super.kg logo
  Саясат  

"Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты камакка алынган мурунку кесиптеши Бахияна Сатылганованын абалына тынчсыздануу менен моралдык колдоо көрсөтөт

 

 Оюн деп ойлоп от чыгарып алган, учурда камакка алынган журналист Бахияна Сатылганованын, ооруканада жаткан журналист Максат Орозумбетовдун жана спортчу Жанат Муратовдун тагдыры бизди абдан ойлондурат. Алардын тагдырына, абалына тынчсызданып, кабатыр болуп турабыз. 

Телеалпаруучу Н.Айтбековага байланыштуу окуяны жалпы коомчулукка ашыкча ирет эстетүүнүн кажети жок. Назира Айтбекова тууралуу “Супер-Инфо” гезити, ошол убакта иштеген кабарчысы Бахияна Сатылганова дагы позитивдүү макала, жаңылыктарды жазып келгени чындык. Бахияна Сатылганова телеалпаруучу менен жылуу мамилесинен улам аны жакын курбу катары эсептеп, тамашага салууда журналисттин этикалык чегин унутуп, сценарийден четтеп кетип, катуу чочутуп алганы тууралуу маалыматтар айтылып эле келди. Ооба, алар чектен чыгып кетишти. Аны моюнга алып, Бахияна Сатылганова менен Максат Орозумбетов маалымат жыйынын өткөрүп, расмий түрдө кечирим сурашкан. “Супер-Инфо” гезити да кабарчылардын атынан телеалпаруучудан расмий түрдө кечирим сурап, анын абалына түшүнүү менен мамиле кыларын билдирген эле. Бул күндөр аралыгында гезиттин эмгек жамааты, кызматтан бошотулган эки журналист, алардын жакындары, спортчу Жанат Муратовдун достору, жакындары биргеликте далай ирет Н.Айтбекова менен жолугуп, кечирим суроого аракет кылышты. Бирок телеалпаруучу аларды кабыл албады. “Кечирбеди” деп Н.Айтбекованы айыптоо максатыбыз жок. Албетте, мусулман баласы үчүн, дегеле адамзаты үчүн маанилүү болгон кечиримдүүлүк сапатты эске алып кечиреби же башкача чечимге келеби, ал телеалпаруучунун өз эркинде.

Бул окуяларга кайрылып жатканыбыздын жөнү бар. Атайы кара санатайлык менен жасабаган, оюн кылам деп от чыгарып алган окуя үчүн тергөө амалдары дээрлик аяктап, иш сотко ашарына аз калганда журналист Б.Сатылганова менен спортчу Ж.Муратов камакка алынды. Бахияна Сатылганованын эки жаштагы жаш баласы бар, учурда кош бойлуу. Алардын ар бири тергөөчү чакырган маалда келип көрсөтмө, сурак берип жатышты. Бир да ирет алардын айынан тергөө үзгүлтүккө учурабаптыр. Качып кетүүгө ниети бар адам алда качан эле из жашырмак. Аларга карата баш коргоо чарасын чектөөдө ушул жагдайлар эске алынбаптыр, сот тарабынан. Алардын абалы үчүн абдан тынчсызданабыз. Тилекке каршы, моралдык колдоодон башка көмөк көрсөтүүгө  аргабыз жок. Анткени иш мыйзам чегинде чечилиши керек. Бардык жагдайларды эске алуу менен сот адилет чечим чыгарат деген үмүттөбүз.

4 айлык боюнда бар Бахиянаны 2 жашар баласынан чырылдата ажыратып, кышкы суукта каматуу менен Назира Айтбекова жетишерлик деңгээлде өчүн алган чыгар? 


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(90)
25.12.2012. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
04-11-2011
Соӊку аракети:
14-11-2019 09:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт деп айтылат эмеспи. Адам баласы болгон сон ар бир адам жанылат. Журналисттер да катачылык кетирип алышкан. Аны эл алдында айтышып, Назирадан кечирим сурашкан эле. Кечирип койсо болмок. Кудай деле кечиримдуу пендесин суйот эмеспи. Бирде болбосо бирде Назира деле жанылышы мумкун. Азыр 5 муноттон кийин жашоо кандай нукка озгорот ким билет.
25.12.2012. 09:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
02-11-2010
Соӊку аракети:
17-04-2017 14:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
biskek
0
Назира менен Искендердин ашыкча пиары ай!! Оздорун укмуш сезип алышты го. Эч жакпай калды! Озу жарым жыланач болуп эле Супер-Инфого суротко тушуп жалажалактап журчуу эмес беле. Тамашага салып жатканда байкуш "секреттерин" ачып алган го, ошого куйполоктоп жатат. Боюнда бар аялды ойлосо дейсинер, ал кудайдан да коркпогон неме! Корксо бетин саландатып, ооруп олгону атам деп алдап эле "Козу ачыктарынан" алып барып журду го! Кудай урсун ошол жалжакени!!
25.12.2012. 10:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
17-05-2011
Соӊку аракети:
30-06-2018 10:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
0
Назираны айыптагандарга кошулам ал кызга соз жок эле озу мурдатан
mamatkerim түзөттү 25.12.2012 10:52
25.12.2012. 10:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
27-01-2012
Соӊку аракети:
22-08-2019 22:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-2
Журналист да чектен ашпаш керек болчу,Назирага го соз жок,асманда калкып учуп журот.Адилеттуулук,чындык женет деп ойлойм,ак ийилет,бирок сынбайт.
25.12.2012. 10:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
27-01-2012
Соӊку аракети:
22-08-2019 22:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Урматтуу Супер Инфонун эмгек жамааты,тамаша тор рубрикасын жаап эле койбойсунарбы.Тамашалай коем деп кесиптештеринердин тагдыры талкаланууда.Алардын жана уй-булосунун келечеги кандай болот.Сот адилеттуу болсун.Назира, бирде жигит тоо минет,бирде жигит жоо журот дейт.Кара пиарды токтот.Сен да энесин,эртен эле озундун башына келип калбасын,анткени сен да журналистсин,сага да каршы чыккандар болот.Баланын ар бир тамган коз жашынын кусуру сенин башына барып муш болот.Бироого оор казба,озун тушосун.
25.12.2012. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
189
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
21-02-2020 22:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+2
Кудай Бахиянага сабыр, Назирага ынсап берсин!
25.12.2012. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
17-11-2008
Соӊку аракети:
22-11-2019 14:01
Жынысы:
Белгисиз
-1
«Күрөштө атаандашын жеңген жигит эмес, ачуусун жеңе алган адам чыныгы жигит болуп эсептелет» дейт го. Назира чыныгы адамдык сапатын көрсөтүп кечирип коюуга убакыт келди. Ачууга алдырса мындан да жаман жолго барып калышын мүмкүн, жыйынтыгында өзүӊ бармак тиштеп отуруп калбасаӊ эле. Ойлонуш керек!!!
25.12.2012. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
17-11-2008
Соӊку аракети:
22-11-2019 14:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги байкуш кабарчы жазасын уже алып жатат. Катачылык менден кетти деп шылкыйышып кечирим сураганын деле көргөм. Эми эмне өз өмүрүнө өзү кол салсын дегениби бул Назиранын! Мыйзам алдында жооп берсин деген Назира өзү адамдык, пенделик мыйзам алдында кантип жооп берет болду экен? Эртен тфу, тфу, бирок Бахиянанын кардындагы бала бир нерсе болсо накта убалында калат.
25.12.2012. 11:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
04-06-2009
Соӊку аракети:
21-10-2013 09:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Болду да эми, жеткен жексур экен го. Эчкирип, бакырып, окуруп ыйладым деп тамашаны одоно болсо да эл алдына алып чыгып жаманатты кылды. Эми турмого тыкканда табан кандыбы? Ондургун келсе ондуруп албайт белен акча. кана сенде уят, бироолордун жетегинен улам ыйлап-сыктап олумуш болдун, куйоон да "кучтуу" экенин корсотту. Коомчулуктун кыжырын келтирип жатканынды билесинби Айтпекова
25.12.2012. 11:31 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
04-10-2008
Соӊку аракети:
22-10-2013 14:27
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне адам олтуруптурбу, эмне зордуктаптырбы? мынча эмне асманда карайт Алланы караса боло? Баары бир куну оз башына кайтат? Кылмышкер деп айтууга болобу? Кана, коомчулук, туп-тамырын менен которул, бул эмне деген жорук? Кош бойлуу келинди абакта кармап?! Сотун деле олгон тура?! Кудайга уну жетет болуш керек кабарчынын деле
25.12.2012. 11:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
14-10-2011
Соӊку аракети:
31-10-2019 14:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Назира, куноосун моюнуна алып кечирим сураптыр, дагы сага не керек? Кош бойлуу энени каматты дегенден кийин сени корсом аллергиям кармайт. Аалам сырларын алып барганга уну жоон, эркек кишини тандаса жакшы алып бармак, сени чыйылдатпай. Ал эми актрисалык талант сен де жок жон кана суйлой бергенсин.
25.12.2012. 11:39 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
12-04-2012
Соӊку аракети:
12-12-2018 09:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мейли бир кун, мейли мин кун жашагын,
Бирок чындык окр алдында жатаарын.
Падыша бол, кайырчы бол баары бир,
Олум учун бирдей сенин катарын деген - улуу ыр саптар бар эмеспи. Жараткан алдында баарыбыз бирдейбиз. Кечиримдуу болуш керек. Ар бир адамга журок берилген мына ошол Назиранын журогу жок дегенде жаш балдары учун ийменип коюуга жарабаганы окундурот. Жакшылыктан эч качан умут узбонуздор урматтуу кабарчылар.
25.12.2012. 14:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-12-2012
Соӊку аракети:
16-02-2020 00:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
адам заты кечиримдуу болушубуз керек.
25.12.2012. 14:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
04-05-2010
Соӊку аракети:
24-01-2019 18:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Бахияна, биз сиз мененбиз, карманыныз! Ал эми Назираны Кудай озу таразаласын. Анын куноосу 2-3 эсе кобойуп, оорлошуп да кетти. Башында "байкуш" болуп аттыле, эми маскасын элге озу эле жулуп кандай адам экенин билгизип койду.
25.12.2012. 15:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
06-08-2012
Соӊку аракети:
06-11-2019 01:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызда алдына келсе атандын кунун кеч дейт го. Назира туура эмес кылып жатат бул жерде
ооба кошулам тамаша чектен чыгып кеткен.бирок боюнда бар экен кечирсе болмок.Моралдык компенсация алып тим болсо болмок
соттотуп жибергенден пайда чыкпайт го бул жерде
25.12.2012. 15:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
28-11-2012
Соӊку аракети:
25-01-2020 23:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+1
Назира айтканынан кайтпаса, көк беттиги үчүн алла алдында да жооп берер күнү келээр же бул дүйнөдө эле жазасын алаар...а эгер кечирип арызын алса, ал жеңет канча элдин ыраазычылыгын алат. Ушул боюнча кетсе менменсингени менен кадыр-баркы кетет,2 жашарбаласы боюнда бар аялзатты ушунча кыйнаганы эле жетиштүү да,анын эле убалы канча?Назира ойлон...ойлон кечиримдүү бол!!!
25.12.2012. 17:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
31-10-2012
Соӊку аракети:
13-03-2013 20:13
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назира каматып алып эмне абийир табасын андан коро кечиримдуу бол. Озунун деле балан барго

25.12.2012. 17:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
07-12-2012
Соӊку аракети:
21-09-2015 12:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Конечно этот случай вызвал разные мнения у общественности...Но народ, давайте воздержимся от строгих осуждений той или иной стороны...Я думаю Бахияна тысячи раз пожалела о том, что все так случилось и глубоко каятся...Она уже свое получила(имею в виду переживаний, стресса,нервов), будучи в "интересном" положении, и неизвестно сколько вреда это все принес ее не родившемуся ребенку...И поэтому, уважаемая, Назира будьте благоразумнее по отношению к беременной женщине, матери...Простите друг друга
25.12.2012. 17:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
07-12-2012
Соӊку аракети:
21-09-2015 12:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
Желаю вам найти консенсус и благополучно разрешить этот конфликт!!!Будем надеяться, что все будет хорошо как для Бахияны, так и для Назиры)))В конце-концов надо уметь прощать!!!
25.12.2012. 22:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
300
Катталган:
06-11-2010
Соӊку аракети:
19-03-2019 21:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+1
Биз да уй-булобуз менен Бахияна тараптабыз.Бахияна! сизге куч-кубат, мени да бул окуяны укккандан бери ойлондура баштады бул иш. Улам улам кирип карап коем.Назира сенде уят жок эле экен.
25.12.2012. 22:45 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
31-12-2010
Соӊку аракети:
04-09-2017 12:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына Алла Таала тараза ким эмне эксе ошону алат...Бул жерде Назира Айтбекованы кайрадан куноолуу корсотуп койгонунарга тан калдым.Эч бир адамдын тагдыры менен ойноого болбойт.Ошол адамдарда башында ойлонсо болмок балким мынчалык болбостур эле.
25.12.2012. 23:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-10-2011
Соӊку аракети:
19-08-2016 05:36
Жынысы:
Белгисиз
+1
бахиананы эмес, жанагы спортчу балдарды камашпайбы
26.12.2012. 00:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
04-10-2012
Соӊку аракети:
24-11-2014 18:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Kara deniz tarap
0
Eger chynygy Kyrgyz kyzy bolson chynygy jurnalist jana bilimduu adam bolson gechirimduu bolushun gereg ,ozundu jurnalist katari eseptesen osho saga tuura emes ish kilgan jurnalistti da tushunushun gereg bolchu.Dagi jakshi sen aman esensin olup kalgan joksun anday tamashalardan ,bashka olkolordun tv kanaldarinan men anday tamashaga tor salgandardi gundo gorom ech kim olgon jok jana kamatkan da jok saga okshop...Kamattin emne chikti ?
26.12.2012. 04:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
04-06-2009
Соӊку аракети:
24-05-2019 00:56
Жынысы:
Белгисиз
+3
НАЗИРА,кечиримдуу бол досум!ЭЛ журт баары сени эле карап калды,мусулманбыз кечиримдуу бололу,Алла ыраазычылыгы учун.СЕнин деле балан бар,ал келинди ойлобосон да, балдарын ойлоп койчу.
26.12.2012. 10:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
29-04-2012
Соӊку аракети:
26-01-2013 09:37
Жынысы:
Белгисиз
0
аман эле бол аитбекова киши деле эмес окшойсун ...балдарын аясан боло...
26.12.2012. 12:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
28-11-2012
Соӊку аракети:
25-01-2020 23:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
0
мейли Бахияна күнөлүү болсун, бирок аны үй кама гына деле чыгарса болот эле го, учурдагы абалына карап.
27.12.2012. 12:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-07-2009
Соӊку аракети:
04-12-2018 14:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Негизи эле Назира кудай деген киши болсо, кудайга койсо болмок, ар ким жасаган иши учун кунноосун акыретте тартат дейт го! Анын сынарындый Бахияна деле эгер билип туруп кыянаттык кылса, жасасын тартмак го дейм! Менимче бул жон гана Назиранын бетпактыгы.... Мен супердин тамашасын туура корбосом да, таба эмес тобо дээр элем, себеби Назиранын тизгини кичине тартылып калыптырго...., убактылуу болсо да, ото эле чалчактап кеткен, менимче!
27.12.2012. 12:08 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2130
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
21-02-2020 18:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
+1
jamka,
Сизге эскертүү!
Кимдир бирөөнүн абийирине, кадыр - баркына терс таасирин тийгизген (шек келтирген) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
27.12.2012. 12:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
10-06-2011
Соӊку аракети:
18-09-2015 16:11
Жынысы:
Белгисиз
-1
назираны эне жаман создор менен согуп жатам жазбайле коеюн... озу да куйого тиет балалуу болот... ушу апаны кантип баладан ажыратты... кечируу бул адамдын кучун билдирет... а назира кучтуу эмес кучсуз деп эсептейм"
30.12.2012. 08:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-12-2012
Соӊку аракети:
10-06-2013 12:41
Жынысы:
Белгисиз
0
бахияна эжеин озуно эмес баласына боорум ооруп жатат.а Назира эже жонундо айта турган болсом бул эжени сыйлайм талантына да баа берем,балким куйосу мажбурлап журбосун бул ишке анткени Назира эженин мынчалык таш боордук кылганына ишенгим келбейтат
30.12.2012. 08:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-12-2012
Соӊку аракети:
10-06-2013 12:41
Жынысы:
Белгисиз
0
достор силер да абайлап жазсанар соз бекер деп эле ойду тоону суйлой бербей
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
137843;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: