реклама
super.kg logo

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ассоциациясы министрлик менен социалдык турак жай маселесин талкуулады

 

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ассоциациясы жашоо шарттарын жакшыртуу максатында тиешелүү министрлик жана ЖКнын Адам укуктары боюнча комитети менен жолугушту. 

Жолугушууда мамлекеттик органдар былтыркы жылдан бери жасалган иш-аракеттери жөнүндө отчёт тапшырышты. Жеткиликтүү социалдык турак жайлар, дары-дармекке болгон кымбат баалар, таяныч-кыймылдатуучу аппаратынан жабыркаган балдарга мектеп-интернаттарынын санын көбөйтүү маселеси талкууланды.

Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, көп маселелердин чечими аталган министрликтин демилгеси менен ишке ашып жаткан социалдык-медициналык экспертизада камтылган. Негизги максат - аларга билим берүү, жумушка орноштуруу, ошондой эле жашоо шарттарын жакшыртуу жана транспортто жүрүүсүн жеңилдетүү. Бул тууралуу 26-мартта министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.     



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140467;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: