super.kg logo
  Саясат  

"Урмат Аманбаеваны депутаттык мандаттан ажыратуу чечими мыйзамсыз" дейт анын жактоочусу

 

"Урмат Аманбаеваны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими мыйзамсыз". Муну бизге 24-январда Аманбаеванын жактоочусу Нургазы Сыдыков билдирди. Сыдыков БШКнын бул чечими боюнча сотко арызданарын кошумчалады. "Мыйзамда депутаттын жеке ишкердик менен алектенүүсүнө тыюу салган норма жок. Буга байланыштуу мандаттан ажыратууга болбойт",- дейт жактоочу. Борбордук шайлоо комиссиясы 23-январда Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеваны мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алган.

Аманбаеванын КРнын Конституциясын жана “Жогорку Кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамды одоно бузуу менен депутаттын ыйгарым укуктарына туура келбеген иштер менен алектенгени үчүн мандаттан ажыратуу сунушун буга чейин Башкы прокуратура сунуш кылган эле.

Эскерте кетсек, Урмат Аманбаевага Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ачылган. "Коррупция" беренеси менен айыпталып жаткан депутат мамлекетке 17 миллион 263 500 сом зыян келтиргени айтылууда. Депутат Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасаганы маалымдалган. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептейт жана тагылып жаткан айыптарга макул эмес.  



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
24.01.2015. 16:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
08-08-2008
Соӊку аракети:
28-03-2016 13:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kadamjay
+7
Жешке жеп алып эми мандаттан аэырагысы келбейтта. Мандат м.н кенири бизнес кылса болот, карапайым элге окшоп налог толобойт. Аны жакшы билишет эшек минерлер.
24.01.2015. 17:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
24-05-2016 01:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош шаары
+4
Эшек минэээр дегениниз жакты да хаха
24.01.2015. 18:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
344
Катталган:
11-08-2013
Соӊку аракети:
24-01-2020 16:39
Жынысы:
Белгисиз
0
"Адамдын өзү тойсо да, көзү тойбойт" дегендей, депутат болгонго чейинки жең ичинен жеп келгени жетиштүү болмок да, жок, дагы да жеш керек,болгондо да эл тагдырын чечип отуруп. Туура болот, алганын кайтарсын, ансыз деле эл эсебинен ай сайын бери болгондо 40-50 миң айлык алып келатат, премияларын кошпогондо.
24.01.2015. 22:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
18-11-2011
Соӊку аракети:
22-12-2016 12:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ростов-на-дону
+1
Эшеккеби,аткабы минээрлерибиздин арасынан паракор,жеп ичкендерин издегенден коро тазаларын издеп тапкан кыйынга турат го.95%тинин арам иштери бар го..
.
26.01.2015. 16:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
554
Катталган:
30-11-2011
Соӊку аракети:
25-01-2020 15:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорулууларга болунгон акчаны жегенден уялбайбы а?Канчалаган омурлор дары-дармектин жетишсиздигинен оо дуйного кетишти.Кудайдан да кокпойт окшойт бул депутаттарыбыз.
26.01.2015. 18:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
88
Катталган:
01-11-2010
Соӊку аракети:
12-11-2019 08:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Уят деген жок бул аялда! Жеп алып дагы уялбай кайра депутат болуп отургусу бар! Сот уйун, машиналарын албайбы, оорулуулардын акчасын кайтарбайбы!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: