super.kg logo
«Жылдын супер көк бөрүчүсү»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


  Саясат  

Мелис Мырзакматов кайсы сөзү үчүн өкмөт башчыдан эскертүү алды?

 

Өкмөттүн басма сөз кызматынын 3-декабрда берген маалыматына ылайык, Жантөрө Сатыбалдиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чогулуш өткөрүп, анда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айткан. Келдибековду тарапташтары өткөргөн митингде мэрдин айткан сөздөрүн сындап, чектен чыкпай, өз милдетин  мыйзам чегинде аткарууга чакырган эле. 

Социалдык түйүндөрдө талкууга алынган мэр Мелис Мырзахматовдун 2-декабрда, митинг учурунда сүйлөгөн сөзү: 

Митингчилер: - Кыргыздын арстаны, жолборсу Мырзакматов Мелисбек Мырзакматовичке сөз берилет.

Мелис Мырзакматов: - Саламатсыздарбы урматтуу улуу журт! Мына өзүңүздөр көрүп жатасыздар, мен кечээтен бери жергиликтүү телевидение аркылуу ар жарым саатта сүйлөп жатам. Туура тергөө жүрсүн. Акыйкаттык болсун деп. Эми коррупция боюнча айтып койсок. 

Урматтуу туугандар, бул коррупция эмес. Коррупция бул, “Кыргызгазды” 65 депутат сатып жиберди 1 долларга. Мына ошол коррупция. Коррупция кайсы? Бүгүн "Кумтөрдү" чечпей жатышат, мына ошол коррупция. Элдин пайдасына иштетпей жатышат, мына ошол коррупция. Анан буга окшогон томаяк баланы алып чыгып алып, ушуну коррупционер кылып, тескери сүйлөгөндөрдү, айыбын бетке айткандарды уюштурушуп, буга окшогон бей-бечараны камап жатышат. Бул коррупция эмес. 

Митингчилер: - Урррааа!

Мелис Мырзакматов: - Элге чыккынчылык кайсы? Мен мобу жерде карап отурдум. Үч боз үйдү талкалап, аны милицияканага алып барып коюшту. Мына ошол элге чыккынчылык. Ат - адамдын канаты, мобу жерде атчандарды киргизбей тосуп алган. Мына ошол журтка чыккынчылык. Батукаевди килем салып бошотуп жиберген, мына ошол улутка чыккынчылык. 

Урматтуу туугандар, акыйкатчылык кетти. Акыйкат бийлик болбой калды. Бардык кылгылыкты кылып алып, "бардыгын камай бер, биз болсок болду" дегендер мына ошол жерде отурушат. Урматтуу туугандар, Камчыны сындырабыз дешти эле, Камчы сынган жок. Азыр интернеттен окусам Камчынын баласы машинанын баллонун уурдап алды деп милиция камап жатат экен. Эй, бул бийлик апенди болуп калды, апенди. Булардын көзүн май басты. 

Урматтуу эл, урматтуу туугандар! Кыргыздын эркин эч ким сындыра албайт. Мына бул жерде 5 эле КСДП бар. Прокурор, милиция, анан дагы бир-экөө. Элдин баары КСДП эмес. 

Урматтуу туугандар, бизди дагы эне тууган. Ата бешенебизден сылаган, элге кызмат кылгын деп. Башка кылыч такаса да, чындыкты айткын деп. Биз чындыкты айтабыз. Менин жүрөгүм эзилип турат. Мына суукта аксакалдар чыгып турганын, аялдарды милициялар түрткөнүн көрүп менин жүрөгүм эзилип турат. Булардын да энеси бар. 

Мен күч органдарына айтып коёр элем. 7-апрелде Таласта элден кордук көргөнүңөр эсиңерден чыктыбы? Конгантиев эсиңерден чыктыбы? Погонуң жулунуп, мурунуң кан болуп келгенде биринчи Мырзакматов барып абалыңды сурадыбы, урматтуу милиция кызматкерлери? Элге каршы чыкпагын, өз элиңди коргогун. Урматтуу погончондор, элди сыйлагын, атаны сыйлагын, энени сыйлагын.

Митингчилер: -Элге кошул! 

Мелис Мырзакматов: - Шайтанга кызмат кылбагын. Урматтуу күч органдарынын кызматкерлери, элге кошул, элден чыккансың. Сени дагы эне-ата төрөгөн. Кыргыздын боз үйүн талкалап, милицияканага тыкпагын. Кыргыздын канаты болгон аттын жолун тоспогун. Мына менин эскертүүм. 

Урматтуу туугандар, дагы бир нерсени айтып коёюн. Эптеп мени өткөрбөштүн айласын кылып, мына Хажынаби деген депутатты криминалдар коркутуп, өлтүрүп тынышты. 5 жолу келди мага, "мени коркутуп атат, менин жүрөгүм чыдабай калды" деп. Мына шайлоо. Кыргызстандын, кыргыздын намысын чет элде 5 жолу коргогон. Кыргызстандын флагын желкесине жамынып туруп аттап өтүп кеткен дүйнөдө. Мына бүгүнкү күнгө чейин квартирада жашайт. Ушуну коррупционер кылып жатат бүгүнкү күндө. Камчынын баласы машиненин баллонун уурдады деген кеп да. Эй, өздөрүн ким айтат? Кана "Ширшовдун схемасын" тапкандары? 

Газды эптей албай 1 долларга сатып атат. Ушу Ахмат айтты эле, "1 долларга мага эле бер, мен иштетейин" деп. Жок, бул "шапкесин" бербейт да. "Шапкесинен" калып калышат. Ошон үчүн бул жакка берип жатышат. Урматтуу туугандар, эч качан коркпогула! Баары бир милиция эл тарапта болот. Шайтанга кызмат кылган кыла берсин. Көрүшөбүз. Алар менен тайгак кечүү, тар жолдо көрүшөбүз. Туман баскан ашууда көрүшөбүз. 

Мына бул жерде 5-6 күңк-пүңк дегендер - кошоматчылар, шыпыргылар. Булар айтып жатат, "Камай бер Ахматты, Камчыны камай бер, Мелисти да кама. Мына биз турабыз" деп жатышат. "Мына ошол уурулугуңду биз коргоп беребиз. Арам бийлигиңди биз коргоп беребиз" деп жатат. Ошондуктан күпүлдөп жатышат булар. Ана, атчандарды киргизбей жаткан ким? Мына ошо жерде турат. Боз үйдү талкалатып тыккан ким? Ушул жерде турушат. Кыргыз эч качан чөгөлөгөн эмес. Чөгөлөбөйбүз. Ушуну бир билгиле, шаардын бийлиги. 

Бүгүнкү күндөгү шаардагы “Улуттар биримдиги” партиясынын депутаттары, мына ак калпакчан аталар силер менен. Эч качан улуттун кызыкчылыгын сатпайбыз. Эч качан Оштун намысын бербейбиз! Ошондуктан мен, оо, тетиги жерде карап отурам. Митингиңерди кыла бергиле. Камчыга 7 жолу уруксат бергенмин, “Митинг өткөрө бер” деп. Мына азыр Ахматка үчүнчүсүнө кол коюп бердим, “өткөрө бер” деп. Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун. Анан кийин айтып коёюн, кайсы бир кызыл шапкечен энелерди, аксакалдарды түрткүлөй турган болсо, мага түз киргиле. 

Бар болгула, кыргыз элим! Чындык үчүн күрөшкүлө!

Шаар башчынын сөзү өзгөртүүсүз берилди.

    


кошулду


Мелис Мырзакматов: "Үч боз үйдү талкалап аны милицияканага алып барып коюшту. Мына ошол элге чыккынчылык"

Мелис Мырзакматов: "Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун"

 
 Кыстарылган аудио 

Мелис Мырзакматов: "Мен эл душманы эмесмин. Пока шаарда мен кожоюнмун"

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(270)
05.12.2013. 12:26 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
15-09-2013
Соӊку аракети:
17-12-2013 20:32
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мелис.Алга
Медиа-портал
05.12.2013. 12:45 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
17-11-2013
Соӊку аракети:
31-01-2014 21:37
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эн туура. Жакшы суйлогон.
Медиа-портал
05.12.2013. 13:28 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
30-03-2009
Соӊку аракети:
07-08-2015 21:18
Жынысы:
Белгисиз
-12
ozun4o ele madaniyattuusun go e.korea debey KYRGYZSTAN debeysinbi loginindi...
05.12.2013. 13:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
10-04-2012
Соӊку аракети:
01-05-2014 11:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
no comment...
0
мдаа, бул олкодо качан тынчтык орнойт болду экен...
Медиа-портал
05.12.2013. 14:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
03-12-2010
Соӊку аракети:
05-08-2019 13:47
Жынысы:
Белгисиз
-2
Azamat, patriot!
Медиа-портал
05.12.2013. 15:14 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2130
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
12-11-2019 17:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
+15
Prague,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар!
30 күн банга!
Медиа-портал
05.12.2013. 15:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
08-10-2013
Соӊку аракети:
30-06-2019 16:03
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ноокен
-2
Эч бир чиновник минтип кучтуу ишеничтуу суйлой албайт ..азаматсыз мелис байке алга
05.12.2013. 19:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
30-03-2009
Соӊку аракети:
15-04-2019 23:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Мелис Мырзакматовду Оштун эли колдойт.
06.12.2013. 00:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
11-11-2012
Соӊку аракети:
08-11-2019 02:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
мышык майга жетпей сасык дептиррррррр
биздин мышык май жеп аларга жетпей атыптырбы бири бирибизди турткондун ордуна тартканды суйобуз тообо
Медиа-портал
06.12.2013. 01:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
21-08-2013
Соӊку аракети:
25-01-2019 08:05
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мырзакматовго кандай суйлосо жарашат
06.12.2013. 01:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
11-04-2012
Соӊку аракети:
16-10-2019 03:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0
Мелис элдин адамы суйлогон созуу эн тура мен кошулам
Медиа-портал
06.12.2013. 02:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
21-08-2013
Соӊку аракети:
25-01-2019 08:05
Жынысы:
Белгисиз
-23
Мен жон гана оз оюмду жазууну туура кордум: Бишкекте турам, Ошко жылына бир-эки жолу барам.Тан калганым, жонокой,карапайым айылдаштарым,кайнилерим Мырзакматовду ЧЫН ЖУРОКТОН сыйлап, жакшы коргондору.Ага себеп бар экен:шаардын кочолору тегиз асфальт,тункусун кочолор жаркырайт,таптаза, оштуктар тимеле сыймыктанышат шаары менен, дегеле коруп журок суйунот. Аларга караганда биз бир кыйла кайдыгербиз...
Медиа-портал
06.12.2013. 09:53 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2130
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
12-11-2019 17:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
+14
Damir Muhambetovich,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга тыюу салган талап бар!
30 күн банга!
Медиа-портал
06.12.2013. 11:48 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
2130
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
12-11-2019 17:25
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
...
0
Top,
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт!
30 күн банга!
Медиа-портал
06.12.2013. 19:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
24-08-2011
Соӊку аракети:
24-10-2019 21:02
Жынысы:
Белгисиз
-17
молодец Мелис,накта кыргыздар сени колдойт!
Медиа-портал
26.12.2013. 22:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
28-11-2013
Соӊку аракети:
24-09-2017 10:15
Жынысы:
Белгисиз
+7
ussr7, "АПАНДЫ" деп суйлогондор,"НАКТА кыргыздар" колдой бергиле(((
Медиа-портал
07.12.2013. 00:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-07-2013
Соӊку аракети:
09-12-2017 22:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-14
banks молодец туурасын айттын.
Медиа-портал
07.12.2013. 22:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
09-02-2013
Соӊку аракети:
24-11-2018 21:19
Жынысы:
Белгисиз
+17
eline miting kaalagandyn akyly kanchalyk tomon!!!
Медиа-портал
07.12.2013. 23:10 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
12-04-2014 19:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-16
Бул адамды эл колдойт туштук Кыргызстан колдойт , ушул даражада Султан наамына жетет ИНША АЛЛАХ!!!!!
Медиа-портал
07.12.2013. 23:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-06-2013
Соӊку аракети:
12-04-2014 19:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
-13
Бул адамды эл колдойт туштук Кыргызстан колдойт , ушул даражада Султан наамына жетет ИНША АЛЛАХ!!!!!
Медиа-портал
08.12.2013. 12:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
13-04-2018 06:49
Жынысы:
Белгисиз
-16
эркекче суйлоптурго Мелис алгаа
Медиа-портал
08.12.2013. 17:04 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-02-2013
Соӊку аракети:
26-05-2017 22:59
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чырылдап,элди угуттобой мыйзам чегинде аракет жазап,шайлоого катышпайбы!Томон денгээлге тушуп,Популисттик соз-дун аркасына жашынып,элди далдоо кылбай.Таза адам мындайга барбайт.Ал эми Оштун озгоргону б-чаЖог.Бийлик казынанын кобун жумшап жатса,онолотда!Мырзакматов оз чонтогунон ондогонжокта!Ал озуно Убактылуу ыйгарылган чарбалык милдетин аткарды.Мэр Мамлекеттик-Саясий иш болгондуктан ошол денгээлде иш алып барыш к-к.Жог.Бийликтин саясатына каршыбы?Кет Опозицияга,Башаламандык кылып Элди бузбай!
Медиа-портал
08.12.2013. 23:53 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
03-11-2013
Соӊку аракети:
12-03-2014 02:12
Жынысы:
Белгисиз
-5
kamila_888, башка мэр болсо, бийлик казынасын дагы
оз чонтогуно салганы шашат.Мырзакматов элге ак кызмат кылып жатпайбы.


Медиа-портал
09.12.2013. 18:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
76
Катталган:
15-01-2011
Соӊку аракети:
21-11-2014 21:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-10
Карагылачы эл кандай колдоп колун кысып жатканын. Эч коркпостон, тескерисинче сыймыктуу болуп элдин арасын аралап журот. Кайсы чиновникти эл ушинтип сыймык менен тосот болду экен эл арасына чыкканда. Кээ бир чиновниктер элге чыккандан коркот жада калса. Бизге ушундай кадыр баркка ээ болгон башчылар керек.
Медиа-портал
17.12.2013. 10:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
02-12-2013
Соӊку аракети:
06-11-2019 08:57
Жынысы:
Белгисиз
+2
Намысынарды коргогула кыргыз элим ообу жок создорду айткандан уялсанар боло, ким кандай иштеп жатканы айкындай ачык болуп жатпайбы, азаматсыз Мелис Мырзакматов. Ушул кишидей ким иштеп жатканын коруп жатасыздар?
Медиа-портал
19.12.2013. 20:20 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
10-07-2012
Соӊку аракети:
21-11-2014 17:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek city
+3
Melistei мерия жок КЫРГЫЗСТАНДА
Медиа-портал
21.12.2013. 17:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
11-10-2013
Соӊку аракети:
16-01-2015 16:40
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мелис азаматсыз биз сиз мененбиз Ошту ондогонда гулдотконда Мелис Алга МЕЛИС БРАТ
Медиа-портал
13.01.2014. 21:07 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
05-11-2013
Соӊку аракети:
17-08-2016 03:50
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мелис алга деген ураан менен жазган форумчулар сокурсунар билбегенден кийин чокунарга мм дейсинерби мм кетирген 18 миллиард сомго дагы бир Ош салса болмок. Азыр жебеген кимди билесинер баары жейт
Медиа-портал
13.01.2014. 21:34 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
05-11-2013
Соӊку аракети:
17-08-2016 03:50
Жынысы:
Белгисиз
+3
Манас, Ормонхан, Семетей, Сейтек, Шабдан, Барсбек деген ушул сыяктуу биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды башкарып жоодон сактап жерибизге кошуп кыргыз республикасын тузуп келген, эми биздин бийликтегилер ошолордун эле ордунда булар болсо Узонгу кууш, каркыра деген сонун жерлерибизди сатып жиберишти, азыр бир жагынан казак бир жагынан озбектер кысып жерибиз кичирейип келетат эч кимге ишенич жок болуп калды туугандар!
Медиа-портал
13.01.2014. 21:39 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
05-11-2013
Соӊку аракети:
17-08-2016 03:50
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жерибизге жер кошуп дегем
Медиа-портал
17.02.2014. 02:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
02-01-2014
Соӊку аракети:
25-11-2018 17:57
Жынысы:
Белгисиз
-5
Шаарда мен кожоюнмун
Туура оштун жолборсу
мелис мырзакматов
Учурда жооп жазып кетейн каментарий жазгандарга
Элди колдогонду эл колдойт мелис элдин адамы адилеттуу
Чечкиндуу акылдуу болгону учун меер болдуго ошко
Медиа-портал
25.04.2014. 21:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
06-11-2013
Соӊку аракети:
13-04-2018 06:49
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мелис алга кыргызстандын президентти бол
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: