реклама
super.kg logo
  Саясат  

Адвокат: "Аскар Акаев Орусиянын жетекчилигинин кеңеши менен Кыргызстанга келген жок"

 
Адвокат Икрамидин Айткулов 6-августта "Фейсбуктагы" баракчасына Аскар Акаев Орусиянын жетекчилигинин кеңеши менен Кыргызстанга келбей калганын жазып чыкты.

"Аскар Акаевич аэропортко келгенде Орусия Федерациясынын жетекчилигинен телефон чалышып, коопсуздук боюнча кепилдик болбогонун айтып, барбай туруу боюнча кеңеш беришти. Бишкектеги уюштуруу комитети агасынын жерге берүү тажиясынан кийин экс-президентти кармап кетишери даярдалып жатканын, андыктан келбей эле коюуну айткан. Аскар Акаевге агасы менен коштошконго мүмкүнчүлүк беришкен жок. Бул адамдык сапаттын бардык чегинен чыккандык. Бийликтин бул аракети жерге берүү зыйнатын мазактагандык менен барабар",- дейт Айткулов.

Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаевдин бир тууган агасы Болот Акаев 81 жашында каза болду. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлуп, акыркы сапарга узатуу зыйнатына Орусиядан Аскар Акаевдин уулу Илим Акаев келген. Илим атасы тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан. Ал эми туугандары Аскар Акаевдин коопсуздук маселесинен улам агасынын тажиясына келе албаганын айтышкан. Коомчулукта "Акаевдин келбей калышына башкы прокурор Аида Салянованын "Аскар Акаев Кыргызстанга келсе, айрым кылмыш иштери боюнча көрсөтмө берет" деп айтканы себеп болгон" деген пикирлер айтылууда.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(14)
06.08.2014. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
203
Катталган:
14-04-2014
Соӊку аракети:
09-04-2020 22:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош-Москва
+6
Оа келбей койо турсун,түшүнбөстүк болуп кетиши мүмкүн.
06.08.2014. 11:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
02-02-2013
Соӊку аракети:
08-11-2017 09:58
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эхх, мындай тагдырды душманына да каалабай кетесин.Неужели тууганына топурак салдыртпай коюштубу кыргыз бийлиги?!Бул киши жумшак болгон учун жанындагы чоолору жара тартышты да.Балким бул киши бийликте турганда кыргыздардын жашоосу бир нукка тушот беле...
06.08.2014. 11:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
208
Катталган:
27-07-2013
Соӊку аракети:
20-09-2014 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акаев куноолуу эмес,Акаевдин чойросу жана аялы менен баласы куноолуу.Акаевдин жумшактыгынан пайдалашышты,тегерегиндеги адамдар "баары окей" деп отчет бере беришкен,а Акаев озуно ишенгендей "баары окей" экен деп журо берген.Ото окунучтуу туулган жерине келе албаган.
06.08.2014. 22:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
10-04-2014
Соӊку аракети:
07-09-2019 20:47
Жынысы:
Белгисиз
-2
LISICHKA, эмнеге ушул жомокко баары ишене берет тан каламын, акыл калчаса баары ор-ордуна тушот го, олкодогу бут былык иштер Акаевдин корсотмосу, макулдугу менен болсо да куноону анын айланасына, аялы-уулуна туртуп коюшат. Анда Союздан калган завод-фабрика, ферма, мал сарайлардын талкаланып-таланышына, Кумтордун келиши, Исанов менен Осмонов ж.б. олумуно да анын аялы, уул-кызы куноолуудур балким. Кимде ким Акаевди аппак десе козу картинаны бутун коро албаган кыска ойлуу же анын кошоматчысы
06.08.2014. 11:35 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
05-02-2014
Соӊку аракети:
21-09-2016 12:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Эх боорум ооруду жакшы инсан омурунузду берсин.
06.08.2014. 12:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
371
Катталган:
27-04-2013
Соӊку аракети:
10-04-2020 16:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракол
+3
бул адамды канчалык жек коруп турсам да, агасын акыркы сапарга узатууга келе албай калганына абдан ичим ачышты.
06.08.2014. 21:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
16-01-2020 00:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва-каракол
0
УЯт эле болду Акаев! Оз жерине кире албай оз бир тууганына топурак сала албай калгандан откон тируулой кордук жокго. Тээээ Беларусияда жургон адамда ушул кадамды басып ототгоо... Оз баштары менен кетсин))))
06.08.2014. 14:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
16-12-2013
Соӊку аракети:
10-04-2020 00:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+3
Салянова ушунчалык кыйын иштеп жатыптыр, анда Акаев менен Бакиевди чет жактан кармап келип камабайбы, качан Кыргызстанга келет деп кутуп отурбай.
06.08.2014. 17:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
05-02-2014
Соӊку аракети:
21-09-2016 12:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Акаев сизге Бир сунушта Атамбаев деги эле ХХХ ХХХ ХХХ ошондо балким Кыргызстан онолоор.
Модератор admin_portal түзөттү 06.08.2014 17:18
06.08.2014. 17:18 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
891
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
10-04-2020 16:10
Жынысы:
Белгисиз
0
aziko88 - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
06.08.2014. 22:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
10-04-2014
Соӊку аракети:
07-09-2019 20:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев, Бакиев, Апаз Жумагулов, Чынгышев, Брос Силаев, Муралиев, Керимкулов, Кубанычбек Жумалиев, Танаев, Османакунов, Тагаев, Карыпбеков, Чудинов, Кулов, Бекназаров, Алтай Борубаев, Бабанов, Сатыбалдиев, Сарпашов, Ж.Оторбаев, Отунбаева, Бакиев, Атамбаев, Суталинов, Дастан Сарыгулов, Данияр Усенов ж.б. ж.б. бул адамдар тааныш угулуп жатабы аттары?!! Ушул адамдар 23-жылдык тарыхыбызда олокону чуко калчагандай калчап башкарып келишкен кыргызды тентитип, булардын баарынын орду турмо болушу керек!!!
07.08.2014. 13:59 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
534
Катталган:
26-01-2013
Соӊку аракети:
06-03-2019 22:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ак монгулуу Ала-тоо
+2
Мындай нерсе эч кимдин башына тушпосунго, бирок ак уйду айланып отуп, самалетко тушо качканда аркасына бир кылчайып койсо болмок. Келээр жери кыргызстан экенго. Тим эле, качып кетсем телегейим тегиз болуп жыргап жашайм дегенда, бир пенде экенин унутуп! Али коп оксуйт, чан жыттанган туулган жери коздон учуп.
07.08.2014. 16:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
27-04-2013
Соӊку аракети:
13-09-2014 02:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg.lady, созуно кошулам,чынын эле айтыпсын. айтатго ат айланып казыгын табат деп.
07.08.2014. 17:32 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
21-03-2014
Соӊку аракети:
06-10-2014 09:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
корея
0
Буга чейин билинчи эмес эле.ушул окуядан кийин бийликти жек коруп калдым.президент тарыхты билиши шарт.а аша брат бийликти жон гана басып алган.сабаты жок адам.Тарыхты карасанар.кайсы бир айылда,кишини жерге берип жатса ошол айылга душманы дагы кол салган эмес.азыркы бийликтен бироо бир жакшылык умуттонуп жатса ошол билимсиз экен депкойдум.Бул менин жеке оюм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
141001;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: