super.kg logo
  Саясат  

Мелис Мырзакматов кайсы сөзү үчүн өкмөт башчыдан эскертүү алды?

 

Өкмөттүн басма сөз кызматынын 3-декабрда берген маалыматына ылайык, Жантөрө Сатыбалдиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чогулуш өткөрүп, анда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айткан. Келдибековду тарапташтары өткөргөн митингде мэрдин айткан сөздөрүн сындап, чектен чыкпай, өз милдетин  мыйзам чегинде аткарууга чакырган эле. 

Социалдык түйүндөрдө талкууга алынган мэр Мелис Мырзахматовдун 2-декабрда, митинг учурунда сүйлөгөн сөзү: 

Митингчилер: - Кыргыздын арстаны, жолборсу Мырзакматов Мелисбек Мырзакматовичке сөз берилет.

Мелис Мырзакматов: - Саламатсыздарбы урматтуу улуу журт! Мына өзүңүздөр көрүп жатасыздар, мен кечээтен бери жергиликтүү телевидение аркылуу ар жарым саатта сүйлөп жатам. Туура тергөө жүрсүн. Акыйкаттык болсун деп. Эми коррупция боюнча айтып койсок. 

Урматтуу туугандар, бул коррупция эмес. Коррупция бул, “Кыргызгазды” 65 депутат сатып жиберди 1 долларга. Мына ошол коррупция. Коррупция кайсы? Бүгүн "Кумтөрдү" чечпей жатышат, мына ошол коррупция. Элдин пайдасына иштетпей жатышат, мына ошол коррупция. Анан буга окшогон томаяк баланы алып чыгып алып, ушуну коррупционер кылып, тескери сүйлөгөндөрдү, айыбын бетке айткандарды уюштурушуп, буга окшогон бей-бечараны камап жатышат. Бул коррупция эмес. 

Митингчилер: - Урррааа!

Мелис Мырзакматов: - Элге чыккынчылык кайсы? Мен мобу жерде карап отурдум. Үч боз үйдү талкалап, аны милицияканага алып барып коюшту. Мына ошол элге чыккынчылык. Ат - адамдын канаты, мобу жерде атчандарды киргизбей тосуп алган. Мына ошол журтка чыккынчылык. Батукаевди килем салып бошотуп жиберген, мына ошол улутка чыккынчылык. 

Урматтуу туугандар, акыйкатчылык кетти. Акыйкат бийлик болбой калды. Бардык кылгылыкты кылып алып, "бардыгын камай бер, биз болсок болду" дегендер мына ошол жерде отурушат. Урматтуу туугандар, Камчыны сындырабыз дешти эле, Камчы сынган жок. Азыр интернеттен окусам Камчынын баласы машинанын баллонун уурдап алды деп милиция камап жатат экен. Эй, бул бийлик апенди болуп калды, апенди. Булардын көзүн май басты. 

Урматтуу эл, урматтуу туугандар! Кыргыздын эркин эч ким сындыра албайт. Мына бул жерде 5 эле КСДП бар. Прокурор, милиция, анан дагы бир-экөө. Элдин баары КСДП эмес. 

Урматтуу туугандар, бизди дагы эне тууган. Ата бешенебизден сылаган, элге кызмат кылгын деп. Башка кылыч такаса да, чындыкты айткын деп. Биз чындыкты айтабыз. Менин жүрөгүм эзилип турат. Мына суукта аксакалдар чыгып турганын, аялдарды милициялар түрткөнүн көрүп менин жүрөгүм эзилип турат. Булардын да энеси бар. 

Мен күч органдарына айтып коёр элем. 7-апрелде Таласта элден кордук көргөнүңөр эсиңерден чыктыбы? Конгантиев эсиңерден чыктыбы? Погонуң жулунуп, мурунуң кан болуп келгенде биринчи Мырзакматов барып абалыңды сурадыбы, урматтуу милиция кызматкерлери? Элге каршы чыкпагын, өз элиңди коргогун. Урматтуу погончондор, элди сыйлагын, атаны сыйлагын, энени сыйлагын.

Митингчилер: -Элге кошул! 

Мелис Мырзакматов: - Шайтанга кызмат кылбагын. Урматтуу күч органдарынын кызматкерлери, элге кошул, элден чыккансың. Сени дагы эне-ата төрөгөн. Кыргыздын боз үйүн талкалап, милицияканага тыкпагын. Кыргыздын канаты болгон аттын жолун тоспогун. Мына менин эскертүүм. 

Урматтуу туугандар, дагы бир нерсени айтып коёюн. Эптеп мени өткөрбөштүн айласын кылып, мына Хажынаби деген депутатты криминалдар коркутуп, өлтүрүп тынышты. 5 жолу келди мага, "мени коркутуп атат, менин жүрөгүм чыдабай калды" деп. Мына шайлоо. Кыргызстандын, кыргыздын намысын чет элде 5 жолу коргогон. Кыргызстандын флагын желкесине жамынып туруп аттап өтүп кеткен дүйнөдө. Мына бүгүнкү күнгө чейин квартирада жашайт. Ушуну коррупционер кылып жатат бүгүнкү күндө. Камчынын баласы машиненин баллонун уурдады деген кеп да. Эй, өздөрүн ким айтат? Кана "Ширшовдун схемасын" тапкандары? 

Газды эптей албай 1 долларга сатып атат. Ушу Ахмат айтты эле, "1 долларга мага эле бер, мен иштетейин" деп. Жок, бул "шапкесин" бербейт да. "Шапкесинен" калып калышат. Ошон үчүн бул жакка берип жатышат. Урматтуу туугандар, эч качан коркпогула! Баары бир милиция эл тарапта болот. Шайтанга кызмат кылган кыла берсин. Көрүшөбүз. Алар менен тайгак кечүү, тар жолдо көрүшөбүз. Туман баскан ашууда көрүшөбүз. 

Мына бул жерде 5-6 күңк-пүңк дегендер - кошоматчылар, шыпыргылар. Булар айтып жатат, "Камай бер Ахматты, Камчыны камай бер, Мелисти да кама. Мына биз турабыз" деп жатышат. "Мына ошол уурулугуңду биз коргоп беребиз. Арам бийлигиңди биз коргоп беребиз" деп жатат. Ошондуктан күпүлдөп жатышат булар. Ана, атчандарды киргизбей жаткан ким? Мына ошо жерде турат. Боз үйдү талкалатып тыккан ким? Ушул жерде турушат. Кыргыз эч качан чөгөлөгөн эмес. Чөгөлөбөйбүз. Ушуну бир билгиле, шаардын бийлиги. 

Бүгүнкү күндөгү шаардагы “Улуттар биримдиги” партиясынын депутаттары, мына ак калпакчан аталар силер менен. Эч качан улуттун кызыкчылыгын сатпайбыз. Эч качан Оштун намысын бербейбиз! Ошондуктан мен, оо, тетиги жерде карап отурам. Митингиңерди кыла бергиле. Камчыга 7 жолу уруксат бергенмин, “Митинг өткөрө бер” деп. Мына азыр Ахматка үчүнчүсүнө кол коюп бердим, “өткөрө бер” деп. Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун. Анан кийин айтып коёюн, кайсы бир кызыл шапкечен энелерди, аксакалдарды түрткүлөй турган болсо, мага түз киргиле. 

Бар болгула, кыргыз элим! Чындык үчүн күрөшкүлө!

Шаар башчынын сөзү өзгөртүүсүз берилди.

    


кошулду


Мелис Мырзакматов: "Үч боз үйдү талкалап аны милицияканага алып барып коюшту. Мына ошол элге чыккынчылык"

Мелис Мырзакматов: "Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун"

 
 Кыстарылган аудио 

Мелис Мырзакматов: "Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун"

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(270)
Медиа-портал
04.12.2013. 16:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
11-06-2013
Соӊку аракети:
03-02-2017 01:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Мелис агабыз Чыныгы элдин уулу эл колдойт эл учун иштейт элдин арасында коркпой журот аззаматсыз жаратканым омур берсин сизге
Медиа-портал
04.12.2013. 18:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
10-01-2011
Соӊку аракети:
16-03-2018 13:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Красноярск
-12
saikal01, Кошулам, душмандары коп туура... Ит уро берет, кербен журо берет... Алга Мелис мырза
04.12.2013. 16:13 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
6159
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
10-10-2019 09:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+1
kumarbeka, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
kumarbeka, сайттын башка катышуучусун мазактоого жол берилбейт.
aipo89, кимдир бирөөнүн кадыр баркына шек келтирүүгө тыюу салынган!
Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү.
04.12.2013. 16:23 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
16-03-2013
Соӊку аракети:
17-09-2014 10:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
-2
кечиргиле Мыйзам
04.12.2013. 17:24 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
08-08-2013
Соӊку аракети:
06-02-2014 18:20
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мелис Мырзакматов мырза ордунузду билип журунуз. Сиз мактаган Бакиевдин убагында ким элениз. Азыр ким болуп турасыз. Ичкен сууга тукурбо деген макал бар.
04.12.2013. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-07-2010
Соӊку аракети:
25-06-2017 18:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Baktybek291184, Акыл үйрөткөндү аябай жакшы көрөбүз да. Ар кимге акыл үйрөтө берип,өзүбүзгө эч нерсе калбады!!! Ойлонсоң ал ким, сен ким.
04.12.2013. 17:42 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
02-05-2012
Соӊку аракети:
13-02-2014 08:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Узген
-12
Мелиске тийе корбогуло чатак чыгып кетиши мумкун
04.12.2013. 18:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
03-02-2013
Соӊку аракети:
08-04-2016 16:01
Жынысы:
Белгисиз
-14
Кароче Мырзакматов ПРЕЗИДЕНТ БОЛОТ ИКМ ЭМНЕ ДЕЙТ!!! же КАРШЫ болгондор барбы?
04.12.2013. 21:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
12-04-2018 07:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Venera
-13
Djon, болсо мммм сонун болмок элестетип кеттим гулдогон Кыргызстан!
05.12.2013. 01:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
25-10-2011
Соӊку аракети:
21-12-2018 14:41
Жынысы:
Белгисиз
0
belosnejka1, не мечтай
05.12.2013. 02:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
22-05-2013
Соӊку аракети:
12-04-2018 07:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Venera
+1
askat1985, гулдогон Кыргызстанды ким каалабайт?
04.12.2013. 18:25 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
6159
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
10-10-2019 09:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
-1
s.tur, ар бир колдонуучу эрежеден чыкпай, өз оюн жазууга укуктуу.
04.12.2013. 18:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
20-06-2013
Соӊку аракети:
31-07-2019 19:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алай
-6
чындык ачуу болот Мелис байкеге мен да кошулам!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
Медиа-портал
04.12.2013. 18:37 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
06-01-2014 01:16
Жынысы:
Белгисиз
-47
Ош сиз менен
04.12.2013. 18:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
131
Катталган:
02-11-2013
Соӊку аракети:
31-12-2016 05:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-12
Эгер Мелисти бирдеме кыла турган болсолор камап же башка кылып недайбох Москвадан учуп барабыз балдар м-н......
04.12.2013. 18:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
25-05-2013
Соӊку аракети:
15-10-2019 12:20
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ошто жашабай,корбой туруп сындабай эле койгула.Оштуктар учун азыркы бийликтин кадыр-баркы 2010-жылкы согушта кетип буткон.Аларды эч ким деле сыйлабайт.Ошолор накта саткынчылар,кана эч кимди соттой албай эле аягына жете албай эле каяктагы бир бей-бечараларды соттоп ишти жаап салып отурушат го.Мелис бар учун Оштуктар аман калганбыз ошондо,анан аны сыйлабай кимди сыйлайлы.Ичинер куйсо куйсун ачуу чындык так ушундай...
04.12.2013. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
28-11-2012
Соӊку аракети:
18-09-2019 01:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
-2
башка бейкүнөө туугандарыбыз жабыр тартпаса экен.
Медиа-портал
04.12.2013. 19:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
20-08-2010
Соӊку аракети:
10-06-2016 08:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кытай-Кызылсуу кыргыз автономиялуу областы
+23
Кудай ай, эч түшүнбөдүм, Мамлекет, өкүмөт, бийлик анан Ош шаарынын бийлиги, эли башка-башка, бөлөк-салак нерсеби, бир бүтүн мамлекет, бир бүтүн элбиз го тереңдеп ойлонсо, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Келдибек Ташиев, чириктешип, мамлекеттин байлыгын уурдап, элдир ырыскысын жеген болсо анда мамлекет алдында жооп бериш керек, өз жазасын мыйзам чегинде тартыш керек, эгер адилет эмес болсо адилет эместигин а
Медиа-портал
06.12.2013. 01:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
21-08-2013
Соӊку аракети:
25-01-2019 08:05
Жынысы:
Белгисиз
-19
TolonturCN, Тушунбой эле койгонун он
Медиа-портал
04.12.2013. 19:28 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
20-08-2010
Соӊку аракети:
10-06-2016 08:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кытай-Кызылсуу кыргыз автономиялуу областы
+27
А дегенде эле бийликти, мамлекетке сөз тийгизе бербесеңер болот эле, бийликте тазасы бар, таза эмеси бар, элдин, мамлекеттин кусуру урбасын, мамлекет оңолсун эле деген жолдо баратат го бийлик башындагылар, бир жактан мамлекетти оңдоп болгуча бир жактан тоскоол болуп жаткандай эле, бийликти деле бийлик бойдон койсоңор боло. бийлик, сот булар элдин деле алдында эч нерсе эмес болуп көрүнүп калганбы.
Медиа-портал
04.12.2013. 19:29 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
20-08-2010
Соӊку аракети:
10-06-2016 08:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кытай-Кызылсуу кыргыз автономиялуу областы
+23
Жогорку бийликтен тартып КРнын ар бир айылындагы кызмат кылып олтургандар качан бир, бир бүтүн мамлекет, бир бүтүн элди көөдөнүңөрдө да, оозуңарда да, оюңарда да бир бүтүндүүлүк менен жашаарсыңар.
04.12.2013. 20:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
17-07-2011
Соӊку аракети:
07-01-2019 21:18
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Seul Korea
-5
Oshto jashabai turup Oshtu korboi, Melis oshko emnelerdi jasap jatat alardy korboi syndabai ele koigula.Oshko kim tatyktuu adam chynygy el ychyn kyiyp jatkan insan Bul Melis Algaa.
04.12.2013. 20:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
165
Катталган:
23-11-2012
Соӊку аракети:
19-08-2017 23:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Барселона
-6
Мырзакматов алга!!!
04.12.2013. 20:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
06-01-2014 19:51
Жынысы:
Белгисиз
-6
Миллионду жеген биздин бийликтегилер,митингге чыккандан биздин эл тажабады барган сайын кобойуп бара жатат.Жегенден бийликтегилер уялса митингге чыккандан кыргыз элим да уялат.элди камап уруп соккон болбойт журт башыбызга очошуп калышы болгон кеп.Бирок мелис мырзакматовдо бул жерде эч кандай куноо жок буйрук берген президент аткаргандар милиция кызматкерлери,ортодо эл журтка кыйынчылык келип калат.Бийликти тазалаш учун туп тамырынан бери алмаштырыш керек эл учун куйгон эр-азаматтардан бийлике
04.12.2013. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
15-09-2013
Соӊку аракети:
25-02-2018 02:46
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сен! эл менен элсин,эл менен бийиксин элден чыксан сен атылбаган Гийиксин..... Мелис мырза элдин баласы!
04.12.2013. 20:34 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
218
Катталган:
05-11-2013
Соӊку аракети:
17-08-2015 13:47
Жынысы:
Белгисиз
-7
мелисти ушунча эл колдойт экен демек жакшы адам ал ушунча колдоого эмгеги мн жетишти акчасы коп чондор да элге акча берипда мындай колдоого жетише албаса кк
Медиа-портал
04.12.2013. 20:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
18-05-2009
Соӊку аракети:
24-10-2017 18:28
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан туура эмес создор, мэрдин денгелиндеги соз эмес, Ош шаары сенин уйун эмес ага кожойун болгудай, озундун уйу
Жайына кожойун боло бер
Медиа-портал
04.12.2013. 20:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
18-05-2009
Соӊку аракети:
24-10-2017 18:28
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз элим сенин томонку денгелинди билип саясатчылар сени кичине бала сымал алдап жатат. Бир адамдын тагдыры калган 5 миллион ашуун адамдын тагдырынан эч качан жогору болбош керек
04.12.2013. 20:49 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
04-08-2015 15:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эшегине жараша тушагы, жүдөгөн элге жүдөгөн президент, жүдөгөн өкмөт, жүдөгөн мэр келет тура. Кудай да биз эмнени кааласак туура ошону берет тура.
Медиа-портал
04.12.2013. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
11-10-2013
Соӊку аракети:
27-07-2019 15:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинтип митинк кылып не пайда элди гуулобостон озунор бир маселе чечсенер боло
Медиа-портал
04.12.2013. 20:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
26-06-2017 14:33
Жынысы:
Белгисиз
+36
КЫРГЫЗстандыктар!!!Ушундай адамдарды, Ушундай кадамдарды колдогондор Кичине Акыл калчап ойлонсонор боло!!! Силерге эмне АНАРХИЯ, Башаламандык керекпи???Жок, ал эми Ташиев,Келдибеков,Мырзакматов,Жапаров,Тюлеев,Бакиевтер ж.б.у.сыяктууларга Керек.Себеби айдан ачык корунуп турбайбы! Жонокой адамга Тынч,Эгемендуу,Мыйзам иштеген Мамлекет Керек!АДАМ бололучу!Ыплас нерселерден оолак бололучу!Ар бирибиз оз уйбулообузду, жакындарыбызды ойлойлу!Анткени Мамлекет уйбулодон башталат!"Ырыс алды Ынтымак"
Медиа-портал
04.12.2013. 21:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
27-11-2013
Соӊку аракети:
08-07-2017 21:59
Жынысы:
Белгисиз
+27
janara1, Кандай гана туура, сонун создор!Рахмат СИЗдин Граждандык позициянызга)))Кир саясаттан алыс болуп,ар бирибиз колубуздан келген жакшылыгыбызды жасайлы.
Медиа-портал
04.12.2013. 21:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
31-05-2017 17:18
Жынысы:
Белгисиз
+23
janara1, zalinAA
Сиздерге кошулам)))Раззаков агабыз айткандай"Сен таза болсон, мен таза болсом, коом да таза болот!"Келгиле ТАЗА МЕКЕНДЕШТЕР ыпластардан алыс бололу(мыйзам чегенде андайлардан тазаланалы), болор-болбос акчага сатылбайлы,Тундук-Туштук болунбойлу!Коррупционерлер Жазаадан коркуп минтип чырылдап жатышат.Кимдин ким экенин убакыт корсотот!
Медиа-портал
26.12.2013. 20:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
27-06-2012
Соӊку аракети:
07-02-2014 11:44
Жынысы:
Белгисиз
-8
janara1, сен Мырзакматовду башкаларга аралаштырба Ташиев,Келдибеков жб. Мырзакматовдун мамлекет учун жасаган иш аракеттери алардыкына таптакыр окшошпойт, ал жасаган иштерди сен коруп туруп ушундай десен, козун сенин кор болсун!"Ырыс алды ынтымак" деп отура бер,сенин жеринди сенин байлыгынды сатып сен жактаган адамдарын журоберишсин.
04.12.2013. 21:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-10-2012
Соӊку аракети:
29-06-2014 18:01
Жынысы:
Белгисиз
-23
ооба мелистей адам иштесе кыргызстан онукмок.ош шаары кооз болуп онугуп жатат.биз кыргыздар онугуп келе жаткан адамга бут тоспойлучу
04.12.2013. 21:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
16-10-2012
Соӊку аракети:
29-06-2014 18:01
Жынысы:
Белгисиз
-14
биз мелис менен ал президентке татыктуу адам
04.12.2013. 21:20 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
08-10-2012
Соӊку аракети:
13-03-2014 16:33
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мелис Мен онерде карап турам дейт го.)))
04.12.2013. 21:38 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
15-02-2016 23:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
Argymak007, Эмне жаман соз бекен????
04.12.2013. 21:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
13-07-2010
Соӊку аракети:
13-03-2019 16:06
Жынысы:
Белгисиз
-11
Алга Мелис аке!!!
04.12.2013. 21:36 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
153
Катталган:
29-08-2011
Соӊку аракети:
01-08-2014 13:39
Жынысы:
Белгисиз
-3
Э кокуй мелистин суйлогон созу ушул беле??? АПАНДИ деди го, мен бала чакта Апенди деп жазылчу беле "КЫРГЫЗ ЭЛ ЖОМОКТОРУНДА"? Коменттер тим эле укмуш го. мырзакматов КИМ озу??? Элдин аркасына жамынга жыланач баатырга окшойт го!?
05.12.2013. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
26-01-2011
Соӊку аракети:
15-12-2016 20:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
0
RIO, туштукто копчулук эл баары эле дээрлик АПАНДИ деп суйлошот ,биз кичинекейибизден баштап эле АПАНДИ деп суйлойбуз бирок жазганда АПЕНДИ деп эле жазабыз . Ал жерде жалан кары-картандар болгон учун тушунуктууроок болсун деп мумкун озубуздун жергиликтуу тилде суйлоп койгондур балким...
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
132402;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: