реклама
super.kg logo

Венесуэладагы массалык баш аламандыкта кош бойлуу аялга ок тийип, каза тапты

 
Венесуэланын Гуайкайпуро шаарчасында өткөн массалык баш аламандыкта 25 жаштагы кош бойлуу аялга ок тийип, каза тапты. Маалыматка ылайык, 5 айлык боюнда бар айым ооруканага бара жаткан. Ал митингчилердин айынан токтоп турган автобустан түшүп, жөө барууга аракет кылган. Ошол учурда ага ок тийген. Азыркы тапта полиция кызматкерлери мерт болгон айымдын өлүмү боюнча тергөө амалдарын жүргүзүшүүдө. 
Венесуэладагы баш аламандыкта каза болондордун саны 36га жетти. 22-мартта 26 жаштагы активисттердин бири Архенис Эрнандести мотоцикл сүзүп көз жумду. Мотоциклдин айдоочусу митингчилер орноткон баррикададан өтүп жатканда митингдин катышуучусун сүзүп кеткен.
Ошондой эле Мерида шаарында белгисиз адамдар тарабынан Хесус Орландо Лабрадор өлтүрүлгөн. Айрым маалыматтарда "атып кеткен адамдар өкмөттүн жактоочулары" деген божомолдор айтылган. 
Мындан сырткары 21-марттагы кагылышууда 31 жаштагы автобустун айдоочусу атылган. Февраль айынын орто ченинде аталган өлкөнүн студенттери нааразылык акциясына чыгышкан. Акыркы маалыматтар боюнча, полиция менен митингчилердин кагылышуусунда көздөн жаш чыгарчу газ колдонулуп, таштар ыргытылууда. 20 миңге чукул адам катышкан кагылышууда 9га жакын адам камакка алынган. Бул тууралуу 25-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Эске салсак, Венесуэладагы массалык нааразылык акциялары 2014-жылы 4-февралда башталган. Алгач Тачира штатында өтүп, андан соң башка шаарларга жайылган нааразылык акциялары Меридага жана өлкөнүн борбору Каракас шаарына жеткен. Студенттер окуу жайларындагы коопсуздук тийиштүү деңгээлде эмес экенин айтып митингге чыгышкан. Кийинчерээк экономикалык каатчылыкка каршы акциялар башталып, митингчилер өлкөдөгү кырдаал боюнча бийлик өкүлдөрүн күнөөлөшкөн. Бир катар митингчилер күч органдары тарабынан камакка алынган.  

 



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.03.2014. 09:05 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
16-08-2008
Соӊку аракети:
23-01-2015 20:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Мына митингтин пайдасы!
26.03.2014. 11:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
300
Катталган:
11-10-2013
Соӊку аракети:
08-04-2020 22:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
0
ххх себе шаарча,ушунча кооз, чон шаарчабы?ажалы жеткен адамды чымын чагып олтурот деген ушу.
Модератор admin_superstan түзөттү 26.03.2014 11:40
26.03.2014. 11:41 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
30-03-2020 00:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
aslan_akjol89, көпчүлүккө таандык этика нормаларынан алыстабаңыз.
26.03.2014. 11:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
23-12-2013
Соӊку аракети:
26-07-2014 02:51
Жынысы:
Белгисиз
0
админ мен качанга чейин жаны катталган конок болом катталганыма жакында 4 ай болот ?
26.03.2014. 11:40 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
30-03-2020 00:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Aik95, катталаган соң 100 күндөн кийин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140906;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: