super.kg logo
«Жылдын супер ырчы мырзасы»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


  Саясат  

Мелис Мырзакматов кайсы сөзү үчүн өкмөт башчыдан эскертүү алды?

 

Өкмөттүн басма сөз кызматынын 3-декабрда берген маалыматына ылайык, Жантөрө Сатыбалдиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чогулуш өткөрүп, анда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айткан. Келдибековду тарапташтары өткөргөн митингде мэрдин айткан сөздөрүн сындап, чектен чыкпай, өз милдетин  мыйзам чегинде аткарууга чакырган эле. 

Социалдык түйүндөрдө талкууга алынган мэр Мелис Мырзахматовдун 2-декабрда, митинг учурунда сүйлөгөн сөзү: 

Митингчилер: - Кыргыздын арстаны, жолборсу Мырзакматов Мелисбек Мырзакматовичке сөз берилет.

Мелис Мырзакматов: - Саламатсыздарбы урматтуу улуу журт! Мына өзүңүздөр көрүп жатасыздар, мен кечээтен бери жергиликтүү телевидение аркылуу ар жарым саатта сүйлөп жатам. Туура тергөө жүрсүн. Акыйкаттык болсун деп. Эми коррупция боюнча айтып койсок. 

Урматтуу туугандар, бул коррупция эмес. Коррупция бул, “Кыргызгазды” 65 депутат сатып жиберди 1 долларга. Мына ошол коррупция. Коррупция кайсы? Бүгүн "Кумтөрдү" чечпей жатышат, мына ошол коррупция. Элдин пайдасына иштетпей жатышат, мына ошол коррупция. Анан буга окшогон томаяк баланы алып чыгып алып, ушуну коррупционер кылып, тескери сүйлөгөндөрдү, айыбын бетке айткандарды уюштурушуп, буга окшогон бей-бечараны камап жатышат. Бул коррупция эмес. 

Митингчилер: - Урррааа!

Мелис Мырзакматов: - Элге чыккынчылык кайсы? Мен мобу жерде карап отурдум. Үч боз үйдү талкалап, аны милицияканага алып барып коюшту. Мына ошол элге чыккынчылык. Ат - адамдын канаты, мобу жерде атчандарды киргизбей тосуп алган. Мына ошол журтка чыккынчылык. Батукаевди килем салып бошотуп жиберген, мына ошол улутка чыккынчылык. 

Урматтуу туугандар, акыйкатчылык кетти. Акыйкат бийлик болбой калды. Бардык кылгылыкты кылып алып, "бардыгын камай бер, биз болсок болду" дегендер мына ошол жерде отурушат. Урматтуу туугандар, Камчыны сындырабыз дешти эле, Камчы сынган жок. Азыр интернеттен окусам Камчынын баласы машинанын баллонун уурдап алды деп милиция камап жатат экен. Эй, бул бийлик апенди болуп калды, апенди. Булардын көзүн май басты. 

Урматтуу эл, урматтуу туугандар! Кыргыздын эркин эч ким сындыра албайт. Мына бул жерде 5 эле КСДП бар. Прокурор, милиция, анан дагы бир-экөө. Элдин баары КСДП эмес. 

Урматтуу туугандар, бизди дагы эне тууган. Ата бешенебизден сылаган, элге кызмат кылгын деп. Башка кылыч такаса да, чындыкты айткын деп. Биз чындыкты айтабыз. Менин жүрөгүм эзилип турат. Мына суукта аксакалдар чыгып турганын, аялдарды милициялар түрткөнүн көрүп менин жүрөгүм эзилип турат. Булардын да энеси бар. 

Мен күч органдарына айтып коёр элем. 7-апрелде Таласта элден кордук көргөнүңөр эсиңерден чыктыбы? Конгантиев эсиңерден чыктыбы? Погонуң жулунуп, мурунуң кан болуп келгенде биринчи Мырзакматов барып абалыңды сурадыбы, урматтуу милиция кызматкерлери? Элге каршы чыкпагын, өз элиңди коргогун. Урматтуу погончондор, элди сыйлагын, атаны сыйлагын, энени сыйлагын.

Митингчилер: -Элге кошул! 

Мелис Мырзакматов: - Шайтанга кызмат кылбагын. Урматтуу күч органдарынын кызматкерлери, элге кошул, элден чыккансың. Сени дагы эне-ата төрөгөн. Кыргыздын боз үйүн талкалап, милицияканага тыкпагын. Кыргыздын канаты болгон аттын жолун тоспогун. Мына менин эскертүүм. 

Урматтуу туугандар, дагы бир нерсени айтып коёюн. Эптеп мени өткөрбөштүн айласын кылып, мына Хажынаби деген депутатты криминалдар коркутуп, өлтүрүп тынышты. 5 жолу келди мага, "мени коркутуп атат, менин жүрөгүм чыдабай калды" деп. Мына шайлоо. Кыргызстандын, кыргыздын намысын чет элде 5 жолу коргогон. Кыргызстандын флагын желкесине жамынып туруп аттап өтүп кеткен дүйнөдө. Мына бүгүнкү күнгө чейин квартирада жашайт. Ушуну коррупционер кылып жатат бүгүнкү күндө. Камчынын баласы машиненин баллонун уурдады деген кеп да. Эй, өздөрүн ким айтат? Кана "Ширшовдун схемасын" тапкандары? 

Газды эптей албай 1 долларга сатып атат. Ушу Ахмат айтты эле, "1 долларга мага эле бер, мен иштетейин" деп. Жок, бул "шапкесин" бербейт да. "Шапкесинен" калып калышат. Ошон үчүн бул жакка берип жатышат. Урматтуу туугандар, эч качан коркпогула! Баары бир милиция эл тарапта болот. Шайтанга кызмат кылган кыла берсин. Көрүшөбүз. Алар менен тайгак кечүү, тар жолдо көрүшөбүз. Туман баскан ашууда көрүшөбүз. 

Мына бул жерде 5-6 күңк-пүңк дегендер - кошоматчылар, шыпыргылар. Булар айтып жатат, "Камай бер Ахматты, Камчыны камай бер, Мелисти да кама. Мына биз турабыз" деп жатышат. "Мына ошол уурулугуңду биз коргоп беребиз. Арам бийлигиңди биз коргоп беребиз" деп жатат. Ошондуктан күпүлдөп жатышат булар. Ана, атчандарды киргизбей жаткан ким? Мына ошо жерде турат. Боз үйдү талкалатып тыккан ким? Ушул жерде турушат. Кыргыз эч качан чөгөлөгөн эмес. Чөгөлөбөйбүз. Ушуну бир билгиле, шаардын бийлиги. 

Бүгүнкү күндөгү шаардагы “Улуттар биримдиги” партиясынын депутаттары, мына ак калпакчан аталар силер менен. Эч качан улуттун кызыкчылыгын сатпайбыз. Эч качан Оштун намысын бербейбиз! Ошондуктан мен, оо, тетиги жерде карап отурам. Митингиңерди кыла бергиле. Камчыга 7 жолу уруксат бергенмин, “Митинг өткөрө бер” деп. Мына азыр Ахматка үчүнчүсүнө кол коюп бердим, “өткөрө бер” деп. Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун. Анан кийин айтып коёюн, кайсы бир кызыл шапкечен энелерди, аксакалдарды түрткүлөй турган болсо, мага түз киргиле. 

Бар болгула, кыргыз элим! Чындык үчүн күрөшкүлө!

Шаар башчынын сөзү өзгөртүүсүз берилди.

    


кошулду


Мелис Мырзакматов: "Үч боз үйдү талкалап аны милицияканага алып барып коюшту. Мына ошол элге чыккынчылык"

Мелис Мырзакматов: "Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун"

 
 Кыстарылган аудио 

Мелис Мырзакматов: "Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун"

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(270)
04.12.2013. 21:37 
Тайпасы:
Администраторы
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
14-08-2006
Соӊку аракети:
18-11-2019 17:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 402 (Исанов көчөсү менен кесилиште)
+3
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырган, адамдын намысына, редакциянын аброюна шек келтирген колдонуучулардын билдирүүлөрү өчүрүлүп, БАНга жөнөтүлдү! Баарыӊыздарга эскертүү. Ушул тариздеги билдирүүлөр калса, эрежени бузган болсоӊуздар, силер да "сыйлуу" жолдомого ээ болосуздар!
Медиа-портал
04.12.2013. 21:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
03-05-2013
Соӊку аракети:
29-06-2018 11:11
Жынысы:
Белгисиз
+22
Milisiakana-debei ele suyloso ee,kyrgyzcha ele
Медиа-портал
04.12.2013. 21:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
31-05-2017 17:18
Жынысы:
Белгисиз
+27
maketai, Дэнгээли ошо да)))
Медиа-портал
26.12.2013. 20:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
27-06-2012
Соӊку аракети:
07-02-2014 11:44
Жынысы:
Белгисиз
-5
maketai, андай болсо сен мэр бол
Медиа-портал
04.12.2013. 22:41 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
26-06-2017 14:33
Жынысы:
Белгисиз
+74
КЫРГЫЗстандыктар!!!Ушундай адамдарды, Ушундай кадамдарды колдогондор Кичине Акыл калчап ойлонсонор боло!!! Силерге эмне АНАРХИЯ, Башаламандык керекпи???Жок, ал эми Ташиев,Келдибеков,Мырзакматов,Жапаров,Тюлеев,Бакиевтер ж.б.у.сыяктууларга Керек.Себеби айдан ачык корунуп турбайбы! Жонокой адамга Тынч,Эгемендуу,Мыйзам иштеген Мамлекет Керек!АДАМ бололучу!Ыплас нерселерден оолак бололучу!Ар бирибиз оз уйбулообузду, жакындарыбызды ойлойлу!Анткени Мамлекет уйбулодон башталат!"Ырыс алды Ынтымак"
Медиа-портал
06.12.2013. 01:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
21-08-2013
Соӊку аракети:
25-01-2019 08:05
Жынысы:
Белгисиз
-37
janara1, Кайда экен ошол Тынч, Эгемендуу, Мыйзам иштеген Мамлекет?
04.12.2013. 22:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
20-11-2013
Соӊку аракети:
01-12-2017 11:44
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мелис иним туурасын айтыптыр элдин уулу ушундай болуш керек. Мен сени колдойм бар бол.
Медиа-портал
04.12.2013. 23:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
13-09-2013
Соӊку аракети:
19-11-2019 07:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ош
-4
мелис ака Сиз алга
Медиа-портал
04.12.2013. 23:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
27-02-2013
Соӊку аракети:
01-05-2015 03:59
Жынысы:
Белгисиз
-12
мелис байке аллга
Медиа-портал
04.12.2013. 23:57 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
10-03-2012
Соӊку аракети:
08-01-2015 19:48
Жынысы:
Белгисиз
+11
адам эмес турбайбы бул акмак
Медиа-портал
05.12.2013. 11:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
11-03-2013
Соӊку аракети:
02-03-2016 21:45
Жынысы:
Белгисиз
-7
chikabom,
Бул менен не демекчисин
05.12.2013. 00:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
146
Катталган:
26-08-2011
Соӊку аракети:
10-05-2019 23:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+5
Туура соз тууганга жакпайт. Коч бара-бара тузолот. Мелис жалгыз эмес. Жалгыз дарак бак болбойт. Ошого Мелис мырза озуно вазир тандоону жакшы жолго коюу керек. Куулукту уйронуу керек.
Калп суйлонуу уйронуу керек. Тил эмизууну уйронуу керек. Ошондо гана жалпы элге жага алат. Азыр аны эл суйлогон созунон эмес жасаган ишинен гана баалап келет. Суйлоону да уйронуп койсо озуно жакшы болмок. Эгер шайлоо болуп калса Мелис мырзага добушумду берем. Себеби бул адамдан умутум чон.
Медиа-портал
05.12.2013. 00:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
20-07-2011
Соӊку аракети:
10-05-2017 00:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкеке
-7
Мэлис Мырзакматов элдин адамы....
05.12.2013. 00:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
18-08-2013
Соӊку аракети:
05-08-2015 15:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Street Workout
+9
Кыргыздарды "плюс, минус" деген оорудан кудайым сактасын. Тундук, туштук деп болунгон форумчуларга мен нааразымын. Болунгонду бору жейт, башка улуттун адамы улутун ким деп сураса " тундукмун же туштукмун деп жооп бересинби? Жок! Албетте "кыргызмын" деп жооп бересин. Ошон учун коммент жазаарда ойлонуп жазсак.
Тема боюнча: "Жашасын чындык":)
Медиа-портал
05.12.2013. 01:11 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
14-03-2013
Соӊку аракети:
25-12-2013 00:14
Жынысы:
Белгисиз
+18
ушунтип угутогондон коро элдерди уйно таркатбайт белениз митинктен эл жадабады барибир туура чечилбейт меерди жакшы дедик эле да
05.12.2013. 01:13 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
22-03-2008
Соӊку аракети:
28-12-2013 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу кыргыз элим, урматту форумчулар сиздерден суранычым эч качан болунуу жонундо ойлобойлучу. Мырзакматов блу жерде болуп суйлогон эмес туура ой жугуртуп кайра кайра угунуздар. Таласты эскерткени мындай мааниде "Таласта погончондор элге каршы чыгып анан коргон кордугу жонундо болуп жатат", а шаарда мен кожоюнмун дегени "Сиздер митинг откором десениздер дагы уруксат берем" дегени себеби бул да бийликтин созун угуп уруксат бербей койсо анда бийлик кыргызды сатып туготот.
05.12.2013. 01:17 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
22-03-2008
Соӊку аракети:
28-12-2013 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+6
Урматтуу достор, жумурткадан кыр издебей жакшы нерселерди ойлонолучу. Пайгамбарыбыз Мухаммед (САВ) бизге калтырган бир хадисинде жакшы нерселерди гана коргуло деп калтырбады беле. Мырзакматовду Оштуктар жакшы билишет ушул кунго чейин мэрлер келген Ошту жеп жатпады беле. Ушул мэр келип коп шарттарды тузуп берди го.
05.12.2013. 01:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
22-03-2008
Соӊку аракети:
28-12-2013 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+7
4 жыл мурун Ош шаарындагы кочолор кандай эле азыр кандай болуп турат. Парк, скиверлер кандай эле азыр кандай. Урматтуу кыргызстандыктар сиздерди Ошту коруп кетууго чакырам. Келип мейман болуп кетиниздер кучак жайып тосуп алабыз.
Медиа-портал
05.12.2013. 01:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
26-08-2011
Соӊку аракети:
12-10-2016 03:36
Жынысы:
Белгисиз
-13
Мелис Жоошбаевич, абдан кучтуу саясатчы экен, жалпысынан караганда Калдибеков жана Ташиевтер анын саясий конкуренттери.. туштук элдин негизги колдоосуну(основную часть электората) озуно тартып алды..))
Медиа-портал
05.12.2013. 01:57 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
483
Катталган:
07-08-2011
Соӊку аракети:
19-11-2019 01:34
Жынысы:
Белгисиз
-9
мырзакматовдун иштегенин кордунорбу ош кандай болуп калды ишине жараша суйлоп жатат азамат!суйлой бер сени колдойбуз бологун колдосон же озу жок же иши жок!
05.12.2013. 03:47 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
02-12-2013
Соӊку аракети:
17-12-2013 16:17
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оо калайык Кыргыз калкым.кыскасыыы оштонсунбу,таласбы,бишкекби бири-бирибизге саламыбыз бекееем,кучагыбыз кенееен,береерибизге Аш-наныбыз болсунчу.(санкт петербург.россия)
05.12.2013. 06:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
272
Катталган:
25-04-2012
Соӊку аракети:
29-10-2019 10:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош, Узген.
-4
Piketchiler superge kelip alganemespi?. Silerdin, je bizdin bul kommentterdiokubagandan kiyin, nele baikuwtar ter togup.
Медиа-портал
05.12.2013. 07:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
05-08-2010
Соӊку аракети:
18-11-2019 03:46
Жынысы:
Белгисиз
+8
ushundailardyn aiynan KYRGYZSTANYM onolboi kelet. madaniyatsyz akmaktardyn aiynan KYRGYZSTANYM onukpoi kelet. Kaisy arybyzga miting kylabyz oilonsonor bolo kaida baratabyz degi. kimdin jetegine jetelenip baratabyz KYRGYZ elim.
05.12.2013. 07:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
05-08-2010
Соӊку аракети:
18-11-2019 03:46
Жынысы:
Белгисиз
-4
Melis Melis deisiner. Kyrgyzcha tak suiloi albait eken go anan emnege ele kokolotup jatasynar. tuura kylat azyrky byilik jegenderdi kusturup oordagandardyn kolun balta menen chapsyn oshondo onolot KYRGYZSTANYM. alga KYRGYZSTAN
06.12.2013. 00:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
11-11-2012
Соӊку аракети:
13-11-2019 08:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
chikakorea, так суйлогон презер кыйратып атабы маанисине ан койсон
Медиа-портал
05.12.2013. 08:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
21-01-2012
Соӊку аракети:
17-11-2019 21:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
КЫРГЫЗСТАН
-10
kim kandai oido bilbeim birok Melis Myrzakmatov mykty iwtep jatat owtu ow kylgan dal uwul myrzakmatov bolot murdagy ow m.n akyrky 3jyldagy owtun asman m.n jerdei aiyrmasy bar owonduktan bul kiwige raxmat aitsanarda bolot uwundai adamdar k.k owko ele emes bawka oblasttarga dagy
05.12.2013. 09:33 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-11-2019 10:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
Doritos, жаргон сөздөрдү камтыган билдирүүлөр өчүрүлөт.
Эсиңизде болсун!
Shatiko, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган.
Эскертүү!
askat1985, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга болбойт.
Эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 05.12.2013 09:39
05.12.2013. 09:37 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-11-2019 10:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
nurik77, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
05.12.2013. 10:08 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-11-2019 10:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
detective, Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Түбөлүк БАН!
05.12.2013. 10:11 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4721
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
18-11-2019 10:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
kumarbeka, берилген эскертүүлөргө карабастан, сайттын башка колдонуучусун кемсинтип, мазактаганыңыз үчүн 20 күн БАН!
05.12.2013. 10:47 
Тайпасы:
Жылдыз
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
20-12-2012
Соӊку аракети:
16-07-2017 16:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+3
3 жыл мурун Ош куйуп,талкаланып,корсон ыйлай турган болуп калган.Ошол кейпин 3жылда согуш болбогондой ондоп койду.Копуро буйруса бутсо мына ошондо коросунор ичи куйгондорду...Эн негизгиси элдин адамы болуш керек,акча,бийликтин кулу болбой!
05.12.2013. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-01-2011
Соӊку аракети:
24-06-2019 14:43
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мэр Мелис Мырзакматов жонундо соз кылсак бутпойт жана тугойнбойт. М.Мырзакматовдун жасаган жумуштары коп ЖКнын 120 депутаты баардыгы бириккен учурда да мэр Мелисче иш аткарган жок. Биз кыргыз калкы болгону коро албастыкты токтоксок анан ынтымак болсок ырыскы олкобуздо уюмак,мыкты жашамакбыз.
05.12.2013. 11:17 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
25-05-2013
Соӊку аракети:
22-04-2016 19:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
чеджу-до острову
-4
хахаха-хааааааааааа.менам онерден силерге окшогон апандилярди карап турам
Медиа-портал
05.12.2013. 12:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
74
Катталган:
30-01-2012
Соӊку аракети:
16-11-2019 11:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
самара
+9
тообо мен да бул инсанды аябай сыйлап журдум эле азыр бираз экиленип турам.кандай болгон кундо да "келгиле туугандар мыйзам бузуучулукка барбайлы,тынч таркап кеткиле "деп айтыш керек болчу.Ак сакал аталар апалар уйунуздордо эле отурунуздар деш керек да.Аларды кайра оолуктуруп салыптыр :турткулосо туз мага киргиле деп.биринчи кезекте озубуздун мыйзамдарыбызды сыйлашыбыз керек го же ош озунчо олко болуп калды беле эмне?
05.12.2013. 12:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
15-04-2013
Соӊку аракети:
28-02-2019 16:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Эл журт калайык калк чиновниктердин баары эле жейт кыргызстанда даже жонокой кызматкерда жеп конгон так щто это для нас не америка!
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133844;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: