реклама
super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт: Абакта жаткан маалында уул төрөгөн Айжан Өмүралиеванын абалы жакшы

 
Бишкектеги №1-СИЗОго 2014-жылдын 11-августунда камакка алынган Айжан Өмүралиева декабрь айында төрөп, учурда эне-баланын абалы жакшы. Маалыматты 13-январда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди. Жаш балалуу эне камерада жаткан жеринен күн сайын медициналык кароодон өтүп жатканы кабарланды. Мекеме аталган айым тууралуу буларды билдирет:
"Өмүралиева Айжан Аманбековна 1989-жылы туулган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2007-жылдын 18-декабрдагы өкүмү менен (уурулук кылмышы үчүн) Новопавловка айылындагы жаза өтөө мекемесинде отурган жеринен 2008-жылдын 4-июлунда өз алдынча чыгып кеткен жана белгисиз тарапка из жашырган. Калган 2 ай 13 күндүк жаза мөөнөтү өтөлбөй калган. 
А.Өмүралиева мунапыс жөнүндө 2010, 2011, 2014-жылкы мыйзамдар күчүнө киргенден кийинки 6 айдын ичинде өз каалоосу менен жаза өтөө мекемесине келгенде, калган жаза өтөө мөөнөтүнөн бошотулмак. Бирок ал 6 жыл издөөдө жүргөн. 2014-жылдын 8-августунда А.Өмүралиева кармалган жана Сокулук райондук сотунун 2014-жылдын 29-сентябрдагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылып (КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү), 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 60-беренесинин негизинде ага мурда өтөбөй калган мөөнөтү кошулуп, жалпысынан 1 жыл 7 ай жаза өтөө мөөнөтү берилген". 
А.Өмүралиева Бишкек шаарындагы №1-СИЗОго 2014-жылдын 11-августунда келгени, алгачкы медициналык кароодон өткөрүлүп, анын кош бойлуулугуна 17-18 апта болуп калганы аныкталганы айтылды. 
ЖАМК буларды кошумчалайт: 
"Кош бойлуу учурунда ал бир нече жолу медициналык текшерүүдөн өттү. Дарыгерлер аны кесарево жолу менен төрөтүүнү сунушташты. 2014-жылдын 16-декабрында А.Өмүралиева Бишкек шаарындагы №6-төрөт үйүнө жеткирилип, 3 килограмм 300 грамм салмакта уул төрөдү. Төрөт үйүнөн 22-декабрда канааттандырарлык абалда чыгарылды. Ымыркайга бардык зарыл болгон медициналык чаралар көрүлдү. 
Айыпталуучу камерада жакшы жүрүм-турумга ээ, чекпеген 6 айыпталуучу менен чогуу отурат. Бул камера 12 адамга ылайыкташкан, бирок мекеме жетекчилиги тарабынан эне-балага керектүү шарт түзүлдү. Мындан тышкары коляска, жуунуучу жай жана башка нерселер берилди. А.Өмүралиева баласы менен мекеменин медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө, учурда алардын абалы жакшы. Бала эмчек эмүүдө, эненин эч кандай дооматы жок". 
26-декабрдагы соттук отурумга А.Өмүралиеванын катыша албай калышы анын ден соолугуна (кесарево аркылуу төрөгөнүнө) байланыштуу болгону кошумчаланды. 


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
13.01.2015. 17:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
447
Катталган:
12-06-2010
Соӊку аракети:
06-04-2020 14:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
Жеп ичкендер Кыргызстанды сызга отургузгандар башка олкодо жыргап журот мына биздеги акыйкаттык.
13.01.2015. 17:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
15-08-2012
Соӊку аракети:
20-06-2017 19:09
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айжан Аманбекова бекен же Омуралиевабы? Кимиси болсо да аман болушсун, баласына чың ден соолук.
13.01.2015. 17:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
03-06-2014
Соӊку аракети:
26-11-2016 22:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
lily27, Айжандын фамилиясы Өмүралиева, атасынын аты Аманбек экен.
13.01.2015. 17:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
22-08-2017 21:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+7
Кош бойлуу эненлерге ушундай мамиле кылабызбы? Бизде башка кылмышкерлер жокпу, бул эмне деген уятсыздык.
13.01.2015. 17:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
297
Катталган:
17-06-2014
Соӊку аракети:
13-06-2016 18:03
Жынысы:
Белгисиз
+12
эми коёберсада болотда кичинекей наристеге боорунар орубайбы канчалаган элди какшаткан крим тобол аткаминерлерди бошоттунарго
elgiz0890 түзөттү 13.01.2015 20:25
13.01.2015. 17:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
08-06-2014
Соӊку аракети:
06-04-2017 13:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♥Сүйүшкөндөрдүн арасы♡♥
+21
Неге балалуу энени чыгарбайсынар уй-камагына? Миллиондогон акчаны жеп кеткендерди башка олкого дарылантканы жонотосунор. Акыйкат жок! Ар-бир адам баласына бирдей тегиз мамиле жасабайсынар.
13.01.2015. 17:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
03-06-2014
Соӊку аракети:
26-11-2016 22:49
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чыгарып коюшса болмок.
13.01.2015. 20:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
11-05-2014
Соӊку аракети:
09-01-2020 14:34
Жынысы:
Белгисиз
+9
акчасы аз экен ошон учун торосо да абакта отурат. ошто бир кызды коркутуп сойкуканада колдонгон аялды жаш баласы бар деп чыгарышкан элего анын акчасы коптугунон ушундай кылышкан да
13.01.2015. 21:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
417
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
21-08-2017 17:50
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыр Кыргызстанда кимдин заманы,жеп жутарлардын,алдым жуттумдардын,бийлике отуруп алып жеп икичтердин заманы.Азыр кимдер акчалуу экени корунуп турбайбы.
14.01.2015. 00:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
06-06-2014
Соӊку аракети:
18-12-2015 00:13
Жынысы:
Белгисиз
+4
энесине бору орубасадагы баласына бору орубайбы чондор чыгарып койуса болот эле
14.01.2015. 02:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
112
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
03-04-2020 22:54
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чыгарып койсо болмок,акчасы жок да жогоруда айтышкандай!!!уятсызда!!!
14.01.2015. 02:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
476
Катталган:
03-11-2013
Соӊку аракети:
19-12-2019 14:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
байкуш баласына боорум ооруду. Чыгарып коюшса болмок эми. Балада эмне куноо ал кунуго свежий воздуха чыгыш керек кун коруш керек. Энеси кесарева мн торогон болсо ага да кыйын да жатып турган баласын которгон. (((
14.01.2015. 21:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
356
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
12-04-2018 07:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Venera
0
Жаман жиним келип атат (( Кыргызстанда торолбой эле койгулачы наристелер!:(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: