реклама
super.kg logo

"Биринчи же төртүнчү аял болуп турмушка чыгайын дегем, бирок андай жоопкерчиликти алган мырза жок экен" дейт Назира Бегим

 

Мындан 4 жыл мурун көп аял алууну мыйзамдаштыруу керек деп сунуштап чыккан журналист Назира Бегим теле алып баруучу Назира Айтбекованын Ютуб каналына маек берип, бул сунуштан кийин көпчүлүктүн "таламында" калганын айтты.

"Мен ошондо мындай ызы-чуу болот деп ойлогон эмесмин, бирок ал сунушту жазганга чейин турмушка чыкпай жүргөн кыргыз кыздар, кыздардын сыртка чыгуусу жана башка маселелерден кабарым бар болчу. Ошондуктан жазган билдирүү эле, бирок андан кийин менин айланам тазаланды. Дос, курбу деп жүргөн адамдар менин бул пикиримди билгенден кийин жүз буруп кетишти, мени сөөмөй кезеп көрсөтүшүп, каршы пикирлерин таламай жол менен айтып жатышты. Айтор, 2 аял десе Назира Бегимди, Назира Бегим десе 2 аялды элестетип калышты", - деди Назира Бегим.

Алып баруучу Назира Айтбекова анын пикири менен анчейин макул эместигин билдирип, Назира Бегимдин жеке жашоосу кандай экендигине кызыкты.

"Бардык адамдарда кызганыч бар, бирок бүгүнкү күндө аялдарда бул нерсе аша чаап кетти. Мен дайыма аялдарга киндиктен өйдө ойлонгула деп айтып келем. Аялдык тилектештик болуш керек. Менин көп аялдуу аябай көп тааныштарым бар, мамыр-жумур жашап жатышат. Бирок мыйзамда эркек 2 же андан ашык аял алып, бир үйдө чарба жүргүзсө бул кылмыш катары саналат.

Мен өзүм 2 жолу турмуш кургам. Кызым бар. "Бул бирөөнүн 2-аялы, ошону мыйзамдаштыра албай жүрөт" деген кеп чыгарышкан. Эч кимдин 2-аялы эмесмин, башынан эле айткам, мен болсом биринчи же төртүнчү аял болом дегем. Мунун баары шарият жолунда, таза, адилеттүү болот деп айткам. Бирок мындай адилеттүүлүктү, жоопкерчиликти ала турган эркектер жок экен, ошол себептен мен турмушка чыкпай жүрөм", - деди Назира Бегим.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(18)
29.10.2021. 12:57 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
84
Катталган:
25-10-2021
Соӊку аракети:
22-11-2021 01:07
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мунун Хижабы бар элего, уже жоолукту аркага салына баштаптырго.
29.10.2021. 13:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
19-07-2021
Соӊку аракети:
16-11-2021 13:18
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bishkek-Kg,
Башына хиджаб оронуп алса эле аялдар бактылуу кетишпейт. Анын баары жөн гана жалган гипотеза.
29.10.2021. 12:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1403
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
29-11-2021 10:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
-3
Тоок Мээ!!
Ит да итаягын коруйт, Аялдар тем более Куйоолорун Эч кимге ыраа корбойт!!
29.10.2021. 16:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
29-11-2021 10:20
Жынысы:
Белгисиз
+5
Medina87,Аллах алам десе 1 секундда алып коет.Баары Аллахга таандык.
29.10.2021. 13:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
15-12-2020
Соӊку аракети:
26-11-2021 17:59
Жынысы:
Белгисиз
+5
Учунчу деле боло берсе болбойбу
29.10.2021. 13:45 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
07-10-2021
Соӊку аракети:
29-11-2021 11:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба
29.10.2021. 13:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3805
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
28-11-2021 23:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Ана сага хайп.
29.10.2021. 14:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3012
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
29-11-2021 11:32
Жынысы:
Белгисиз
+4
Норма эркек албайт да бул катындын кебетесин коруп туруп
29.10.2021. 14:45 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
29-11-2021 11:57
Жынысы:
Белгисиз
-4
Башына оронбой эле, жакшынакай жасанып жургондо буга деле суктанып, коз арткандар болмок. Бойдок эркектер деле толтура. Кандай болгон кундо да адамды сулуулук озуно тартат.
29.10.2021. 18:26 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
23-08-2021
Соӊку аракети:
29-11-2021 02:26
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул коп аялдуулукту колдогон адамдарга тан калам .Бироого экинчи болгондон коро Омур бою бойдок откон жакшы.Ниети Жакшы эркек эч качан экинчи аял алам дебейт.Негизи эркексиз деле жашоо сонун,ажырашып кетсенер сразу кантип кайра куйоого тийгенди ойлонбой лучше оз жашоонорда ондогонду уйронгуло озунорду онуктургуло
30.10.2021. 13:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
134
Катталган:
01-02-2021
Соӊку аракети:
28-11-2021 02:59
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chagylgan7, оюңа кошулам.
Marni түзөттү 2021-10-30 13:02:17
29.10.2021. 21:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1041
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
28-11-2021 23:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка улутка тажик Кытайга ойнош болуп жүргөндөн көрө 3-4 аял болсо да кыргыз жигиттерине тийген жаман эмес го
29.10.2021. 23:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
432
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
28-11-2021 19:36
Жынысы:
Белгисиз
+8
Asmat84,Асмат сен ал ушул эжени .Тийем десем албай жатат деп ачык айтып жатат.3 4ту койо туралы 1 катынды бага аласынбы абал?Тажик озбеке тийгендер оз азабын оздору тартып жатат,оз куноолоруно оздору жооп беришет,а бирок биздин Кыргызстанда 4 бала жана 1 аялды багыш учун кайсы жумушта иштоо керек?4 катынды Москвага жонотосунорбу иштеп кел деп же.
29.10.2021. 23:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
432
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
28-11-2021 19:36
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайдагы бир акылы жок,озун сенсация кылгысы келген бир катынды жактап чыккандар баарынар ушул жерде экенсинерда.Афганистанга баргыла,остров мечты ошол жерде экен.1катынга 3 эркекда нике кыйдыра берет экен,же жаш балдарды катындыка алат экен.Назира Бегим туптуз ошол жакабарса 3 желаниясы ишке ашат.
30.10.2021. 00:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
199
Катталган:
16-08-2011
Соӊку аракети:
29-11-2021 12:16
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизи динибизде эки же андан ашык аял алуу менен,кайсыл убак болбосун социалдык маселелерди жеңилдетүүнүн жана чечүүнүн жолу катары эсептелип келинген.Азыркы көпчүлүк ойлогондой жаш кызды экинчи аял кылып алуу эмес, жашоо шарты начар, жаш балдары бар жашоосу оор ж.б ушул сыяктуу инсандарга үйлөнүп ошолордун муктаждыгын камсыздоо эсептелет. Ал үчүн диний жактан билимдүү, моралдык, материалдык финансылык жактан даяр болуу керек. Сөз менен айтканда эле болбосо иш жүзүндө эч ким үйлөнбөйт 2-3 аялга
30.10.2021. 05:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
533
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
28-11-2021 13:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
zilish_kg,аялга социалдык жактан ага үйлөнбөй эле жардам берип, бутунан тургузма болот. Керек болсо жумушка киргизип, же өз кичине ишин ачып бергенге болот каалоо болсо.
30.10.2021. 15:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
435
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
23-11-2021 14:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылы жок аял экен. Бул ырчыбы?
30.10.2021. 15:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
435
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
23-11-2021 14:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркектер 4 аялды коюп бир аялды тыныраак багып алгылачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
181042;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: