реклама
super.kg logo
  Саясат  

Дагестанда Волгограддагы жардырууну уюштургандардын лидери жок кылынды

 
29-декабрь күнү Волгоградда темир жол вокзалында жардыруу камерага тартылып калган.
Жардыруу Дзержинский районундагы базардан алыс эмес жерде болгону, троллейбустун сыныктары ар тарапка чачырап, түбү гана калган.

Дагестанда “Кадар” уюшкан кылмыштуу тобунун Жамалидин Мирзаев аттуу лидери жок кылынды. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Волгограддагы жардыруулардын артында туруп, өз адамдарын жиберген. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операция Избербаш шаарында болгон. Кылмышкерлер тобу турак үйдө курчоого алынган. Алардын бири сүйлөшүүлөрдөн кийин багынган. Калгандары ок чыгарып каршылык көрсөткөндүктөн, атып жок кылынган. 

Январь айынын аягында Терроризмге каршы улуттук комитет Волгоградда коомдук жайларда өзүн жардыргандардын аты-жөнүн жарыялаган. Алар “Буйнак” тобунун балдары экени аныкталган.

Эске салсак, Орусиянын Волгоград шаарында 29-декабрда темир жол бекетинде жардыруу болгон. Анда 20га жакын адам каза болуп, 35 адам жаракат алган. Октябрь айында ушул эле шаарда автобус жардырылып, 6 киши өлгөн.

Ушул эле шаарда 30-декабрда эртең менен троллейбус жарылган. Жардыруудан 10дон ашуун адам каза болуп, дагы 10го жакын киши жаракат алган. Базардан алыс эмес жерде болгону, теракттан троллейбустун сыныктары ар тарапка чачырап, түбү гана калганы айтылган.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.02.2014. 20:48 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
01-12-2013
Соӊку аракети:
02-04-2014 14:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мекенинен алыыс жакта
0
Ар дайым ошо жамааттар интернеттен айтчу эле ушул жардырууну биз уюштурдук деп, анан волгограттагы 3 жардырууну тен эч ким мойнуна алган жок, ошондо менде кумон жаратып жатат, булар атайын эле оздору кылганбы деген, эч кандай далили жок эле мусулмандарды олтурушо береби бул каафырлар!
05.02.2014. 21:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
204
Катталган:
17-01-2014
Соӊку аракети:
07-11-2014 17:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Карышкырлар мекени.
0
Куноолору далилденсе,баарын ит аткандай атып,жок кылышсын.
05.02.2014. 23:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
03-02-2014
Соӊку аракети:
01-03-2014 02:08
Жынысы:
Белгисиз
0
bul jardyruulardy Rossianyn biiligindegiler(Jirinovskii j.b) ele kylyshuuda.Islam dinindegilerdi jamandap,kunoolop,orus eline jaman korgozuu alardyn maksaty.Myndai joldor m.n Rossiany migranttardan tazaloogo jol achylat. Berulovadagy okuyany shyltoolop kancha migranttardy ketirdi...
06.02.2014. 02:15 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
04-02-2014
Соӊку аракети:
01-06-2014 21:26
Жынысы:
Белгисиз
0
Э Аллахым жер жузуно жалпы момундарына тычтык бейкуттук бере кор.
12.02.2014. 22:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
12-02-2014
Соӊку аракети:
23-09-2014 20:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында эле булар жардырышкан азыр Аль -каида деген бир балее бар булар ошолорду аябай угушут жана алар халифат тургузабыз бут дунуего дешет,ал эми Аль каиданы Америка создавать эткен СССРди куратуу учун бул жонундо Америка оздору маалымдашкан.Азыр болсо Аль каида Авганистанда ,иракта,ливанда,сирияда согуш кылып жатат Америка менен биригип ,булардын максаты бут дуйно жузун басып алуу,ал эми Россия жана орто Азия олколору да булардын максаты.бул жерде Ислам дининин эч бир тиешеси жок.
12.02.2014. 22:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
12-02-2014
Соӊку аракети:
23-09-2014 20:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар Ислам динин колдонушат жана Исламда жок нерселерди кылышат.озунор коруп жаткандай азыр Сирияда кандай гана жаман нерселер болуп жатат ар куну адамдарды мал сойгондой эле кырып атат.мындай жаман зордук зомбулукту бул терраристерден кутсо болот.эгер биз азыртан курошпосок кийин кеч болуп калбасын.Россия булар менен алышууда аларда оздорунун мамлекетинде тынчылыкты каалашат тем более сириядагы терроризмден кийийн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
140721;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: