01.2015. 14:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
25-08-2014
Соӊку аракети:
17-03-2015 15:50
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекетте негизи кыргыз элинде биримдик жок, баары озумчул,озум олбосом болду деген желекти башына байлап алган.
27.01.2015. 14:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
13-07-2014
Соӊку аракети:
13-11-2016 23:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылдакы жер улушторуно, магиналарга, айдоо аянттарына налог толонуп жатпайбы оздору талаада журсо да.
27.01.2015. 16:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
13-06-2013
Соӊку аракети:
27-12-2016 21:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва.
0
Азыркы жаны патенттин бир жакшы жагы Договор менен иштегендер СНИЛС деген карточка оформлять кылып койсо келечекте Кыргызстанда жашап пенсияны Россиядан алса болот экен.
27.01.2015. 16:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
12-06-2014
Соӊку аракети:
17-09-2016 15:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Алыста жургон мигранттарды коро албай атышабы эми? Жыргаганынан журушобу биздин мигранттар ОРУСИЯДА???
27.01.2015. 20:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
15-04-2014
Соӊку аракети:
07-04-2020 10:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Уул- кыздарыбызга ыйман берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: