реклама
super.kg logo

Таттыбүбү Турсунбаева, Бактыгүл Бадыева, Омар, Майк Тайсондун сүрөтүн 3D форматында тарткан жаш сүрөтчү

 
25 жаштагы Медер сүрөт тартууга олуттуу түрдө киришип, көп убактысын ага арнап келет.
Ак кагазга тартылган кобранын сүрөтүнүн баш жагы атайын кесилип, кудум туруп тургандай абалга келтирилген.
Гүлнур Сатылганованын сүрөтү.
Медер атактуулардын сүрөтүн тартууну залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дал ушул сүрөтүн тартуудан баштаган.
Таттыбүбү Турсунбаева.
Белгилүү сүрөтчү, киноактёр Сүймөнкул Чокморов. Кишилердин бетине бырыш түшкөн сүрөтүн тартуу кыйыныраак экенин айтат Медер. Бирок көп эмгекти талап кылганы менен, сүрөт түшүрүлгөндөн кийин көбүрөөк бааланат.
Эрнест Абдыжапаровдун портрети.
Медер белгилүү спортчу Раатбек Санатбаевдин көпчүлүккө белгилүү сүрөтүн кагазга дал ушундай түшүргөн.
Ырчы Мирбек Атабековдун А4 форматына түшүрүлгөн сүрөтү.
3D форматындагы сүрөт. Сүрөткө жакшы көз салып карса, Нурбек Савитахуновдун гитарасы бери карай чыгып тургандай таасир калтырат.
3D форматында тартылган сүрөт кескенге да, көргөнгө да ылайыктуу. Бул жерде ырчы Омар кармап турган велосипед алдыга чыгып тургандай көрүнөт.
Бактыгүл Бадыеванын сүрөтү да Медердин сүрөт топтогон атайын файлында орун алган.
Медер сүрөт тартууну алгач кишинин бет түзүлүшүн тууралоо менен баштайт. Андан соң кашын, кабагын тартып чыгат. Сүрөттө америкалык актёр Уилл Смит.
Испаниялык актёр Марио Касас. А4 форматындагы бул сүрөттү тартууга болжол менен 4 саат убакыт кетет.
"Троя" тасмасынын башкы каарманы Ахиллес.
АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди.
"Өчүргүч, сызгыч колдонбойм" деген жигит Жек Таранчынын ролундагы Жонни Деппти татаалдыгына карабай мыкты деңгээлде тартып чыккан.
Атактуулардын катарын дүйнөлүк спорттун өкүлдөрү да толуктайт. Майк Тайсон.
Белгилүү бразилиялык футболчу Роналдиньо.
Медер мадриддик "Реал" футболдук клубунун күйөрманы. "Реалдын" бүгүнкү күндөгү лидери Криштиану Роналдунун сүрөтүн ошол себептүү тартып калган.

Кагаз менен калемди эрмек кылып, көп убактысын сүрөт тартуу менен өткөргөн жаш, таланттуу сүрөтчүнүн дүйнөсү менен таанышып кайттык. Чыгармачылыгынын эркин өнүгүүсү жана сүрөт тартып берүү сунушу менен кайрылгандардын талабын орундатуу үчүн өзүнчө бөлүнүп, батирде жалгыз жашайт. Батиринде 300дөн ашык сүрөт бар.   

“АТАКТУУЛАРДЫН СҮРӨТҮН ТАРТУУ ЖЕҢИЛ” 

Медер бул өнөргө 3 жашынан тарта кызыгып, автоунаалардын сүрөттөрүн тарта баштаган. Медердин эмгектеринин көбү атактуулардын сүрөттөрүнөн турат. “Алгач Чыңгыз Айтматовдун портретин тарттым. Андан кийин атактуулардын сүрөтүн тартууга өттүм” дейт бул тууралуу. Чынында, анын сүрөттөрүнүн катарынан кыргыздын залкар инсандарынан тарта бүгүнкү күндөгү эстрада ырчыларына чейин, дүйнөгө аты чыккан актёрлордон спортчуларга чейин табууга болот. “Атактуулардын сүрөтүн тартып калганым, алардын бет түзүлүшү көбүрөөк белгилүү жана тартууга ыңгайлуу” дейт.  

“3D ФОРМАТЫНДА ТАРТЫЛГАН СҮРӨТТӨР ӨЗҮМӨ ЖАГАТ”

Каарманыбыздын үйүндө 300дөн ашык сүрөт бар. Алар А4 жана А3 форматындагы барактарга 3D өзгөчөлүгү менен түшүрүлгөн. Мисалы, моюну ийилип тургандай таасир калтырган кобранын сүрөтүндө, гитара чертип жаткан Нурбек Савитахуновдун, Омардын велосипед таянып турган сүрөттөрүндө бул өзгөчөлүк ачык байкалат. “Өзүмө 3D форматында тарткан жагат. Азыр социалдык тармактарда менин өнөрүмдү көрүп, кеңеш сурагандар болуп жатат. Кыскасы, бул өнөргө кызыккандан көбөйүүүдө” деген оюн айтат сүрөтчү.

1 ЖАКШЫ СҮРӨТКӨ 10 СААТ САРПТАЙТ 

Аформатындагы кагазга түшүрүлгөн жакшы бир сүрөткө Медер 10 сааттан ашык убакыт сарптайт. Айрым учурда түнү менен сүрөт тартып, таң атканда уйкуга кирет. Анын айтымында, Омардын "Супер-Инфо" гезитине велосипед кармаган образда чыккан сүрөтүн көрүп, түнкү саат бирге чукул тартып баштаган. Велосипедди чыгып тургандай кылып тартса болоруна көзү жеткенде эртең мененки онго чейин тартып бүтүргөн. Ал эми А4 форматындагы барактарга түшүрүлгөн сүрөттөр деле 4 сааттын тегерегиндеги убакытты талап кылат. Анын өзгөчөлүгү, боёк колдонбойт. Кагаз жана калем болсо жетиштүү. “Сүрөтчү сызгыч, өчүргүч колдонбош керек” деп эсептейт.



Атактуулардын портретин 3D форматында тарткан жаш сүрөтчү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(82)
18.04.2014. 11:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
217
Катталган:
25-11-2013
Соӊку аракети:
26-06-2016 08:36
Жынысы:
Белгисиз
0
талантын ташкындап, ийгиликтер жарат бер, азаматсын!!
18.04.2014. 12:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
309
Катталган:
15-04-2014
Соӊку аракети:
31-01-2020 16:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Сага албан албан ийгилик! Талантына таазим!
18.04.2014. 13:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
16-08-2011
Соӊку аракети:
15-09-2019 21:46
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат талантына таазим !
Super TV
18.04.2014. 13:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
08-03-2014
Соӊку аракети:
05-02-2018 01:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош жергеси
+1
Соз жок
Super TV
18.04.2014. 13:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
704
Катталган:
30-04-2013
Соӊку аракети:
31-01-2020 00:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kyrgyz Syimygy
18.04.2014. 14:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
12-12-2013
Соӊку аракети:
30-06-2014 20:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз.Мындан ары талантынызды оркундото бериниз.Аябай жакты.
18.04.2014. 14:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
18-12-2013
Соӊку аракети:
18-12-2016 11:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ништяк 5!
18.04.2014. 15:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
07-06-2014 19:25
Жынысы:
Белгисиз
+2
эн сонун коруп аябай тан калдым кобранын башы кандай тартылган тушунбодум
Super TV
18.04.2014. 16:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
08-03-2013
Соӊку аракети:
15-09-2014 08:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Super Kyrgyzbai baikenin atkaruusundagy iz kaltyr bul duinodo degen yrdy kochurup koisonuzdar rahmat
18.04.2014. 19:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
08-01-2014
Соӊку аракети:
05-01-2018 12:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!
18.04.2014. 19:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
242
Катталган:
25-02-2013
Соӊку аракети:
20-01-2020 20:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кереметтүү жерде.
-7
Ваааще сонун! Талантың ташкындай берсин! Папам дагы сүрөтчү, сурап көрүү керек экен 3D да тарта аласыңбы деп. Ойго келбептир...
Super TV
18.04.2014. 19:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
27-01-2014
Соӊку аракети:
15-03-2020 14:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сурот бул ен жакшы чыгармачылык талантда,убакытты менетти кылдаттыкты талап кылган таска иш,мындай менетти мактабай койуга болбойт тугандар,Медер сага ийгилик.
Super TV
18.04.2014. 19:24 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
09-10-2013
Соӊку аракети:
20-09-2015 23:18
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодец. соз жок талантына таазим оркундой бер.
Super TV
18.04.2014. 20:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
21-05-2013
Соӊку аракети:
05-11-2015 18:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Мэдер баракелде мен кааларым сага колун катпашын емгектин арманын и калеминдин чийип еле турушун каалай буйруса атактуу суротчулордун биринен син ишАллах
18.04.2014. 22:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
12-04-2018 07:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Venera
0
Супер !!!
18.04.2014. 22:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
14-03-2014
Соӊку аракети:
15-09-2015 18:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodes
Super TV
19.04.2014. 13:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
20-10-2012
Соӊку аракети:
07-01-2019 23:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва шаары
+2
ийгилик
Super TV
19.04.2014. 13:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
17-04-2014
Соӊку аракети:
26-04-2016 14:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баракелде талантынызга. Дагы да ийгиликтер коштоп кыргызымдын атын алыстарга таанытып журо бериниз.
20.04.2014. 01:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
295
Катталган:
04-01-2014
Соӊку аракети:
24-03-2020 23:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
азыркы убакта Москва шаарында жашайм
+1
Ушундай таланттуу балдарды колдоо керек, кыргыздын атын дуйного тааныта турган бала экен, чыныгы талант бериптир кудай.Талантын осо берсин, коз тийбесин азамат
Super TV
20.04.2014. 16:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
29-11-2012
Соӊку аракети:
18-06-2019 21:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+2
Молодец.Талантын оркундой берсин.
Super TV
20.04.2014. 20:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
08-04-2014
Соӊку аракети:
01-02-2018 00:31
Жынысы:
Белгисиз
+2
мынча соооонун байке)))
Super TV
20.04.2014. 21:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
122
Катталган:
29-12-2013
Соӊку аракети:
08-07-2014 12:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы талант экен кудайым озу колдосун.Ийгилик сизге эн сонууууууууун!
Super TV
20.04.2014. 21:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
122
Катталган:
29-12-2013
Соӊку аракети:
08-07-2014 12:06
Жынысы:
Белгисиз
+1
Класс!+5555555555555555555!
Super TV
21.04.2014. 09:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
21-11-2011
Соӊку аракети:
14-08-2018 09:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
соз жок, оозумду ачып калдым
Super TV
21.04.2014. 15:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
11-03-2014
Соӊку аракети:
30-11-2018 19:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
soz jok keremet
Super TV
21.04.2014. 23:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
08-06-2012
Соӊку аракети:
16-06-2016 01:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Булда болсо талант да ийгилик дуйного таанылат деген умуттомун
Super TV
22.04.2014. 19:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
16-01-2020 00:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва-каракол
+1
Талант деп ушуну айтса болот! Молодчик!
Super TV
24.04.2014. 11:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
28-03-2013
Соӊку аракети:
17-05-2016 02:55
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул баланын суроторун одноклассник сайтынын коргонмун ошондо эле баа берген элем аазамат
Super TV
04.06.2014. 18:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
11-01-2012
Соӊку аракети:
04-06-2014 19:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Медер! Аябай таланттуу экенсин! Дуйного аты чыккан суротчулордун катарында бол!
Super TV
12.01.2015. 00:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
28-08-2013
Соӊку аракети:
19-01-2015 16:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Соз жок...абдан жакты...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140096;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: