super.kg logo
  Саясат  

Дана Абдыбекова эки тарап аны колдонуп, жок жерден күйгүзүп жатканын айтып “Супер-Инфого” кайрылды

 
Дана Абдыбекова: “Мен бул окуядан ушуну түшүндүм, адамга бир туугандары жана эне-атасы гана чын дилден күйөт экен. Дос деген жок экен”,- деп буркурап ыйлап жатты.
Буга чейин чуулгандуу окуяда эки тарап болуп келсе, эми берүүнүн редактору Айбек Акматовдун ысымы аралашкан шектүү жагдай билине баштады.
Дана Абдыбекова: "Асыл Аппасованын “Индира Исманкулова 30 миң доллар алып келсин” деп айтканы чындык".

“Аалам сырларына” байланыштуу аудиожазуудан улам коомчулукта талкууга алынып жаткан Дана Абдыбекова Супер-Инфо” гезитине “ак көңүлдүгүмдүн айынан колдонулуп калып, күйүп жатам” деп кайрылды. Учурда ал Бишкектеги Психикалык ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык ооруканада дарыланып жатат. Көзүнөн салаа-салаа жаш куюлган абалда. Өзүнүн айтымында, буга чейин Улуттук кардиология борборунда дарыланууга аргасыз болгон.

“Мен бул окуядан ушуну түшүндүм, адамга бир туугандары жана эне-атасы гана чын дилден күйөт экен. Дос деген жок экен” деп буркурап ыйлап жатты. Ал: "Асыл АппасованынИндира Исманкулова 30 миӊ доллар алып келсиндеп айтканы чындык. "Асыл эже, бул өтө эле чоӊ сумма эмеспи?" деп нес болуп калдым. Мени ортодо көзү ачык менен жетекчи, мисалы, Асыл Аппасова колдонуп коюшту. Индира менин артымдан тигилерден өч алды. Булар акчаны колдоруна алышат беле, жокпу, билбейм, мен деле көк мээ эмесмин да, акчаны колума алмак эмесмин да. "Бар, өзүнө алып барып бер" демекмин. Ушул жерден мени колдонуп кетишти",- дейт.

Сүйлөшүүдө учурда коомчулукка ачык айтылбай жаткан, аталган көрсөтүүнүн Айбек Акматов ысымдуу кызматкерине байланыштуу дагы бир жагдай ачылды. Дана айымдын айтымында, берүүдө катышуучулар менен редактор Айбек Акматов катышкан былык иштер билинип калган. “Эмнеге Асыл Аппасова чындыкты жаап-жашырып жатат, түшүнбөйм” дейт каарманыбыз.

КТРКнын Байкоочу кеңеши бул маселени өз жыйынында караганда Асыл Аппасовага да, Назира Айтбековага да “Эгер эч кимден акча талап кылбаган болсоңор, “акча сурап жатат” деп атыӊарга көө жапса, анда Дана Абдыбекованы эмнеге эмдигиче сотко берген жоксуңар?” деген суроо беришкен эле. Мындай суроону Дана Абдыбековага да бердик. “Беш мүнөт эмес, бир секундада мени сотко беришсе болмок. “Аалам сырларына” эч кандай тиешем жок болсо, болгону эки тарап теӊ мени пайдаланып, куурчак кылып коюшту” дейт ал. 10 күндөн бери ооруканалап жүргөнүн, УКМК менен прокуратурадан чалып жатышканын, ал эми чогуу иштешип-чайлашып келген адамдар “Кандайсыӊ?” деп абалын суроого жарабагандарын айтып кейиди.

Уюштуруучу топко, берүүнүн катышуучусу Индира Исманкуловага карата көп нааразычылыгын айтып: "Силерге берген маегинде "Дана келип акча сурады" деп айтыптыр. Чынында, өзү чалып, чакырып, "мага сен гана жардам бере аласың" деп жалынып-жалбарган эле",- деп билдирди. Ал акыры келип кимдин ким экени билинерине ишенерин баса белгилеп өттү. 

Буга чейин чуулгандуу окуяда эки тарап, Индира Исманкулова жана көрсөтүүнүн уюштуруучу тобу болуп келсе, эми берүүнүн редактору Айбек Акматовдун ысымы аралашкан шектүү жагдай билине баштады. КТРКнын Байкоочу кеӊеши бул окуяга байланыштуу жыйын өткөрүп, жыйынга Асыл Аппасова менен Назира Айтбекова келип, Айбек Акматов катышкан жок эле. Кеӊештин мүчөлөрү аны сурашканда “эмгек өргүүсүндө” дешкен. “Ал иштеген берүүгө байланыштуу ушундай чуулгандуу иш териштирилип жаткан күндө өргүүдө болсо да жыйынга аны алып келишиӊер керек эмес беле?” деген суроону берүүнүн жетекчилиги жоопсуз калтырышкан. Учурда Айбек Акматов менен байланышка чыгууга аракет кылып жатабыз. Ал эмнени айтат? Анын оюн-пикирин да окурман-көрөрмандын назарына алып чыгууга аракет кылабыз. “Супер-Инфо” иликтөөсүн улантат.


кошулду


Дана Абдыбекова: "Асыл Аппасованын "30 миӊ доллар алып келсин” деп айтканы чындык"

Автор: SUPER.KG
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(101)
05.03.2014. 11:07 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
135
Катталган:
05-08-2012
Соӊку аракети:
30-03-2019 02:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Бул кишиге да боорун ооруйт экен. Эмнеси болсо да чындык ачыка чыгып кунолуулор жазасын алса экен.
Super TV
05.03.2014. 11:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
22-06-2013
Соӊку аракети:
26-01-2020 22:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
ээ куто туралы ак чындыкты дагы да
05.03.2014. 11:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
03-06-2010
Соӊку аракети:
28-05-2018 14:48
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызык, откондо эле козу ачыкка "Былтык,Балдарымдын кусуру урсун, сендей адамды кантип жер которуп журот?! Бул подстава, мен мунун аягына чыгам!" деп суттон ак болуп жатпадыбы беле.
05.03.2014. 11:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
12-11-2013
Соӊку аракети:
15-02-2016 02:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай кылмыш ишке коз жумган жогору жактагылар аман эле болсун.
05.03.2014. 11:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
28-03-2009
Соӊку аракети:
19-04-2017 11:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+1
Суйлошуудо, 20 000 долларга тушкон жери бар эле, ошол 10 000 доллар озу кошуп айтса керек да Дана айым. Кантип эле текинге куурчак болуп берсин? КТР де иштебесе "Аалам сырдары" корсотуусунда неге айланчыктап журмок. Озунчо 10 000 доллар менен байып кетем деп суйунуп алан да.
05.03.2014. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
04-10-2019 08:25
Жынысы:
Белгисиз
+4
Асыл даана таба эмес тооба кылам. ырчылардын мээнетин жегенсигер. Алла жазасын берсин. ал балдар качаан эле уй жайлуу болушуп бутка турушмак. жадагалса ырчыларга да тынч жашоо берген эмессинер.байкуштар кв снимать этишет досихпор.акча бар бийлик бар кудайды унуткансынар! рекетирлер колдо. ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 05.03.2014 12:17
05.03.2014. 12:19 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
11-12-2019 09:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+1
EMMI - эскертүү!
Кимдир-бирөөнүн дарегине жаман сөз жазуудан алыс болуңуз.
05.03.2014. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
04-10-2019 08:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Даана мн назира жертвасынар.беркилери канча акча беришти болду экен. обши бул долбоордон канча акча тапты асыл назира ошо кызык.
05.03.2014. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
11-03-2013
Соӊку аракети:
14-10-2019 12:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бу Асыл Апасова деген балакет неме го.Алкымын анырдай ачыптыр Кудайды карабай.Ошо арам акчасы чыгат бир жеринен
05.03.2014. 13:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
220
Катталган:
22-05-2012
Соӊку аракети:
26-01-2020 21:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирини-бири "шыбап" ылайдан алып баткакка тыгып жүрө беришет окшойт эми. Баягы баягы балтабайдын таягынан болуп отуруп эң акырында Бакиев, Акаев, Атамбаев күнөөлүү болуп чыкпайт бекен случайно????
05.03.2014. 14:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
310
Катталган:
01-11-2009
Соӊку аракети:
21-01-2019 03:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Туркия
+1
Nelli tuura aytasin:)),karga karganin kozun chukubayt bolup anan kunoonu kachip ketkenderge koyup koyushat ele...:)),minday ishterge kubooluk kilgan dele,+ arasinda da barsin kilmish da, korgondon kiyin,bilgenden kiyin ati jonundu aytbay bolso da УКМКga chalip koyush kerek bolchu
Super TV
05.03.2014. 14:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
22-02-2014
Соӊку аракети:
18-01-2020 22:20
Жынысы:
Белгисиз
0
асыл апасованы мурун эле ктркадан кууп чыгыш керек эле, аябай начар адам ал параны абдан сурайт деп коп эле уккам
Super TV
05.03.2014. 16:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
27-08-2011
Соӊку аракети:
29-09-2019 12:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
0
Салам баарынарга!!! Силерден сураныч кенири тушундуруп койгулачы озу эмне болду элее??????
Super TV
05.03.2014. 16:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
27-08-2011
Соӊку аракети:
29-09-2019 12:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
+1
ой рахмат
05.03.2014. 16:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
115
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
21-12-2018 15:06
Жынысы:
Белгисиз
+3
бироонун коз жашына калган болбойт да. Супер-инфодогу бир кызды боюнда бар экенине карабай Аппасова менен Айтбекова ырсалакташып каматышпады беле. Бир жумалык турмо отуп кетет, ал эми массаны алдоо, элге шерменде болуу туболк унутулбайт.

Super TV
05.03.2014. 17:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
23-01-2014
Соӊку аракети:
14-07-2019 00:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
Эртен Апасова келбесе болду Супер Инфого.Дана,Назира учообуз 10мин доллардан болуп алайлы деген болчук деп.Кызык,булардын баарын кошуп сериал кино тартыш керек,Индираларды да кошуп,даяр актриса,актерлор.Режиссер гана жетишпей жатат окшойт?
Super TV
05.03.2014. 17:43 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
620
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
09-02-2019 19:12
Жынысы:
Белгисиз
+2
КТРканын башчысын биринчи сотко бериш керек,анткени ал да бар."балык башынан чирийт"дейт го ошондуктан биринчи башчысын,Асыл Апасова,Назира Айтбекованы андан кийинкилери озу эле чыга берет.бирок бизде чындык жок,сотторго алдын ала берип коюшкандыр берчусун.мындай кишилерге ушундай жеген жагат окшойт,мисалы 100сом тапсан 1000сом жоготуп аласын го кээде,ошол тапканын буйрубай,ал эми буларга кантип жугат ал акчалар.
Super TV
05.03.2014. 18:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
18-11-2010
Соӊку аракети:
17-12-2018 08:54
Жынысы:
Белгисиз
0
аудио записти каерден укса болот?
Super TV
05.03.2014. 20:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
14-01-2014
Соӊку аракети:
16-01-2015 15:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул аалам сырлары корсотусу бизге не кереги бар андан коро тарбиялуу, маданиятту, корсотулорду ойлоп табышса болмок бул корсоттуну токтотулсун деп чон имамдарда айтып журушподубу биз мусулман болгондуктан кийин шарияткада карап жашашыбыз керек. коз ачыктар алар айтат биз касиетту адамдарбыз дешет оздорун. кийген кийимдери тырнактары шайтандыкындай неси болсода ынсап берсин эми ушуларгада.
Super TV
06.03.2014. 00:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
17-01-2014
Соӊку аракети:
21-05-2014 20:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга динге жакпаган терс корунушторду кылсанар анан аягы ушундай болот да албетте.Кынырт иш кырк жылда билинет дейтко.Бирок азыр 40 кундо,4 кундо,кээде 4 саатта,даже 4 минутта билинип калып жатпайбы.
06.03.2014. 01:54 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
03-06-2013
Соӊку аракети:
21-02-2015 00:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах буларды жазалады!!! Аалам сырлары биздин менталитетке туура келбеген передача болчу!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 06.03.2014 09:58
Super TV
06.03.2014. 10:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
620
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
09-02-2019 19:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубат Оторбаевди эмнеге жумушунан алышпайт,же биротоло "коррупцияга" малынып калганбы "чиновниктер".учурунда элдин созун соз кылып коюмуш этишет,мына чындап эл дешсе ачык корунуп жаткандан башташпайбы дейсин.алоо Атамбаев агай угулуп жатабы сизге!
06.03.2014. 10:36 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
24-11-2008
Соӊку аракети:
23-06-2019 22:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Журокдо ыйман же жалган болот экоо бирдей болбойт.
06.03.2014. 11:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
12-11-2013
Соӊку аракети:
15-02-2016 02:51
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл бетин кантип карап журушот экен. Бул учоонун атын эмес аферистик кылган жузун да эл коргусу келбей калды. Телеканалдарга чыкпай деле койсонор болот "уят олумдон каттуу" деген макал бар.
Super TV
06.03.2014. 14:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
22-04-2012
Соӊку аракети:
31-05-2017 21:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
DAYAN
Тууурааа айтасын,даназалуу доордрн кызыктуу сериал болуп атат финалдын аягы кандай бутоор экен кызык болуп атат
Super TV
06.03.2014. 18:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
21-02-2014
Соӊку аракети:
01-06-2014 19:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
факт в том, что сизде да куноо бар..ар бир адам озунун башы м/н журушу керек да,анан буну айт десе айтып,тигини кыл десе кыла бербейчи,кыскасы ыйлап на жалость басканыныз эсепке алынбайт
Super TV
07.03.2014. 12:49 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
21-11-2017 22:15
Жынысы:
Белгисиз
0
супер айгерим расул кызы ктрди сотко берем деп жатпады беле,бизге эми ошол кызык болуп жатат,алардын да кимиси куноолу кимиси куноолу эмес экенин аягына чыгып койгулачы сураныч.
Super TV
08.03.2014. 00:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
164
Катталган:
28-11-2013
Соӊку аракети:
07-01-2018 18:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге толук бербей койгонсунар,Айбек Акматов не кылыптыр?
Super TV
10.03.2014. 13:44 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
7596
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
24-01-2020 18:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Кыпчак,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек! Эрежелер менен жакшылап таанышып чыгыңыз http://www.super.kg/erejeler. Сизге эскертүү!
Super TV
27.03.2014. 04:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
17-03-2014
Соӊку аракети:
30-12-2014 03:40
Жынысы:
Белгисиз
0
прокротура иштебейби факт бар го айып пул толосун 30мин доллар мамлетке,ушул програмсы учун мамлекеттин акчасын коротушту.
Super TV
05.04.2014. 00:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
27-11-2013
Соӊку аракети:
15-05-2019 13:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Новосибирск
0
тушунсом бир нерсе болоюн
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136586;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: