реклама
super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев "убактылуу кызматтан кете туруңуз" деген депутаттарга жооп берген жок

 
Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында бир катар депутаттар өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге убактылуу кызматтан четтей туруу сунуштарын айтышты. Муну депутаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишине укуктук баа берүү менен байланыштырышып, "сиз өкмөт башчы болуп турганда кол алдыңыздагылар дирекция боюнча так маалымат бербейт" дешти өкмөт башчыга. Башка сындарга, айыптоолордун бирин калтырбай жооп берүүгө үлгүрүп жаткан Сатыбалдиев бул сунушка негедир жооп бергиси келген жок. Унчукпай кутулду. Парламентте бүгүн аталган дирекциянын ишин текшерген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы талкууланды.
Эскерте кетсек, "Кумтөр" маселеси каралып жаткан күндөрү өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча үлүштү 67 пайызга жеткирүү мүмкүн эмес экенин, эгер 67 пайызга жеткирем деген бирөө чыкса, ордун бошотуп бере турганын бир нече жолу айткан. Парламенттин 6-февралдагы жыйынында депутат Алымбеков: "Мен үлүштү 67 пайызга жеткирем. Мага премьерликтин кереги жок, вице-премьерлик статус бергиле, 1 жылда үлүштү 67 пайыз кылам, анте албасам мени камасын",- деп билдирүү жасаган.

Бул ортодо "Республика" фракциясы да азыркы өкмөт кетсе, үлүштү 67 пайыз кылууга мүмкүн экенин жарыялады. Бирок Сатыбалдиев "67 пайыз кыла алам деген адам чыкса, ордумду бошотуп берем" деген сөзүнө турган жок.  



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(7)
13.02.2014. 19:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-09-2013
Соӊку аракети:
08-02-2020 16:16
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтып жатат... Мен колдойм
13.02.2014. 19:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
611
Катталган:
08-06-2011
Соӊку аракети:
31-01-2016 12:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары
0
Депутаттар эмне болуп калышкан.Бизде Парламенттик республикабы же анархиябы?Эгерде депутаттык коммисияга так маалымат берилбесе,анда депутаттар эмнеге айлык алып жон эле отурушат.
13.02.2014. 21:03 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
03-10-2011
Соӊку аракети:
26-05-2014 09:30
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эмнеге убактылуу кетет? Кетсе эле артымдан кылмыш ишин козгоп, таптакыр иштен алып, камап салышат деп ойлоп, Жаке туну менен ойлонуп уктабай жатат. Чынында эле ал ошону ойлоп жатат мумкун болушунча бийликке тырмышып, жабышып жатканы ошол..Азыркы кундо Жаке аябай байыган, бирок томонку афоризмди унутпашыбыз керек :) "Большие деньги, радуя днём, беспокоят ночью. (Леонид Сухоруков)
14.02.2014. 00:33 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
05-11-2011
Соӊку аракети:
27-09-2018 14:09
Жынысы:
Белгисиз
-2
жанторо иштен кеткени туура.
14.02.2014. 00:45 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
07-08-2011
Соӊку аракети:
26-11-2019 14:05
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул киши жакшы иш корсоткон жок кетсе кетсинчи
14.02.2014. 01:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
29-07-2013
Соӊку аракети:
19-02-2014 16:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Кетишке козу кыйбайжаткандырда.
14.02.2014. 09:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
268
Катталган:
13-05-2013
Соӊку аракети:
23-03-2020 14:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
0
ысык, майлуу-суттуу ордунан козголгусу жок го))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
141001;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: