super.kg logo
  Саясат  

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Супер-Инфонун" суроосуна жооп берип жатып "бүгүнкү алып жаткан кредиттердин изи калат" деди

 
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болуп өткөн маалымат жыйынында "Супер-Инфо" гезитинен берилген суроого жооп берди. "Буга чейин ар кандай иштер үчүн чоң суммадагы гранттар, кредиттер алынып, бирок анын жыйынтыгы канааттандырарлык болбой, акчанын дайыны жок кеткен учурлар өткөн. Бүгүнкү күндө ал карыздарды төлөө бюджеттин кайсы бир бөлүгүн түзүп келет. Сиздин тушуңузда Кытайдан берилүүчү кредиттер менен Бишкек жылуулук электр борборун реконструкциялоо, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолун куруу долбоорлору ишке ашканы турат. Ушул акчанын натыйжалуу жана өз дарегине колдонулушуна кандай аракеттер көрүлөт?" деген соболго президент төмөндөгүчө жооп узатты:
"Албетте, бир топ кредиттер алынган, азыр да алынып жатат. "Кредит албаш керек" деген сөздөрдү угуп жатам. Айрыкча мурунку кредиттерди алсак, алардын изи калган эмес. Мисалы, Австралиядан кезинде 16 миллион долларга кочкорлор алынып келинген. Бүгүн кочкор да жок, бирок карыз калган. Ушундай кредиттер көп болгон. 
Бирок азыр биз алып жаткан, ишенип койгула, Түндүк-Түштүк жолу калат да. Ачылышына үлгүрбөй калсам да, жакынкы төрт жылдын ичинде анын бир топ жери бүтүп калат. Ошол Бишкектеги Жылуулук электр борбору боюнча бир топ ушак жана кыйкырыктар орун алды. Өзүм элчилик аркылуу Кытай өкмөтүнүн катын алдым. Анда "ушул фирмага кепилдик беребиз, ишти жакшы жасап берет" деп жазылат. Анын үстүнө биз алып жаткан кредиттердин мөөнөтү узак, 30, 40 жылдык. Үстөк пайызы да арзан. 
Жол үчүн, энергетика үчүн кредит албасак, жарык өчүп турса, бир айылдан экинчиге бара албай турсак, Кыргызстандын келечеги жок болот. Азыр алган кредиттердин изи калат: жол, ГЭС, Жылуулук электр борбору. Эки жыл иштеген убакытта 600 миллион долларга жакын кредит кечилди. 
Кээ бир мамлекеттер, ошол эле Украина жетиштүү кредит ала албай жатат. Жакында эле биз Европалык союздан 30 миллион долларды албай койдук. "Кереги жок" дедик. Кудайга шүгүр, Кыргызстанга ишеним бар, арзан кредит берилип жатат. Бирок алганда да, сиз айткандай, ойлонушубуз кажет, ал накта керектүү, күйүп жаткан ишке жумшалышы керек",- деди. 


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(17)
16.12.2013. 17:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
10-03-2013
Соӊку аракети:
10-02-2019 03:07
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишенип койолубу?
16.12.2013. 19:52 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
29-08-2013
Соӊку аракети:
14-04-2014 17:43
Жынысы:
Белгисиз
0
TUMAN1, ishenip koiolu
16.12.2013. 20:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
23-11-2013
Соӊку аракети:
20-07-2015 13:30
Жынысы:
Белгисиз
-3
TUMAN1,кудай ай, озунду ким деп ойлоп алгансын.
Модератор admin_superstan түзөттү 17.12.2013 11:09
16.12.2013. 17:43 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
636
Катталган:
26-01-2013
Соӊку аракети:
06-03-2014 12:41
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура, убагында келген кредиттер чонтокторго салынып эле кеткен ГЭСтерге деп алынган РФ кредитин Бакиевдер чонтогуно салып эле кетпедиби.
16.12.2013. 17:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
269
Катталган:
30-10-2012
Соӊку аракети:
13-06-2014 03:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Maskoo
-1
Эн туура создоп . Акырындан болсо да жылыш бар . Коро албастар оозунардыня алын билип турсанар .ойду келди оозунар чое бербей
16.12.2013. 17:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
14-01-2012
Соӊку аракети:
30-10-2014 19:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Жомок,жомок дагы жомок ... "АША нын кезектеги жомоктору" деген эле передача бериш керек экен ТВдан саат 21:30 элдер от души укташат АШАнын жомокторунан кийин...
16.12.2013. 18:29 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
27-03-2013
Соӊку аракети:
24-03-2014 18:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Суперстан!
-1
bey, ширин туш коруппу
)))))))00
16.12.2013. 20:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
23-11-2013
Соӊку аракети:
20-07-2015 13:30
Жынысы:
Белгисиз
0
bey, барип акендин жаны салынып жаткан уйун ирееттеп, жыпырып келчи! Сага президент, аны копчулук шайлаган кыргыз эли жакпай жатса уктуш!?
18.12.2013. 05:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
476
Катталган:
03-11-2013
Соӊку аракети:
19-12-2019 14:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
bey, боорду эздинго)))
16.12.2013. 18:30 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
27-03-2013
Соӊку аракети:
24-03-2014 18:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Суперстан!
0
кредиттердин изи балчаыйп калат толонбой. АША эртен кетет, кредит калат
16.12.2013. 19:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
02-06-2012
Соӊку аракети:
19-03-2019 19:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Кереги жок албайбыз дедик. )))
16.12.2013. 20:21 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
356
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
12-04-2018 07:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Venera
0
Кийин толой турган убакыт келгенде жерлерди сатып ирбесенер эле болгону. Ансыз деле эч нерсе калбады.
16.12.2013. 21:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
225
Катталган:
08-12-2012
Соӊку аракети:
17-09-2014 22:29
Жынысы:
Белгисиз
0
belosnejka1, Мурун Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдер жашыруун жайлап келсе, Урматтуу президент Алмазбек Шаршеновичтин тушунда жерлерди мыйзамга киргизип ачык сатууга киришти. Кечээ жакында жаны закон кабыл алынды, ага президент кол койду. Демек мындан кийин ар кайсы мамлекеттен келген иммигранттар (чет олконун жарандары) Кыргызстандын каалаган жерин, суусун, тоосун жана кен-байлыгын сатып алууга Кыргызстандыктар менен бирдей укукка ээ болду. Бул закон мекенге болгон чыккынчылык болуп калып,
16.12.2013. 21:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
225
Катталган:
08-12-2012
Соӊку аракети:
17-09-2014 22:29
Жынысы:
Белгисиз
+3
келечекте проблемаларды жаратып калаарынан кооптоном. Кудай сактасын!!!
17.12.2013. 01:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
05-06-2010
Соӊку аракети:
05-10-2019 18:40
Жынысы:
Белгисиз
-2
мурункулары тоноп кетсе, бунусу каарызга батырып кетет окшойт
17.12.2013. 09:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
03-06-2011
Соӊку аракети:
22-11-2019 09:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-3
Кыйратыпсын ажо .
18.12.2013. 13:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
14-01-2013
Соӊку аракети:
20-09-2016 00:28
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодец биздин ажо мен ишенем!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
136572;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: