реклама
super.kg logo

Бишкекте лифтке кыпчылып каза болгон кишинин окуясы. Лифт былтыр эки жолу бузулганы белгилүү болду

 


11-январда Бишкектин Улан-1 кичи районунда 38 жаштагы киши лифтке кыпчылып каза болгон. Аталган окуя боюнча "Бишкек лифт" муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев шаардык кеңештин кезектеги жыйынында маалымат берди.

Анда лифт 4-кабаттан бир аз жогору көтөрүлгөндө токтоп калганын, окуяга биринчилерден болуп маркумдун аялы күбө болгонун айтат.

"Лифтке кыпчылып калган кишинин жубайы дароо эле лифтчиге кабар берип, адис үч мүнөттүн ичинде келген. Оператор келгенде лифттин эшиктери ачык экенин, эркек кишинин башы менен бир буту лифтте, экинчи буту ылдый жакта турганын көргөн. Лифт кызматкери машина бөлмөсүнө барып, лифтти өчүргөн. 10 мүнөттөн кийин электрик келген. Алар лифтти түшүрүп, жабырлануучуну жана бала менен колясканы алып чыгышты. Бул учурда куткаруучулар келишкен.

Маалымат түшкөндөн кийин "Бишкек лифт" муниципалдык ишканасынын жетекчилери, ошондой эле Энергетика министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик экологиялык инспекциясынын өкүлү жана мен дагы окуя болгон жерге бардык", - деди Майрамбек Саманчиев.

Майрамбек Саманчиев кошумчалагандай, лифт 1986-жылы чыгарылган. 320 килограммга чейинки салмакты көтөрөт. Лифт 1987-жылы Самаркандда ишке киргизилген. 2021-жылы лифт эки жолу бузулгандыктан токтоп, дароо оңдолгон. Эч кандай чоң кырсык болгон эмес дейт Саманчиев.

Бишкекте лифтке кыпчылып каза болгон жарандын окуясы боюнча иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнүн Бишкек шаардык мэриясынан билдирген.

Ал эми Бишкектин Октябрь РИИБи окуя боюнча иликтөө иштери башталганын маалымдады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
13.01.2022. 17:46 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
14-10-2021
Соӊку аракети:
19-01-2022 21:39
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздеги лифттер аябай эле эски. Кээде лифтке чыкпай эле жоо эле чыгып кеткин келет уйго. Лифтти текшерген атайын текшеруучулор жок бизде!
13.01.2022. 21:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
08-07-2017
Соӊку аракети:
19-01-2022 16:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сөзсүз бир кырсык болушу керекби?
14.01.2022. 02:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
471
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
19-01-2022 21:21
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кобу эле жарабай калган
14.01.2022. 15:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
19-01-2022 16:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Эски лифтер качественный. Болгону текшерип туруу кк эле. 1 жылда 2 жолу бузулса жакшы экен. Москвада жаны скоростной лифтер бир жумада 2 жолудан а кырсык да ото эле коп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
184152;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: