реклама
super.kg logo
  Саясат  

"Парламент - элден кечирим сурай турган эмес, күнөөлүүлөрдү кечирим сурата турган орган" дейт Өмүрбек Текебаев

 
 "Парламент - элден кечирим сурай турган эмес, күнөөлүүлөрдү кечирим сурата турган орган". Бул пикирди депутат Өмүрбек Текебаев парламенттин 19-декабрдагы жыйынында билдирди. Ал мындай сөздү айрым депутаттардын "парламенттик көпчүлүк элден кечирим сурасын" деген талабына жооп катары айтты. "Биз кечирим суроо мындай турсун, энергетикадагы азыркы абалга күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылсын деп жатабыз. Анан кайра-кайра эле коалициялык көпчүлүк күнөөлүү дей берген туура эмес. Эмне, былтыркы кышта свет өчпөдү беле? Былтыр да азыркыдай кырдаал болуп, эл нааразычылыкка чыгышкан. Анда кечирим суроону былтыркы өкмөттөн баштайлы" деди депутат. Белгилей кетсек, ЖКнын бүгүнкү жыйынына өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Башкы прокурор Аида Салянова, "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев чакырылды, алардын саат 11:15те келиши күтүлүүдө.


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.12.2012. 11:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
506
Катталган:
13-02-2012
Соӊку аракети:
20-02-2015 17:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Депутаттар туздон туз куноолусунор, ар кайсыл шайтандын оюунуна алышып, эл жонундо унутуп калдынар. Кечирим суроонор зарыл
19.12.2012. 11:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
581
Катталган:
13-02-2012
Соӊку аракети:
06-02-2014 10:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Жанторо Сатыбалдиев Окмот башчы болом деп олмой болду, бул депутаттар эле жетпей жатты эле азыркы учурда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144347;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: