реклама
super.kg logo

Жаңы кодекске ылайык, кырсыкка себепкер болгон айдоочуга арзандатуусу жок 5500 сом, ал эми качып кеткен айдоочуга 10 миң сом айып салынат

 

Жаңы кодекске ылайык, жол кырсыгына себепкер болгон айдоочуга арзандатуусу жок 5500 сом, ал эми качып кеткен айдоочуга 10 миң сом айып салынат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

192-берене "жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу". Ушул кодексте эске алынгандарды кошпогондо, жол кыймылынын эрежелеринин башка талаптарын бузуу – эскертүүгө же жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Транспорт каражатынын, жүктүн, автомобиль жолунун, көчөнүн, темир жол өткөөлүнүн, жол курулмасынын же башка мүлктүн бузулушуна алып келген жол кыймылынын эрежелерин бузуу – жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болсо, адамдын ден соолугуна зыян келтирүү менен жол кыймылынын эрежелерин бузуу – жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

4. Аракеттеринде кылмыштын белгилери жок болгондо, жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен жол-транспорт кырсыгынын катышуучу болуп саналган айдоочу кырсык болгон жерди таштап кетсе –
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Жарандык-укуктук жоопкерчилиги камсыздандырылган адам эгерде жол-транспорт кырсыгынын катышуучусу милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык кырсык жөнүндө биргелешип кабарлоо түзүү укугун пайдаланган шартта, транспорт каражатынын бузулуусуна алып келген бул беренеде каралган жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
184020;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: