super.kg logo

Кыргызстанда Медайымдардын эл аралык күнү белгиленет

 

Кыргызстанда 12-май күнү Медайымдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Саламаттыкты сактоо тармагында медайымдардын кылган кызматы зор. Өз ишин мыкты билген адистердин жергиликтүү калкка кылган кызматы аркылуу ден соолуктарын чыңдоодо жана ооруларын алдын алууда салымы чоң. Азыркы күндө медайымдар бейтаптардын жардамчысы гана эмес, аларга окутуучу катары да иш алып келүүдө. Ал эми алыскы аймактарды алсак, саламаттыкты сактоо боюнча калкка медициналык жардамды бир гана медайымдар көрсөтүшүүдө”,- деп белгилейт басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 1-январына карата республика боюнча медициналык жаатта орто билимдүү 31,928 адис эмгектенет. Ал эми 2012-жылы алардын саны 31,081 адамды түзгөн. 
Медайымдардын күнү 141 өлкөнүн медайымдары кесиптик коомдук уюм болгон Эл аралык медайымдар кеңешине бириккенден бери белгиленип келет. Аталган майрамдын калыптанганына 150 жылдан ашканына карабастан, аны 12-майда белгилөө 1974-жылы расмий чечим менен бекемделген.  


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.05.2014. 14:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
03-03-2014
Соӊку аракети:
15-07-2014 22:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу ак халатчандар келе жаткан майрамыныныздар менен!!!
09.05.2014. 06:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
01-12-2009
Соӊку аракети:
03-12-2019 07:09
Жынысы:
Белгисиз
0
suyuktuu apamdi kele jatkan mayrami mn kuttuktaym!!! janinizda bolo albasam da ar dayim emgeginizdi baalaym!!! chindiginda ayil jerlerdegi FAPtarda iwtegen med ayimdarinin kee bir vrachtardan koburook jardami tiyet karapayim kalkka.emgekterinizdin uzurlorun korunuzdor!!!
09.05.2014. 08:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
22-10-2013
Соӊку аракети:
01-04-2017 01:15
Жынысы:
Белгисиз
0
кымбатту медайымдар келе жаткан майрамыныздар менен +туулган кунум менен!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: