реклама
super.kg logo

Бишкектеги Ч.Базарбаев атындагы Көркөм хореографиялык училищесинин окутуучусу Аида Ахмадалиева 4 күндөн бери ачкачылык жарыялоодо

 
Аденов Мерис, окуу жайдын окутуучусу.
4 күндөн бери ачкачылык жарыялап жаткан окутуучу Аида Ахмадалиева.
Бий классындагы күзгүлөрдүн көрүнүшү.
Бий классынын көрүнүшү.
Директордун орун басары Шаршеналиева Жылдыз.
Окуу жайдын кийинип-чечинүүчү жайы.
Окуу жайдын кийинип-чечинүүчү жайынын полу.

Чолпонбек Базарбаев атындагы Көркөм хореографиялык училищесинин окутуучусу, КРнын Эмгек сиңирген артисти Аида Ахмадалиева 23-майдан бери ачкачылык жарыялоодо. Бүгүн, 26-майда аталган окуу жайга баш бакканыбызда ачкачылык жарыялап жаткан окутуучу тамчылатма дары алып жаткан экен. 4 күндөн бери оозуна наар албай, суу гана ичип жаткан окутуучу мындай кадамга барышына эмне себеп болгонун төмөнкүдөй түшүндүрдү.

Аида Ахмадалиева, окутуучу: "Ачкачылыкты бул жерде окуп жаткан балдардын келечеги үчүн жарыялап жатам"

- Мага эмне азап дейсиңер, ачкачылыкка барып? Мени деле үйдө эки балам, ата-энем күтүп отурат. Мен ачкачылыкка өзүм үчүн эмес, бул окуу жайда окуп, тарбияланып жаткан балдардын келечеги үчүн барып жатам. Түшүнүктүү болсун үчүн башынан баштайын. Былтыр Казакстанга эл аралык сынакка 6 окутуучу балдарды алып бардык. Кетип жатканыбызда директорго кирип акча каражатын бөлүп берүүсүн сурандык. Бирок эч кандай акча бөлүнгөн жок, бардыгын өз чөнтөгүбүздөн каржылап барып, ийгилик жаратып келдик. Негизи, окуу жай тарабынан каражат бөлүнүшү керек болчу. Ал жактан келсек, сааттарыбызды кыскартып салыптыр. Чогулуш кылып жатып бул маселебизди чечкенбиз. 

Өзүңүздөр аралап көрүп чыгыңыздар, окуу жайга акыркы жолу мындан 3 жыл мурун үстүртөн гана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Полдор сынган, терезелер жакшы жабылбайт, душтар иштебейт. Окуу жай бий класстарын ижарага берет. Түшкөн каражатты ачыкка чыгарсын. Ошол акчаларды чогултуп, оңдоп-түзөө иштерин жасасак жакшы болбойт беле?! 

Чогулуш кылып, окуу жайдын директору Саида Кудайбердиевага бул тууралуу айтсак, "өз ишиңерди билгиле, мен силерге отчёт бербейм" деген жооп узатты. 

Бул жагдай боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кат жолдогонбуз. Комиссия текшерип келди. 6 адам келмек, үчөө эле келди. Текшерип көрүп, "эч кандай катачылык жок, биз текшерип бүттүк" деп кетип калышты. Менин ачкачылык жарыялаганымды угуп, кайра комиссия түзүшүптүр. Учурда ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бүгүн Камила Талиева менен да сүйлөштүм. Ал мени аял катары тынчтандырууга аракет кылды. Мына, ачкачылык жарыялаганыма 4 күн болду. Бирок директор дагы да болсо эч кандай чара көрө элек. Окуу жайда кризис тереңдеп бара жатат. Эгер директор бул маселелерди чечпесе, менин катарыма башка мугалимдер да кошулушу толук мүмкүн.

Мерис Аденов, окутуучу: "Окуу жайдын бий класстарына 35 жылдан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө элек"

- Мен өзүм ушул окуу жайды аяктагам. Ачыгын эле атайын, бий класстарына 35 жылдан бери оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө элек. Япон спортунун түрү менен машыккан балдарга бий класстарын ижарага беребиз. Алар полду айна менен жуушат экен. Пол жылмакай болуп калат. Биздин окуучулар сабак учурунда тайгаланып жыгылса эмне болот? Класстарга линолеум төшөш керек. Учурда дүйнөлүк театрларда деле линолеум төшөлүүдө. Орусиянын балеринасы Анастасия Волочкова "мындай полдо бийлебейм" дегенден кийин биздин опера-балет театрыбыз деле линолеум төшөдү. Күзгүлөрдү карагыла, жарака кеткен. Кудай сактасын деңизчи, бирок сабак учурунда бирөө жарымдын башына түшүп кетсе ким жооп берет? Албетте, биринчи кезекте биз, окутуучулар жооп беребиз. Кийим салгыч шкафтарыбыз болсо жоокерлердикиндей. 

Мен окуп жүргөндө, калп айтпасам, окуу жайда 4 душ иштеп турчу. Азыр анын бири да жок, жабык турат эшиктери. Окуучулар тердеген боюнча чыгып кетишет. 

"Таяктын эки учу болот" демекчи, окуу жайдын директору Саида Кудайбердиеванын оюн угууну да эп көрдүк. Бирок кабинетине баш бакканыбызда ал "эч кандай комментарий бере албайм" деп сүйлөп берүүдөн баш тартты. Анткен менен директордун орун басары өз оюн билдирди.

Жылдыз Шаршеналиева, директордун орун басары: "Бул окуу жылын жыйынтыктап алып, өз алдыбызча чечишсек жакшы болмок"

- Директорубуз Саида Кудайбердиеванын бул орунга келгенине 4 жыл болду. Бул аралыкта окуу жайдын атынан 3 эл аралык сынак өткөрдүк. Буга да акча каражаты кетти. Негизи, кандай маселе жаралбасын, баары акча маселесине барып такалат да. 

Директорубуз жакшы иштеп жатат. Аны мугалимдер жамааты өзүбүз дасыккан менеджер деп шайлаганбыз. Эми 35 жылдан берки келе жаткан маселе 4 жылда чечиле коймок беле? Башка бирөө келсе деле аз убакыттын ичинде кыйратып жибербейт. Бир нерсени аткаруу үчүн убакыт керек. Убакыт берүү керек.

Учурда окуучулар экзамен тапшырышууда. Аларга тоскоол болбой, бул окуу жылын жыйынтыктап, өз алдыбызча чечишсек жакшы болмок. Бардык мугалимдерди ошого чакырып кетер элем.



5 күндөн бери ачкачылык жарыялаган мугалим

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(13)
26.05.2014. 20:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
356
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
12-04-2018 07:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Venera
+2
Жоопкерчисиздик
26.05.2014. 20:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
06-04-2020 14:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
+2
Директордун комментарий беруудон баш тартышы тушунуктуу эле го..!
26.05.2014. 20:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
168
Катталган:
13-12-2011
Соӊку аракети:
25-03-2020 23:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Οω- Μοsκβα
+1
Ушу эле аз эле озу.
26.05.2014. 22:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
30-09-2013
Соӊку аракети:
07-03-2017 18:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жакшы адамдардын арасында...
+2
Эркек киши табылбаптырбы нысаптуураак.
27.05.2014. 01:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
30-05-2013
Соӊку аракети:
08-10-2019 16:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
менимче сиздин ачка калганыныз директорунуздарды кызыктырбаса керек.Ачкачылык жарыялоону коюп озунузду ден соолугунузду караныз.алар ушул убака чейин элге студенттерге куйбогон сизге ЖИЗНь куйбойт болсо кере Аман болунуз.
27.05.2014. 02:30 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
09-12-2013
Соӊку аракети:
10-12-2014 00:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
mery.89, туура айтасын эми бир гана жолу бар атайын комиссия тузулуп окуу жайды текшериш керек озгочо директорунузду суракка алыш керек супер инфо гезитинин кабарчылары директордун озунон интервью албайсынарбы анан да ал кандай уйдо жашайт мумкун уйунун да полу ушундай акыбалдадыр.комиссия тузулушу керек.канткен кундо да жемейдин кусмайы бар........
27.05.2014. 07:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
417
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
21-08-2017 17:50
Жынысы:
Белгисиз
+2
Директордун бул жоругу жеке эле бул училище эмес жалпы эле маданиятка,кыргыздын келечегине болгон кайдыгерлиги.Мына ушундай жетекчилердин айынан мамалекетибизде озгоруу болбой атат десек болот.
27.05.2014. 09:28 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
21-03-2014
Соӊку аракети:
06-10-2014 09:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
корея
+2
Менин карындашым окуйт бул жерде.чынында ичине кирсен баары эски.такыр каралбай калган.билишиме караганда бишкектеги эн кымбат окуу жайлардын бири болуп саналат.ошончо акчаны балдпрдан чогултуп алып эмне кылат тушунбойсун.мен карындашымды бийчи болсун деп ошол жака бергембиз.анан казакстанга анча деле акча кетпейтко.болуп берсе болмок экен.Лондонго чейин барып жатышатко
Super TV
27.05.2014. 14:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
146
Катталган:
31-12-2013
Соӊку аракети:
01-10-2016 02:22
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде да жеп ичип олуп атышат да. Ак болсо жакшынакай жооп берет еле коркок билиши бар да. Орун басары албетте шефтин созун суйлойт.
Super TV
27.05.2014. 19:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
09-02-2019 19:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
башчынын арыгын тазалайт да жардамчы да.чындык жок,куносу жок болсо коментарий бергенден качпайт болчу башчысы да.демек иштелген ал тыйындар.министр культурадан келгенде деле аларга чай берет узатат бизде азыр.аябай окунучтуу.
Super TV
28.05.2014. 12:02 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
20-12-2013
Соӊку аракети:
22-01-2015 21:39
Жынысы:
Белгисиз
0
30 жылда чесилбеген проблемалар, бир кундо чечилет . болгону каалоо керек. жеп жатсан кантип чечилет.
Super TV
28.05.2014. 16:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-09-2013
Соӊку аракети:
26-07-2014 19:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба бул толугу менен коррупция ото окунучтуу уголовный статья ачыш керек
Super TV
29.05.2014. 23:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
08-05-2014
Соӊку аракети:
10-12-2018 18:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча суйлосо тили тешилип калабы блин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: