super.kg logo

Орусиянын "кара тизмесинде" Ош шаарынын 4 миң жараны бар экени аныкталды

 
Орусия Федерациясына кирүү үчүн чектөө мыйзамы чыккандан бери Ош шаарында февраль айынан бери 15 миңден ашуун жаран "кара тизмеде" бар же жок экенин аныктоо үчүн КРнын Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин Ош шаардык бөлүмүнө кайрылышкан. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда SUPER.KG порталына аталган мекеменин башкы адиси Салима Исмаилова билдирди. Анын айтымында, бул тизмеге себеби жок кирип калган жарандар жок эмес. "Биздин мекеме ушул жылдын февралынан баштап "кара тизмеде" бар же жок экенин аныктоо ишин жүргүзүп келет. Ошол убакыттан бери кайрылгандардын саны 15 миңден ашты. Алардын 4 миңи "кара тизмеде" бар болуп чыкты. Биздин өкмөт "кара тизмеден" чыгаруу үчүн Орусиянын өкмөтү менен сүйлөшүүдөн кийин чыгарылган мыйзамдын негизинде Ош шаарынан 300 арыз келип түшкөн. Алардын 260ы Орусияга жеткирилди. Учурда арыздар каралып жатат. Ал эми мамлекеттик органдардын ар бир жаранга аларга тиешелүү маалыматты жеткирүүсү тууралуу мыйзамга ылайык, биз "кара тизмеде" бар экенин же жогун 3 мүнөттө тактап берип жатабыз",- деди Исмаилова.
Аталган тизмеде бар же жок экенин аныктоо үчүн келген Имамидин Шарабидинов буларга токтолду: "Орусиядан Ошко келип, кайра кетейин деп учакка билет алып койгом. Уча турган күнү аэропортко барганда "кара тизмеде" экенимди айтышып, жөнөтпөй коюшту. Орусиянын аймагында мыйзам бузган эмесмин. Бирок Новосибирск шаарына барганымда 7 күндүн ичинде каттоого турушум керектиги тууралуу кагаз берилген. Мен 7-күнү барганымда бир күн кечиккенимди айтышып, каттоого алышкан. Балким, ошол себептүү бул тизмеге кирип калдым окшойт. Бүгүн "кара тизмеден" чыгуу боюнча арыз жазуу үчүн келдим. Турмуш шартка байланыштуу чет жакта иштешим керек". 
Айта кетсек, аталган мекемеге "кара тизмеде" бар-жогун аныктоо үчүн күнүнө 60тан 100 адамга чейин кайрылышат.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
15.10.2014. 15:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
03-09-2014
Соӊку аракети:
24-07-2016 03:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кара тизмедемин азыркы учурда москвадамын. Эгер тс кирсе Кыргызстан юул проблемалар чечилеби?
15.10.2014. 17:16 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
22-07-2014
Соӊку аракети:
07-11-2014 04:57
Жынысы:
Белгисиз
0
Балээге чечилеби? Ушул нерсе ушул бойдон эле калса керек.Өкмөттөгүлөргө баары бир да
15.10.2014. 17:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
12-01-2009
Соӊку аракети:
06-02-2019 14:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Жакшылыктан үмүтүңөрдү үзбөгүлөчү, баары жакшы болот...
16.10.2014. 00:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
231
Катталган:
02-04-2014
Соӊку аракети:
24-07-2018 16:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Паспортту алмаштырып Кайра келе беребиз))
16.10.2014. 04:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
24-09-2014
Соӊку аракети:
16-01-2015 23:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Паспортту алмаштырган кундо да документ тапшырганда отпечатканды алышкан болсо полный данныйларын чыгып калат. Бир эле кыргыз паспорттору эмес рос гражд алгандарды да подряд текшерип жатышат. Кече жакында кайнимдин паспортун аннулировать этип салышты аэропорттон. Болбосо озу чуркап журуп алган гражданствону. Эми ошо кайсы жерден алган болсо гражданствону ошо жерден паспортко справкасын алып келип кайра восстановить этиш керек экен. Ошо учун справканы кошо ала жургуло паспорт менен кошуп.
16.10.2014. 07:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
28-07-2010
Соӊку аракети:
04-03-2019 22:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
0
Кыргызстанга барбай журоберет окшойбуз анда, чек арадан чыгаарын менен эле кара тизме кутуп тургандайго.
16.10.2014. 07:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
03-02-2014
Соӊку аракети:
31-10-2017 07:47
Жынысы:
Белгисиз
0
3 минутта тактап беребиз дейт. бирок пайдасы жок биздин айылдан 4 бала аеропорттон кайтып келди кара тизмеде бар болуп чыгышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136651;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: