реклама
super.kg logo
  Саясат  

Дебат: Өмүрбек Текебаев: "Бүгүн баары Кумтөрдү алдык деп жатышат. Биз "Центерранын" бир мыгын да ала элекпиз"

 

Бүгүн, 24-ноябрда КТРКда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун үчүнчү күндүк дебаттары өтүп жатат. Анда "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров "2012-жылы Садыр Жапаров Кумтөрдү өлкөгө кайтаруу боюнча демилге көтөргөндө сиз ошол демилгени колдобой койгонсуз. Ошого эмне себеп болду эле?" деген суроо узатты.

"Ата Мекен" партиясынын жообу: "Садыр Жапаровдун 2012-жылы Жогорку Кеңешке сунуш кылган токтомун колдогондо Кумтөр Кыргыз өлкөсүнө өтүп калмак эле деген жаңылыш түшүнүк бар. Ал токтомду биз колдогон эмеспиз. Анткени 2003-2009-жылдардагы элге каршы келишимге кол койгон аткаминерлер жазалансын деген биздин сунуш ал токтомго кирбей калган. Чыккынчыларды, саткындарды эл билсин, алар жазалансын деген принцип менен чыкканбыз.

Экинчиден бүгүн баары Кумтөрдү биз алдык деп айтып жатышат. Мен мына азыр ачык айтып койгум келет. Биз Центерранын бир дагы акциясын алганыбыз жок. Биз Кумтөр Голд Компанинин бир мыгын дагы өзүбүзгө алганыбыз жок. Алыш үчүн кызыл китеп дегендей бир документ болуш керек. Биздин мыйзамдарга ылайык аны өткөрүп алышыбыз керек. Биз өткөрбөй эле Кумтөрдү басып жатабыз. Патруль кызматкери унааны алып айып аянтына коюп койгондой эле коюп койдук. Ээси качан келет, эмне деп сүйлөшөт, эмне берет деп эле күтүп турабыз. Эгер мен туура эмес айтсам эртең президенттин маалымат кызматы Текебаев туура эмес айтып жатат десин".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
25.11.2021. 09:21 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
02-09-2021
Соӊку аракети:
27-11-2021 16:29
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштин баары биякта дегиле
25.11.2021. 12:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
05-01-2018
Соӊку аракети:
29-11-2021 12:02
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сайрап жүрүп эмне кыйраттыңар Теке? На словах Лев Толстой на деле … простой болбогулачы!
25.11.2021. 12:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
541
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
29-11-2021 02:28
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болду,Центерранын Кыргыз окмотуно тиши отпойт.Теке,кайсы жерде акча болсо,баары ошол тарапка ооп кетет.Кумторду Кыргызстан озу иштетип жатат.Эми женилсе да,женсе да утуш Кыргызстандыкы.
25.11.2021. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
22-07-2020
Соӊку аракети:
28-11-2021 21:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буткон ишке сынчы коп дегендей,ар нерсени сындай берсе боло берет.Сен Теке ошончо жыл парламентте отуруп нени кыйраттын?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
181042;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: