super.kg logo
  Саясат  

"Экс-депутат Алтынбек Арзымбаевдин атылып өлтүрүлүшү Өмүрбек Текебаевге эскертүү" деп айтылууда

 
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев

Бишкекте 26-август күнү Кара-Көл шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алтынбек Арзымбаевди атып кетишти. Коомчулукка Жин деген каймана аты бар экени былтыр белгилүү болгон эле. Арзымбаевге 6 ок тийип, алган жаракатынан улам окуя болгон жерден жан берген.

Мындан 2 жыл мурун Алтынбек Арзымбаев "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Бир ай мурун "кылмыш чөйрөсүнө катыштыгы бар" деген сөздөрдөн улам мандатынан ажыратылган болчу. 

Кыргызстандагы 2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин революциячыл "Ата Мекен" партиясынын бирден-бир урааны "кримчөйрө менен аёосуз күрөшүү" болгон. Партия лидери Өмүрбек Текебаев мындан ары өлкөдө "каралар дүйнөсү" бийликке олуттуу таасирин тийгизе албагыдай, коомчулукта өз үстөмдүгүн жүргүзө албагыдай шарт түзүү керектигин айтып чыккан. Парламенттик башкаруунун алгачкы жылдары Текебаевдин демилгеси колдоо таап, кримчөйрө менен күрөш катуу жүрүп, негизги башчылар чет өлкөлөргө качып, өлкөдө кримчөйрөнүн таасири азая түшкөн. Бакиевдик режимдин тушундагыдай буйрутма киши өлтүрүүлөр, ачыктан-ачык коркутуп-үркүтүүлөр чектелген. 

2012-жылдан тарта "каралар" чөйрөсүнө байланыштуу резонанс жараткан окуялар башталды. Айрым урунттууларын эске салсак: 2012-жылдын декабрында эл аралык издөөдө жүргөн "кримавторитет" Камчы Көлбаев Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргызстанга учуп келери менен аэропорттон кармалганКөлбаевдин өлкөгө келиши катардагы окуя эместиги, кримчөйрөдө бир катар олуттуу иштер күтүлөрү ошондо эле айтылган. 2013-жылдын 11-январында Ош шаарында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноевди атып кетишти. Көп узабай, 18-январда Кара-Балта шаарынын "смотрящийи" Урмат Садабаев (Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон) белгисиз бирөөлөрдүн огунан ажал тапты. Апрель айында Нарында түрмөдө отурган жеринен сот аркылуу бошонуп, "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев өлкөдөн сыртка чыгып кетти. 2014-жылдын март айында белгилүү кикбоксчу Руслан Абасов унаасындагы жардыруудан көз жумду. Санаса бир топ. 

Кечээ жакында парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда криминал өтө активдешип кеткенин айтып коңгуроо какты. Адегенде депутат Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганча Чолпон-Атадагы ат майдандан Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаевдин ысымын тез арада алып салуу демилгесин көтөрүп чыгып, сунушу ишке ашты. Текебаев муну мындай түшүндүрдү: 

"Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаев жакшы адам болгон, ага дооматыбыз жок. Бирок Көлбаев деген фамилияны укканда дароо “кримавторитетти” көңүлгө алышат. Ал жерде жакында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага чет өлкөдөн журналисттер, маанилүү коноктор келет. Журналисттер “Көлбаев атындагы ипподромдо өтүп жатат” деп жатса, Кыргызстан криминалдык идеологияны пропагандалап калабыз жана бул президенттин саясатына каршы келет”.

Текебаев Женго деген каймана атты алып жүргөн кримчөйрө өкүлү Кадырбек Досоновдун эркиндикте жүрүшүн сынга алган. Прокуратура өкүлү оор кылмышка шектелип кармалган Женгону соттор актап жибергенин айткандан кийин: "Сиздер судьяларга чара көрүшүңүздөр керек. ММКлар мактап, Манаска теңеп мактаган материалдар чыгып жатат. Алар менен байланышы болсо, гезит редакторун кошуп түрмөгө отургузушубуз керек. Ташиевди чыгарып жиберген сот кандай абалга туш болду эле? Үйүнө чейин кубалап барып, эмне кылды билбейм. Ташиевди актабайм, бирок Ташиев Женгодон коркунучтуубу? Андай кылмышкерлерди сыртта калтырбаш керек”,- деди Текебаев. Айтор, байма-бай ушундай олуттуу билдирүүлөрдү жасады. 

Айрым серепчилер Алтынбек Арзымбаевдин атылып өлтүрүлүшүн "кримчөйрөдөн Өмүрбек Текебаевге эскертүү болушу мүмкүн" деп жоромолдошууда. Кылмыштын "Ата Мекендин" лидеринин жогоркудай билдирүүлөрүнөн көп өтпөй болуп жатканы ушундай ойго жетелейт. Текебаев буга чейинки билдирүүлөрүндө Арзымбаевди мурдатан тааныбастыгын, кылмыштуу иштери билингенден кийин партиянын сунушу менен мандатынан ажыратылганын айткан.     

 

 

 

 

 


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(14)
27.08.2014. 20:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
30-08-2011
Соӊку аракети:
10-06-2017 12:08
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кантип тааныбай, эмне жумуш кылып жургонун билбей эле партияга алып алат? 2 жыл бою териштирбей журуп бир ай мурун билиниптир... Детский сад. Тойгузушту.
27.08.2014. 20:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
02-11-2011
Соӊку аракети:
05-03-2017 01:16
Жынысы:
Белгисиз
-9
красава текебаев
27.08.2014. 20:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
20-05-2013
Соӊку аракети:
02-09-2014 16:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
ким ишенди я!
27.08.2014. 20:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
10-04-2014
Соӊку аракети:
28-03-2015 04:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Сыноо майданы...
+12
Алдын ала менден корбосун деп жатканго бул Текебаев.
27.08.2014. 21:29 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
196
Катталган:
14-01-2014
Соӊку аракети:
13-03-2017 19:24
Жынысы:
Белгисиз
+3
Омуш байке андай жомогунуз тугандарынызга айтын жиндида алган адамын сураштырып алат
nargiz_96 түзөттү 27.08.2014 21:40
27.08.2014. 21:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
10-10-2012
Соӊку аракети:
01-04-2015 16:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+7
Бул макаладан кийин негедир мурдума калптын жыты келип атат
27.08.2014. 23:18 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
30-08-2013
Соӊку аракети:
29-01-2018 01:03
Жынысы:
Белгисиз
-1
кара колдуктор ыйлагыла силердин баланар каза болду бир уулунардан ажырадынар жайын жаннаттан болсун
29.08.2014. 20:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
281
Катталган:
19-10-2013
Соӊку аракети:
12-09-2018 09:38
Жынысы:
Белгисиз
0
priora1982, Prichem tut kara kolduktor? jatkan jeri jailuu bolsun:(
28.08.2014. 01:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
10-03-2019 16:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Ыйладык кара колдуктор....кайран жаш жигит....кара колдун курттап бараткандарын ордуна коюп тарбиялап турчу эле((((
28.08.2014. 01:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
16-04-2013
Соӊку аракети:
15-01-2020 03:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ыйык" Кааба "Медине.
+2
Жаткан жери жайлуу болсун
28.08.2014. 02:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
01-09-2017 22:58
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тантышып калпты каратып туруп айтып жакшыраак иштегендерин олтуруп камап,озунор менен озунор ойноп жата бергиле ошо желпийген жети кабат ак уйунордо,элди унутуп коюп тажик менен озбектер бири бутсо бири чек арадан аттап кирип оздору каалаган нерсесин кылып жатышатго,ушинтип журсонор силердей эл башчыларды уруп да ойнобойт эч ким!!!ээ койчу ушуларга айтылган кайран гана создор...Жаткан жери жайлуу болсун дештен башка арга жок мекендешибиздин Аллах амал китебин он жагынан берген болсун.
28.08.2014. 09:38 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8471
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
24-01-2020 18:25
Жынысы:
Белгисиз
-2
doni89 - 3 күнгө БАН!
Далили жок маалымат жазып, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга жол берилбейт.
Tahminam - 3 күнгө БАН!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактап, кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
28.08.2014. 19:26 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
10-01-2014
Соӊку аракети:
24-09-2014 23:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Өмөн аке,Рыспектин ЖКдагы инисин Батукаев атып кетелекте ОПГнын иниси парламентте отурат, бул мыйзамга сыйбайт деп эминеге өкүрүп чыкпадың? ЖИН атылып кетсе, бул криминалдык чөйрөдөгү разборкалар болушу ыктымал, же сизге эскертүү берилчүдөй, сиз ОПГ мүчөсүзбү? Жин,депутат болордон мурун күч структурасынын элегинен кантип өтүп кеткен же баарын акча чечкенби...
29.08.2014. 17:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
09-05-2013
Соӊку аракети:
12-02-2019 14:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
Текеаев шайлоо алдында абдан катуу убада берди эле ОПГ ны жок кылабыз , ОПГ оздору эле туш тарапка качып жоголот деп, азыркы убакта баары тескерисинче качып кеткен ОПГлар кыргызстанга чогулуп понтторун кучото баштады.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: