super.kg logo
  Саясат  

Мелис Мырзакматов кайсы сөзү үчүн өкмөт башчыдан эскертүү алды?

 

Өкмөттүн басма сөз кызматынын 3-декабрда берген маалыматына ылайык, Жантөрө Сатыбалдиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чогулуш өткөрүп, анда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айткан. Келдибековду тарапташтары өткөргөн митингде мэрдин айткан сөздөрүн сындап, чектен чыкпай, өз милдетин  мыйзам чегинде аткарууга чакырган эле. 

Социалдык түйүндөрдө талкууга алынган мэр Мелис Мырзахматовдун 2-декабрда, митинг учурунда сүйлөгөн сөзү: 

Митингчилер: - Кыргыздын арстаны, жолборсу Мырзакматов Мелисбек Мырзакматовичке сөз берилет.

Мелис Мырзакматов: - Саламатсыздарбы урматтуу улуу журт! Мына өзүңүздөр көрүп жатасыздар, мен кечээтен бери жергиликтүү телевидение аркылуу ар жарым саатта сүйлөп жатам. Туура тергөө жүрсүн. Акыйкаттык болсун деп. Эми коррупция боюнча айтып койсок. 

Урматтуу туугандар, бул коррупция эмес. Коррупция бул, “Кыргызгазды” 65 депутат сатып жиберди 1 долларга. Мына ошол коррупция. Коррупция кайсы? Бүгүн "Кумтөрдү" чечпей жатышат, мына ошол коррупция. Элдин пайдасына иштетпей жатышат, мына ошол коррупция. Анан буга окшогон томаяк баланы алып чыгып алып, ушуну коррупционер кылып, тескери сүйлөгөндөрдү, айыбын бетке айткандарды уюштурушуп, буга окшогон бей-бечараны камап жатышат. Бул коррупция эмес. 

Митингчилер: - Урррааа!

Мелис Мырзакматов: - Элге чыккынчылык кайсы? Мен мобу жерде карап отурдум. Үч боз үйдү талкалап, аны милицияканага алып барып коюшту. Мына ошол элге чыккынчылык. Ат - адамдын канаты, мобу жерде атчандарды киргизбей тосуп алган. Мына ошол журтка чыккынчылык. Батукаевди килем салып бошотуп жиберген, мына ошол улутка чыккынчылык. 

Урматтуу туугандар, акыйкатчылык кетти. Акыйкат бийлик болбой калды. Бардык кылгылыкты кылып алып, "бардыгын камай бер, биз болсок болду" дегендер мына ошол жерде отурушат. Урматтуу туугандар, Камчыны сындырабыз дешти эле, Камчы сынган жок. Азыр интернеттен окусам Камчынын баласы машинанын баллонун уурдап алды деп милиция камап жатат экен. Эй, бул бийлик апенди болуп калды, апенди. Булардын көзүн май басты. 

Урматтуу эл, урматтуу туугандар! Кыргыздын эркин эч ким сындыра албайт. Мына бул жерде 5 эле КСДП бар. Прокурор, милиция, анан дагы бир-экөө. Элдин баары КСДП эмес. 

Урматтуу туугандар, бизди дагы эне тууган. Ата бешенебизден сылаган, элге кызмат кылгын деп. Башка кылыч такаса да, чындыкты айткын деп. Биз чындыкты айтабыз. Менин жүрөгүм эзилип турат. Мына суукта аксакалдар чыгып турганын, аялдарды милициялар түрткөнүн көрүп менин жүрөгүм эзилип турат. Булардын да энеси бар. 

Мен күч органдарына айтып коёр элем. 7-апрелде Таласта элден кордук көргөнүңөр эсиңерден чыктыбы? Конгантиев эсиңерден чыктыбы? Погонуң жулунуп, мурунуң кан болуп келгенде биринчи Мырзакматов барып абалыңды сурадыбы, урматтуу милиция кызматкерлери? Элге каршы чыкпагын, өз элиңди коргогун. Урматтуу погончондор, элди сыйлагын, атаны сыйлагын, энени сыйлагын.

Митингчилер: -Элге кошул! 

Мелис Мырзакматов: - Шайтанга кызмат кылбагын. Урматтуу күч органдарынын кызматкерлери, элге кошул, элден чыккансың. Сени дагы эне-ата төрөгөн. Кыргыздын боз үйүн талкалап, милицияканага тыкпагын. Кыргыздын канаты болгон аттын жолун тоспогун. Мына менин эскертүүм. 

Урматтуу туугандар, дагы бир нерсени айтып коёюн. Эптеп мени өткөрбөштүн айласын кылып, мына Хажынаби деген депутатты криминалдар коркутуп, өлтүрүп тынышты. 5 жолу келди мага, "мени коркутуп атат, менин жүрөгүм чыдабай калды" деп. Мына шайлоо. Кыргызстандын, кыргыздын намысын чет элде 5 жолу коргогон. Кыргызстандын флагын желкесине жамынып туруп аттап өтүп кеткен дүйнөдө. Мына бүгүнкү күнгө чейин квартирада жашайт. Ушуну коррупционер кылып жатат бүгүнкү күндө. Камчынын баласы машиненин баллонун уурдады деген кеп да. Эй, өздөрүн ким айтат? Кана "Ширшовдун схемасын" тапкандары? 

Газды эптей албай 1 долларга сатып атат. Ушу Ахмат айтты эле, "1 долларга мага эле бер, мен иштетейин" деп. Жок, бул "шапкесин" бербейт да. "Шапкесинен" калып калышат. Ошон үчүн бул жакка берип жатышат. Урматтуу туугандар, эч качан коркпогула! Баары бир милиция эл тарапта болот. Шайтанга кызмат кылган кыла берсин. Көрүшөбүз. Алар менен тайгак кечүү, тар жолдо көрүшөбүз. Туман баскан ашууда көрүшөбүз. 

Мына бул жерде 5-6 күңк-пүңк дегендер - кошоматчылар, шыпыргылар. Булар айтып жатат, "Камай бер Ахматты, Камчыны камай бер, Мелисти да кама. Мына биз турабыз" деп жатышат. "Мына ошол уурулугуңду биз коргоп беребиз. Арам бийлигиңди биз коргоп беребиз" деп жатат. Ошондуктан күпүлдөп жатышат булар. Ана, атчандарды киргизбей жаткан ким? Мына ошо жерде турат. Боз үйдү талкалатып тыккан ким? Ушул жерде турушат. Кыргыз эч качан чөгөлөгөн эмес. Чөгөлөбөйбүз. Ушуну бир билгиле, шаардын бийлиги. 

Бүгүнкү күндөгү шаардагы “Улуттар биримдиги” партиясынын депутаттары, мына ак калпакчан аталар силер менен. Эч качан улуттун кызыкчылыгын сатпайбыз. Эч качан Оштун намысын бербейбиз! Ошондуктан мен, оо, тетиги жерде карап отурам. Митингиңерди кыла бергиле. Камчыга 7 жолу уруксат бергенмин, “Митинг өткөрө бер” деп. Мына азыр Ахматка үчүнчүсүнө кол коюп бердим, “өткөрө бер” деп. Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун. Анан кийин айтып коёюн, кайсы бир кызыл шапкечен энелерди, аксакалдарды түрткүлөй турган болсо, мага түз киргиле. 

Бар болгула, кыргыз элим! Чындык үчүн күрөшкүлө!

Шаар башчынын сөзү өзгөртүүсүз берилди.

    


кошулду


Мелис Мырзакматов: "Үч боз үйдү талкалап аны милицияканага алып барып коюшту. Мына ошол элге чыккынчылык"

Мелис Мырзакматов: "Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун"

 
 Кыстарылган аудио 

Мелис Мырзакматов: "Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун"

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(270)
04.12.2013. 12:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
14-03-2017 22:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчиден-мэр болуп отуруп сен дагы бийлик болуп саналасын,эл кочуп келсе,коркконунан айтып алдыго буларды!Кетип кал оппозицияга,арам болсо,креслоно жабышпай!Экинчиден,сен бийлеп жаткан шаарда,тартипти сактаган кызматкерлерге,ошол создорду суйлобой эле койсон болмок.Алар ант Берген,кызматын аягына чейин аткарам деп таяк жешкен,ошону менен кекетпей эле койсон болмок.Эртен эле керек болот сага кызматкерлер.Алар менен тайгак жолдо жолугуп калбасан экен.
Модератор admin_superstan түзөттү 04.12.2013 12:35
04.12.2013. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
235
Катталган:
11-04-2012
Соӊку аракети:
19-10-2019 14:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
тынчтык
+2
Туптуура суйлоптур!
04.12.2013. 12:38 
Тайпасы:
Аким
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
15-10-2012
Соӊку аракети:
13-06-2019 20:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Санкт-Петербург
+2
Мелистин созу 100% туура
04.12.2013. 13:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
460
Катталган:
11-03-2013
Соӊку аракети:
09-06-2014 18:15
Жынысы:
Белгисиз
-2
rnurzida, Мелистин созун 100% пайыз туура эмес. аны буткул эл айта баштады. билбейм ошто эле аны мыкты дебесе...
Модератор admin_superstan түзөттү 04.12.2013 16:10
04.12.2013. 15:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
05-10-2013
Соӊку аракети:
13-03-2019 18:35
Жынысы:
Белгисиз
-3
sagun, Men Oshto turam, any koldogondor oto ele az. Ayrykcha chontogundo akchasy jok turup kopuronu bashtap, avto tygyn kylgandan kiyin el da anyn kuulun bilip kaldy...
04.12.2013. 21:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
15-02-2016 23:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
faha, Сиз туура эмес информация айтыштан уялбайсызбы?????
04.12.2013. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
14-03-2019 07:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
sagun, Таанысан, кылган ишин билсен киши катары коросунбу ? Эл дарбыса эшек кошо дарбыйт болуп атасын го !!!
04.12.2013. 15:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
14-03-2019 07:15
Жынысы:
Белгисиз
+2
sagun, Бул жакта аны эч ким тааныбайт дейсин,бул жагын кайсыл жак ?!
04.12.2013. 12:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
14-03-2017 22:37
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келдибековду томаяк бала кылып,байкуш кылып койду тим эле,ошондой байлык менен эл томаяк болсо кана. Депутатты коркутса,алар коргобосо анда неге сен калкалабадын, квартира бербедин? Мелис мырза бир куну ордунду бошотуш убакытта келет, арканарды карап суйлосонор боло. Муну менен бийликти коргогон жерим жок, каалаганым кээ бир создорун адилеттуу суйлосун.
04.12.2013. 12:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
19-09-2008
Соӊку аракети:
07-02-2018 11:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
+4
belya, Келдибековду эмес шаардык депутат Атазовду айтып жатат томояк деп.
Модератор admin_superstan түзөттү 04.12.2013 13:02
04.12.2013. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
14-03-2017 22:37
Жынысы:
Белгисиз
-1
bomba, иним, башым иштейт эле, жанылышсам жанылыптырмын, бирок алдагындай суйлошуудон узак болууга чакырат элем.
04.12.2013. 13:38 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
18-02-2013
Соӊку аракети:
17-02-2015 15:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
belya, жанылышсам жанылыптырмын деп догурунбай, козду чонураак ачып окуш керек болчу, сен эле эмес Мелисти коро албагандар ал видеону коруп, озу каалагандай ой жоруп атышат.
Карапайым, катардагы милиция эл тарапта, анын башчылары менен тайгак жолдо суйлошобуз деген созун тим эле укмуш ой жоруп жиберишиптир. Кичине ойлонуп суйлосок туугандар. Мумкун ал туура же туура эмес суйлоп жаткандыр, окуяны ар тараптуу карап, анан бутум чыгарсак.
04.12.2013. 14:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
14-03-2017 22:37
Жынысы:
Белгисиз
-1
kyrgyzmaksat1987, Эмнегедир акыл уйроотучулор жана "коздорун чон ачып окугандар" кобойуп кеттинер!:) Ой жорубай эле,тасмада коруп-угуп турасынарго! Кандай тушунолу?Балким,туура суйлоп жататтыр бирок,коргонумду туура эмес деп ойлоймун, ошондо да жанагы кызматкерлер жонундо айткандарын! Мына,устудо окусанар,айтканынан эми кайра баш тартып жатат,ана коробер озун. Элдин алдында айтканын,сыртка чыгып туура эмес тушундунор дейт.
04.12.2013. 14:51 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
18-02-2013
Соӊку аракети:
17-02-2015 15:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
belya, сен биринчи туура жазганды уйрон, тасманы толук тушунуп кор, андан кийин пикиринди билдир. Тоо десе бээ дегендерге айтып койгон жакшы болот. Колу менен жанындагы кишини томаяк деп атса, сага окшогондор Акматбекти ошентип атат деп чыга калса, создун торкуну кандай озгоруп кетип жатат, озун деле коруп атасын. Ошондуктан дагы бир жолу коруп чык тасманы.
04.12.2013. 16:46 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
322
Катталган:
29-08-2013
Соӊку аракети:
14-04-2014 17:43
Жынысы:
Белгисиз
+4
belya, реалдуу коз караш менен карасан ар бир созу ен туура айтылган, газды саткандар ертен еч нерсе сатпайт деп ечким кепилдик бере албайт
04.12.2013. 17:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
05-07-2013
Соӊку аракети:
30-08-2019 13:49
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurel50, Кеп казда эмес, Кеп Миллиондогон долларды жеп коюп тулкудой болуп отурган Келдибековдо кеп, Экижуздуулонгон Мырзакматовдо.!
04.12.2013. 12:42 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-10-2019 09:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Asantai, сайттын башка катышуучусун мазактоого болбойт! Ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу!
04.12.2013. 12:42 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
06-07-2012
Соӊку аракети:
06-07-2017 02:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алай
+1
Мелистин тилегени тонкоруш.ушуга озун даярдап жакшы иштемиш болуп,анча мынча элге жакшы корунуп,анан президент болуш керек.максатына жеткиси келип атат.Мырзакматовдун анык жузу коруно баштады.
alai81 түзөттү 04.12.2013 12:43
04.12.2013. 12:48 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
270
Катталган:
07-02-2013
Соӊку аракети:
11-05-2017 09:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Белгисиз
0
alai81, Мелис бийликти сындаганга жетишип калды беле. атын чыкпаса жер ортто же митингге чыккан элди бийликке каршы тургуз.
04.12.2013. 15:54 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
07-06-2012
Соӊку аракети:
16-01-2015 17:58
Жынысы:
Белгисиз
+5
aikow92, Ээми жеттиби сага ал бийликти сындамак турсун аны Уруп ойнобойт Ал 2010 жылдан бери эле сындап келет коркпой бетке айтып
04.12.2013. 15:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
15-02-2016 23:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+6
alai81, Азыркы бийликтен эч нерсе кутконго болбойт,эгер Мырзакматов шайланса анда бутун Кыргызстан онукмок!!!
04.12.2013. 12:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
12-09-2013
Соӊку аракети:
14-01-2018 21:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам бийлик болсо сен эмне мэр болуп турасың анда оппозицияга кетпейсиңби? Бирди көрөр күнүң келиптир! Көөп баратыптырсың! Чындыгында бул кыргыздын жигити эмес. Ооба, ал Ош шаарын гүлдөтүүгө салым кошту, бирок ал жалгыз эмес башкалар да бар. Бирок билип койгула туугандар кыргыздын чыныгы жигити мындай болбойт! Бийликте отуруп, минтип сүйлөгөнү такыр акылга сыйбаган иш.
Модератор admin_superstan түзөттү 04.12.2013 13:03
04.12.2013. 14:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
564
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
18-10-2019 22:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
kabylan, бийликте отурса эмне экен, мен бийликте отурам, мен бийликке каршы чыга албайм, чыксам креслодон айрылып калам деп оозуна талкан салып отура бериш керек бекен! Митинге чыккандарды ур токмок алып жатса бийлик, митинге чыкканга уруксат бербесе бийлик, уруксатсыз чыкса камаса бийлик! Унчукпай отурушу керекпи ? Келдибековду камады, ошого жарашабийлик жакшы элге тушундуруп комент бербей, соттон отуп ана уруу, ана куноолулор деп Ажо баш болуп айтып жатса, кимдин кыжыры келет!
04.12.2013. 15:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
564
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
18-10-2019 22:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
future_kg, бийликтин коррупция мн куроошу саясаты туура эмес болуп жатат! Келдибековду неге мурунураак камабайт же бир ай откондон кийин камабайт, газдын сатылышына каршы чыккан куну эртеси камалат деген суроо кообун ойлонтот, депутаттарды коркутуу мн макулдугун алды, силер макул болбосонор , камаласынар деп. Элди билет, оппозицияны билет, ууруну билет , мин уурдасада,моюнга албаганын! Биринчи Исага иш козгоп, анан дагы бироо экооно иш козгоп туруп, анан оппозицияга иш козгогондо, элди митинге
04.12.2013. 15:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
564
Катталган:
23-08-2011
Соӊку аракети:
18-10-2019 22:59
Жынысы:
Белгисиз
+2
future_kg, элди митинге ундогонго эч кимдин укугу жок калат эле, эл да бийликтин анык коррупция мн курошуп жатканына ишенет эле! Президент деген обьективтуу болуш керек, бир айыл эмес, бир уй- булоо митинге чыкса да арманын угуш керек! Ошонун учун ажоо да! Аларды кайра кекетип , куча бандити дебей! Ажо деген айкол болуш керек, элдин алдына коркпой чыгыш керек, чыга албаса, ак уйго лидерлерин алып келип сыйлуу сыпаа жонотуп койсо, ким экенин , ким кандай иштеп жатканын эл тушунмок
04.12.2013. 12:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
04-12-2013
Соӊку аракети:
09-12-2013 18:24
Жынысы:
Белгисиз
-1
kandai bolgon kundoda en tuura aitkan biylikte oturganyna karabai chyndykty aityp chykty nolodes MELIS! men kopchuluko bilgenimdi aitaiyn aitkanga ukugumda bar KRdin jarany katary osh shaaryna jogoru jaktan kachan gana bir ishter kutuuzdon bolup ketse mamlekettik biudjedten bolunup berilet oshton koogalandan kiyin bolup bergen osh jana jalalabad shaarlaryn kalybyna keltiruu ireksiasynya ala jabyrkagandarga ui salyp berishken al akcha shaardyn biudjetine tushboi shaar biylik aga kirishe albait.
04.12.2013. 12:57 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
23-01-2011
Соӊку аракети:
09-04-2016 23:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+6
туура , таамай айтылган создор болуптур, 1 долларга мен деле алмакмын кыргызгазды!
04.12.2013. 12:58 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
04-12-2013
Соӊку аракети:
09-12-2013 18:24
Жынысы:
Белгисиз
+4
mamlekettik biudjetten osh shaaryna jarytyluu akcha bolunboit, oshon uchun shaar biyligi dagy respublikalyk biudjetke az gana prosent akcha bolot tolko osh shaaryn onukturuugo gana jumshap ushu kundorgo jetti 4 jyldan beri myndai korsotkuch egemenduuluktu algandan beri ech bir shaar bashchy myndai ishtegen emes bul korunup ele turat chet jaktan kelgen akchalardyn unomduu paidalyn jatkandygy, shaardyk biudjetten ele jol dagy bashka ishterge 8 ml$ jumshalyptyr any teleden aitpai 4ml$ chet jaktan
04.12.2013. 15:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
05-07-2013
Соӊку аракети:
30-08-2019 13:49
Жынысы:
Белгисиз
-1
inteligence, 2010-жылдан бери Ош шаарын онуктуруу долбоору тузулуп мамлекеттик бюджеттен миллиондогон долларлар болунгон. Анын баарын азыркы Президентинер Атамбаев жасап берди. Же калппы. Же эмне Мырзакматовунар Миллиондогон долларды оз чонтогунон чыгарып жасадыбы? Же эмне чуйго, Таласка, Нарынга же Ысыкколго онуктуруу чун деп миллион догон акчалар которулганын уктунар беле?..
Модератор admin_superstan түзөттү 04.12.2013 15:44
04.12.2013. 16:04 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
07-06-2012
Соӊку аракети:
16-01-2015 17:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Specsgruppa_NSS, Атамбаев Берген акчалар озбектердин чонтогуно тушкон себеби президенттик шойлоо жакын эледа... Мамлекет короткон миллион акчалар мэрияга эмес жанторо сатыбалдиев жетектеген дирексияга тушкон анан ал акчалар озбектерге таркатылган туугандар билип алгыла
04.12.2013. 16:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
05-07-2013
Соӊку аракети:
30-08-2019 13:49
Жынысы:
Белгисиз
0
kumarbeka, Карап турбай Таратып жатканда айтпайт белен. Азыр айтсан эч ким ишенбейт. Сатыблдиев танып койот. Саясатчыларда бет жокда Мойнуна албайт. Ал эмес Мырзакматов кечээ айткан созун бугун айткан эмесмин деп танып жатат...
04.12.2013. 17:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
18-08-2013
Соӊку аракети:
05-08-2015 15:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Street Workout
+2
Specsgruppa_NSS,
Атамбаев ажо болбойт болчу. Эгерде студенттердин паспортун чогултуп, озбектерди чогултуп келип шайлоого киргизбегенде. Мен кыргыз республикасынын жараны катары шайлоого барсам киргизбей коюшкан. Балык башынан сассыйт демекчи, шайлоо таза откон эмес, анан мен кантип зыркы президентибизди "президент" деп айта алам!!!
04.12.2013. 17:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
03-05-2013
Соӊку аракети:
03-02-2014 09:01
Жынысы:
Белгисиз
-1
kumarbeka, Атамбаев таап келген акчага көчөлөрүңөр жарык болуп, жолуңар түздөлүп, оорукана мектептер салынды.
04.12.2013. 18:16 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
25-06-2013
Соӊку аракети:
17-04-2015 14:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+3
Specsgruppa_NSS, owol milliondogon akchany bergenin kordunuzbu?Eger owol chyn bolso al bergenge mildettu antkeni owol iun oku9syn ozdoru bawtaganda.Chykkynchy dep myna uwul Atambaevterdi aytyw kerek.Atambaevter Melisti elge jaman korsotkongo povot taba alywpait jurot ele emi uwul sozuno joopko tartywatko.
04.12.2013. 15:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
05-07-2013
Соӊку аракети:
30-08-2019 13:49
Жынысы:
Белгисиз
-1
inteligence, Болунуу эмес урматту Оштук туугандар. Силер туура эмес кылып жатасынар! Ойлонгула!
04.12.2013. 13:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
03-03-2013
Соӊку аракети:
14-03-2014 14:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен озум Оштонмун .Мелистин кылган ишине кошулам,бирок бул созуно ончо
кошулбайм.Милиция элдики эле элдин эле уулдары.Бирок тартип да керек.Тартип болбосо биз эч качан онукбойбуз.Шаарды
шаардай караш керек.Атчандарды киргизбей койду деп капа болбой ,Итак эле
Лолулор ысырыгын салып, шаар эле аты бар.
Модератор admin_superstan түзөттү 04.12.2013 13:45
04.12.2013. 13:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
04-12-2013
Соӊку аракети:
09-12-2013 18:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
kelgen akchany aityshat kee bir koomduk tele kanaldar aita berse kop soz oshon uchun baardyk jakty karap korup analiz jurguzup anan oiunardy jazsanar dep suranam silerden, super info jamaaty tunduk tush anan bashka eki jaka bolgon komentariydi bul jaka chygarbai koisonuzdar dep suranat elem, sebebi bul komentariylerdi bizge okshogon jashtar korup ar kandai oido bolushat RAHMAT!
04.12.2013. 13:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
28-08-2013
Соӊку аракети:
12-11-2014 04:02
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мелис тура айтат мен кошулам газды 1 доларга саткандар кыргыз эмес мына ошолор урулар
04.12.2013. 17:48 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
03-05-2013
Соӊку аракети:
03-02-2014 09:01
Жынысы:
Белгисиз
-2
barabei, а Каркыраны саткандар жана аны сатууга мыйзамдаштырып макул деп добуш бергендер анда ким?
04.12.2013. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
28-05-2010
Соӊку аракети:
02-04-2019 16:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Мэр болгондон кийин элди бийлике каршы тукурбай, ынтымака чакырса болмок! Азыркы учурда элге тынчтык гана керек!
04.12.2013. 13:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
28-08-2013
Соӊку аракети:
12-11-2014 04:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
э бийлигин бийлик болсо баш ийесинби урдум ошого окшогон бийликти ош алга
04.12.2013. 13:46 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-10-2019 09:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Raxim76, башкалардын улутун кемсинткен сөздөрдү жазуудан алыс болуңуз.
Эскертүү!
sagun, курамы окшош сайтты жарыялоого болбойт!
3 күн БАН!
04.12.2013. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-09-2013
Соӊку аракети:
08-07-2017 13:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал-абад
+3
Мен телевизордон Атамбаевди тиктесем жаным чыгып кетет, тиктеп отура албайм...Ал эми Мелистин созу туптуура!!!!
04.12.2013. 14:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
03-06-2013
Соӊку аракети:
23-01-2015 21:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+5
ernis1984, мага окшош экенс да))))
04.12.2013. 17:51 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
03-05-2013
Соӊку аракети:
03-02-2014 09:01
Жынысы:
Белгисиз
+3
ernis1984, анткени ал аферист. Душман сүйдүрүп сүйлөйт, тууган күйдүрүп сүйлөт дейт кыргызда.
04.12.2013. 14:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
25-11-2013
Соӊку аракети:
26-12-2013 17:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис Мырзакматов мыйзамдуу мамлекеттик кызматта отургандан кийин, элди болуп жарууга ундогон сепаратистик маанайдагы создорду суйлоого болбойт. Ал шаардын мэри катары шаар элинин коопсуздугун сакташы керек эле. Анан суйлой берсе болот экен деп эле кобуруп-жабырып суйлой беруу туура эмес. Кыргызда "чапкан сайын коз чыкпайт" деп коёт, омур бою эле Мелистин жылдызы жанып тура бербейт. Убагы келгенде ал бардык аракети учун жооп берет.Жооп бери бир эле ага эмес, бардык саясатчыларга тиешелуу.
04.12.2013. 16:09 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
07-06-2012
Соӊку аракети:
16-01-2015 17:58
Жынысы:
Белгисиз
+4
ramiskgz, Куда каласа жылдызы жанат эле
04.12.2013. 18:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
15-02-2016 23:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
ramiskgz, Ал эми башкалар мындай кыймыл-аракеттерине жооп бербей эле бийликтин башында отурушат го,буга кандай жооп кыласыз????урматтуу ramiskgz
Медиа-портал
04.12.2013. 14:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
05-10-2013
Соӊку аракети:
13-03-2019 18:35
Жынысы:
Белгисиз
+18
Jakshy ele adam dep jurdum ele bul kishini... Mer degen eldin tynchtygyn saktash kerek birinchi kezekte, eldi uguttogoncho.. Erten ele (kuday anyn betin ary kylsyn) bir topolon bashtalsa. Bishkektegidey bolup jash azamattar okko uchsa, bul joop berebi? Albette jok! Eger utulup kalsa kachat, a utup alsa kreslodo oturup alyp ele kalp ele konul aytyp koyot. Konul aytsa ele baary orduna tushpoyt da... Oylonolu KYRGYZYM!!!
04.12.2013. 14:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
19-09-2008
Соӊку аракети:
07-02-2018 11:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Osh
-25
Мурда Акаев, Бакиевдердин портреттерин президентибиз деп жылуу коз караш менен карачумун.. Азыр болсо Ашанын портрети кабинетте шкафтын ичинде.
04.12.2013. 14:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
21-11-2013
Соӊку аракети:
30-01-2014 22:41
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу Мелис Мырзакматович,биз сиз мененбиз биз сизди колдойбуз жана суйобуз!Алгааааааа
04.12.2013. 14:59 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
15-02-2016 23:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-9
М.Мырзакматов алгаа!!!Эл сиз менен!!!
04.12.2013. 15:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
28-08-2013
Соӊку аракети:
12-11-2014 04:02
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мелис аке алга биз сиз менен сизге окшогон адамдар коп блсо биз росияда журбойт элек
04.12.2013. 15:05 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
270
Катталган:
07-02-2013
Соӊку аракети:
11-05-2017 09:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Белгисиз
+15
barabei, Россия кече башталган жок. Мелис Мырзакматовдун тиешеси да жок. айткандары таптакыр этикага туура келбейт. Шаар башчынын мынтип суйлогону уят. Элди тынчтыкка чакырыштын ордуна
04.12.2013. 18:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
310
Катталган:
28-07-2012
Соӊку аракети:
19-10-2019 17:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай
-11
aikow92, элди тынчтыка чакырайын десе керек эле эгерде бийлик таза башарса.ал да журогу ооруп турат да кыргызстандын келечеги учун.
04.12.2013. 15:16 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
140
Катталган:
06-11-2012
Соӊку аракети:
14-07-2014 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
..........sonuuuuuun jerde
-14
иттер уро берет кербен жыла берет)))) Мырзакматов дун артында Оштун эли турат, ким эмне десе дагы завидуем молча ))))))) Ош - Мелистики, Мелис - Оштун арстаны. Акыркы 5-6 жылда эч кайсы саясатчыны эл мынчалык баалап мынчалык мактап артынан ээрчиген эмес, элдин ишениме татыктуу инсан, Ошто жашабай туруп эчтекени билбей бла блалаган ичи тарлар куйугуп отура бергиле сасыткыланып))))
04.12.2013. 17:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
03-05-2013
Соӊку аракети:
03-02-2014 09:01
Жынысы:
Белгисиз
0
altinim, туура айтасың, бир ит үрүп жаны тынбайт. Ал эми бийликтеги кербендер жүрө берет))
04.12.2013. 18:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
15-02-2016 23:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-1
altinim, Туура мен кошулам пикирине !!!)))
04.12.2013. 21:01 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
17-11-2013
Соӊку аракети:
31-01-2014 21:37
Жынысы:
Белгисиз
-4
altinim, туура айтасын. Ошту Ош кылган Мелис. Мелисти ар дайым колдойбуз. Оозуна алы жетпегендер,ичи ачышып уро беришет. Алга Мелис!
04.12.2013. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
08-06-2012
Соӊку аракети:
27-09-2019 09:13
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+22
озу апенди болуп калган го Мырзакматов,не дооруп жатат ээйй,озу бийлик да,озу анан кантип айтып жатат эй,мындай кичине интеллект деген керек да,азыр ушундай болуп калды,баягы калп качырып киргенде,чын чычалай качыптыр деп,Бакиевдин кадрлары баары ушундай доопуростор болду,озуно окшоп,эми карбайсынбы Мырзакматов мыкты десек,мактаган кыз тойдо оосурдуго.ызы-чуу жерден кут качат дейт,кичине кылган ишин эми жашнакай алып кетиш керек го
04.12.2013. 17:55 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
03-05-2013
Соӊку аракети:
03-02-2014 09:01
Жынысы:
Белгисиз
+19
buduz-80, кыш келип суук тийип калса керек да))
04.12.2013. 21:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
15-02-2016 23:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
buduz-80, эмне азыркы бийлик "тынч"эле келип отуруп калды беле бийликке??учурунда "ак уйду орттоп"канчалаган жаш уландардын олумуно келди эле го??унтпаныздар???Мырзакматов апенди эмей эле "апендилердин жузун ачып жатат!!!
Медиа-портал
04.12.2013. 15:25 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
12-10-2011
Соӊку аракети:
11-04-2015 11:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек-New-York
-9
Мелис ака азаматсыз эл ар дайым сиз менен. Азыркы бийликти кетириш керек. Атамбаев корупционерлерди жок кылам дейт биринчи озунон башташ керек анда.
04.12.2013. 15:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
264
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
14-03-2019 07:15
Жынысы:
Белгисиз
-1
Абдылда Иманкулов айткандай,кезектешип президент болушат деген созу бар эле..Кезек келди окшойт Мырзакматовго. 1 жыл 2 жыл откондо эле бири бирин чукуп башташат
04.12.2013. 15:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
25-11-2010
Соӊку аракети:
13-08-2019 15:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ноокат шаары.
-26
Мырзакматов келечектеги Президент байлыгы менен мерлике келди дейсинер кайсы чон байлыгын мамлекетке жумшап жатат айткылачы...
04.12.2013. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
04-03-2013
Соӊку аракети:
29-07-2019 11:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+18
Аа десе, Мелис Мырзакматовду жакшы кызматкерлердин бири экен деп журсо, адилеттуулук жасай албайт турбайбы, жегичти томоякка тенеп, Ахматтын жегич экенин илгери эле айтып журушкон, анан качан томояк боло калды, элди кайра козутуп, туура эмес да, эгер Ахматындыкы далилденип калса уят болбойбу, алды-артын карап суйлобойбу. Кээ бир создорундо калет жок, бирок чала сабат саясатчы экен, ага болгон оюм мурда башкача эле... Падышасын укпаган эл чаржайыт болот, эл башчысын, падышасын угуш керек, эки коч
guard түзөттү 04.12.2013 16:33
04.12.2013. 21:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
15-02-2016 23:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-9
guard, Азыркы "падыша" мурунку "падышаны" уккан беле??жана айтаарым, бул жерде саясат оюну болуп жатат,ошону тушундуруп жатат элге Мелис Мырзакматов...
04.12.2013. 23:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
114
Катталган:
04-03-2013
Соӊку аракети:
29-07-2019 11:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
eli1989, мен элге кирбейминби, мен берген комментимдей тушунуп жатам, элге саясаттын кереги жок, элге саясат тушундурбой эле койсун, элибиздин уйундогу мышыгынан бери саясатчы азыр, элге тынчтык адилеттуулук, бейпилдик керек биринчи кезекте ...
05.12.2013. 01:08 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
22-03-2008
Соӊку аракети:
28-12-2013 19:33
Жынысы:
Белгисиз
0
guard, Кечиресиз сиз ойлогон томаяк А. Келдибеков эмес, ал жерде Мырзакматов Шайлообек Атазов деген жигит жонундо айтып жатат.
04.12.2013. 16:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
05-07-2013
Соӊку аракети:
30-08-2019 13:49
Жынысы:
Белгисиз
+19
АШАнын кыргызстанды башкарганына 2кана жыл болду. А жанагы силер колдоп жаткан Келдибеков 20жылдан бери саясатта журот Кыргызстанды карызга батырган дал Ошол Келдибеков жана анын командасы. Ошолордон калган карыздан кутулайын деп азыркы Президентибиз Ар кайсы олкодон акча сурап журот же эмне жыргаганынан сурап жатабы.
04.12.2013. 22:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
356
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
12-04-2018 07:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Venera
0
Specsgruppa_NSS, сурабай деле курса болот.
05.12.2013. 05:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
21-08-2013
Соӊку аракети:
23-11-2016 15:49
Жынысы:
Белгисиз
+1
АШАга каяктан 2 жыл болду. Ал деле омур бою чиновник болуп келди. Бакиевти кучактап жакшы адам экенсин билбей жургон экемин деп пример да болду го. президенттин командасын, пример-министирдин эчкилерин жанагы 120 койду кошуп баарын камаса анан КР онугот.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132610;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: