реклама
super.kg logo

Садыр Жапаров Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча: "БШКдагы ызы-чуу басылбай жатса, башка көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле?"

 

Президент Садыр Жапаров “Арыба” сайтына берген маегинде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча комментарий берди.

Президенттин айтымында, БШКда шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга байланыштуу коомчулуктун кайсы бир бөлүгү ызы-чуу болуп, нааразы болуп турганда акылы жок адам гана мындай нерсеге буйрук бере алат.

"БШКдагы ызы-чуу басылбай жатса, дагы бир көйгөйдүн мага эмне кереги бар эле? Мындан сырткары бүткүл дүйнөлүк коомчулук ушул убакта биздин ар бир кыймыл-аракетибизге байкоо салып турат. Анан ушундай иш жасап жапайычылыкка барыш үчүн эси жок адам болушуң керек. Кудай сактасын, ар бир ишти жети өлчөп, бир кескен адамдарданбыз. Андай кадамдарга барбайбыз. Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыгышты. Көп өтпөй муштаган бала кармалып, камакка алынды. Өмүрбек Текебаевдин телефону кайтарылды. Жөн гана "Текебаевге жинибиз келип, сен тажаттың деп митингден кубалаганы келген элек” деп көрсөтмө берип жатышат. Биз башында окуя болор замат ойлодук эле. “Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?” деп. Текебаев болсо, “бийликтин заказы” деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана жек көрүүдөн улам “митингден кубалайбыз” деп келишкен тентектер болуп чыкты. Мындай жек көрүүлөр адамдар арасында бир эле Текебаевге эмес, баарыбызга бар. Ар кимибиздики ар башка санда. Ким качан, кайсы жерге митинг өткөрсө укук берип койгонбуз. Бирок бул укугубузду мен бийликке келгенге чейин колдонгонго мүмкүнчүлүк берчү эмес.

Эсиңиздердеби? Бакиев, Атамбаев менен Жээнбеков убагында “митинг өткөрөм” десең алдын ала мэрияга сөзсүз түрдө билдирүү берчүсүң. Уруксат алчусуң. Ошондо да аянтка же башка жерге эмес, Горький багына уруксат берип коюшчу. Азыр болсо, билдирүүсү жок эле каалаган жериңе уюштура бересиң. Бирок негиздүү, тынч митингдер болсун. Эч кимдин бирөөнү митингден кубалаганга акысы жок", - деген Садыр Жапаров.

1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
03.12.2021. 14:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
320
Катталган:
19-07-2021
Соӊку аракети:
04-01-2022 12:25
Жынысы:
Белгисиз
-18
Президенттин депутаттардын артыкчылыгын алып жатканын толук колдойм.
03.12.2021. 14:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
22-03-2020
Соӊку аракети:
16-01-2022 07:20
Жынысы:
Белгисиз
+31
Озу чалынып жыгылсада президентти куноолой беришкени туура эмесда.
03.12.2021. 14:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
154
Катталган:
29-11-2019
Соӊку аракети:
16-01-2022 23:13
Жынысы:
Белгисиз
+29
Текебаев жөн гана тынч турса шайлоонун жыйынтыгы чыгат эле да. Чынында эле тажатты ушул 30 жылдан бери келетат. Эл кыйналып турганда митинг уюштуруп.
03.12.2021. 14:37 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
835
Катталган:
15-10-2021
Соӊку аракети:
15-01-2022 21:28
Жынысы:
Белгисиз
-30
Президент башы менен кочодогу тентектер уруп коюптур дегени канчалык кулкулуу...

Ал жерде чындап эле 2 автобус эл Токмоктон келгени, Токмок шаардык депутаттары, Токмок шаарынын мэринин достору, Чуй-Кемин округунан талапкер болуп депутат болуу алдында турган Саккараевдин угутчулору ж.б. журсо, анан кантип эле кочодогу бир тентек уруп телефонун, коз айнегин алып койгон болот?!

Президентинердин АШАга окшоп куудулдук онору бар окшойт.....
03.12.2021. 14:43 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
08-10-2021
Соӊку аракети:
25-12-2021 17:28
Жынысы:
Белгисиз
+28
Президентибизди колдойлу!
03.12.2021. 14:44 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
08-10-2021
Соӊку аракети:
25-12-2021 17:28
Жынысы:
Белгисиз
+25
Красавчик аябай соонун адамсыз!
03.12.2021. 16:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1119
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
17-01-2022 05:52
Жынысы:
Белгисиз
-1
Текебаев уяты жок!Балээни элди ойлойбу ушул?
03.12.2021. 23:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
20-01-2014
Соӊку аракети:
16-01-2022 09:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Теке сен эле эмес акйчиктен баштап ашага чейин эсине келтирип турган,эсиң барда эттегиңи жыйып алдын-молодец.(ии калган коммен.и "даканцаларда)баштагыла.....
04.12.2021. 01:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
15-12-2020
Соӊку аракети:
16-01-2022 15:03
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бакиевти деле жок жерден коп куноого батырышты ал болгондо жакшы онугуп калмакбыз азырга чейин эми Садырды колдойле Текеге окшогондордун жолун тосуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
184020;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: