реклама
super.kg logo

"Инстаграмда отурган жаштар менден үлгү алышат" дейт Лазат Нуркожоева (маек)

 

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун карындашы, “Кыргызстан сулуусу-2020” сынагынын жеңүүчүсү Лазат Нуркожоева 9-октябрь күнү шаардагы отелдердин биринде 21 жашын белгиледи. Туулган күндүн өтүшү чоң талкууну жаратты. Лазат ушул талкуулар боюнча SUPER.KG порталына жооп берди. Мындан тышкары, анын жеке жашоосу, балалыгы, Садыр атасы (ред. Садыр Жапаровду өзү ушундай атайт) тууралуу дагы кеп кылдык.

- Лазат, саламатсызбы? Өтүп кеткен туулган күнүңүз кут болсун. Туулган күн кандай өттү? Бул кечеде сизге жакканы, эң эле эсиңизде калганы эмне болду?

- Саламатсызбы, рахмат. Туулган күнүм былтыркы жылга караганда жакшы өттү. Бир жыл мурун, 9-октябрь күнү өзүңүздөр билгендей эле өлкөбүздө баш аламан болуп турган учур болчу. Туулган күнүм ошол күндөргө туш келип калган. Ал күнү биз келечегибизге кайдыгер карабаган жаштар менен чогуу аянтка чыкканбыз. Бул жылы бардыгы жакты. Эң эле эсимде калганы эртеси болду.

- Бул кечеден кийин ар кандай комментарийлер жазылды, айтор, туулган күнүңүз көп талкууга жем таштады. Сиз буга кандай жооп берет элеңиз?

- Ооба, мен деле мынчалык катуу талкуу болот деп ойлогон эмесмин. Анткени туулган күн бул бир жылда бир келүүчү өздүк майрам. Ошондуктан ар бир адам жакындарынын курчоосунда тосконго толук укугу бар. Мен деле жаман оюм жок, жанымда жүргөн курбуларым, досторум, бирге машыккан таеквондисттер, бир жыл бою чогуу жүргөн устаттарым жана окуучуларым менен өткөрдүм. Коноктордун катарында мен сыйлаган, жакшы көргөн эжелерим Айзада Жамгырчиева, Назира Бердигулова, жеке машыктыруучум Нуриса Мамбеталиева, дайыма мени сулуулаган Айпери Суранчиева чакырылган.

Биринчиден баса белгилеп айткым келгени, бизди ата-энебиз кичинекейибизден эле ысырап кылбоого үйрөтүшкөн. Ал эми конокторумдун көбү мен курактуу болгондуктан, биз эч кандай мал союп, эт тарткан жокпуз. Биринчи, экинчи тамагы менен эле узап кетишти. Ал эми Орусиядан ырчыларды чакырыптыр деген сөздөр карандай калп, жалган сөз. Мен эч кандай чет мамлекеттен ырчыларды чакырган жокмун жана мен өткөргөн кечеге чет мамлекеттердин жарандары катышкан жок.

Баарыңыздар билгендей эле, 10-октябрь күнү Бишкек шаарыбызда биринчи жолу чоң, масштабдуу фестиваль өтмөк. Ошол фестивалга катышкан ырчылар мен туулган күн өткөргөн мейманканада жайгашыптыр. Ошолордун арасында талкууга алынган Мияги жана Эндшпиль аттуу ырчылары да болгон. Мен конокторумду тосуп алайын деп фойеге түшсөм, бардык артисттер чогулуп эл менен сүрөткө түшүп жатыптыр. Мен деле эл катары эле сүрөткө түшүп, Инстаграмга жүктөп койсом ушундай туура эмес маалымат тарап кетиптир. Ал жерде жалгыз эле мен эмес, аларды тааныган бардык жаштар сүрөткө түшүшкөн.

- Былтыр “Кыргызстан сулуусу” болгондон бери жашооңузда эмнелер өзгөрдү? Азыр эмне менен алексиз?

- “Кыргызстан сулуусу” наамына ээ болгондон бери жашоомдо чоң өзгөрүү болду. Мен өзүмө чоң жүктү илип алганымды түшүнбөптүрмүн. Мурун Инстаграмда 9 миң катталуучум болсо, азыр 147 миң катталуучум бар. Бул өтө жоопкерчиликтүү кадам. Анткени бардык Инстаграмда отурган жаштар менден үлгү алышат. “Тажрыйбаңыз менен бөлүшүңүз” деп суранышат.

Ошондуктан жаштарга, кыргыз элиме таасири тие турган жакшы иштерди кылганга аракеттенип жатам. Баарыңыздарга белгилүү болгондой эле, эки жума мурун 2021-жылдын сулуусу тандалып, ага таажымды тапшырдым. Азырынча окуумду, спорт менен машыгууну улантып жатам. Чакырылган фотосессия жана көргөзмөлөргө да убактымды бөлүп, дизайнерлер менен иштешем.

- Былтыркы сулуулар сынагы менен быйылкы сынактын айырмасы эмне болду?

- Былтыркы сынак менен быйылкы сынактын айырмачылыгы өтө чоң болду. Мен мурдагы жылы мыкты даярдыгым, ушунча жылдан бери топтоп келген тажрыйбам менен айырмалангам. Бул жылы бардыгы Лазаттыкындай видеовизитка болсун деп, меникиндей жасаганга аракет кылышты. Укмуштуудай шоу программа менен өттү.

- Өзүңүз, ата-энеңиз тууралуу айтып бериңизчи

- Өзүм 2000-жылы Каракол шаарында төрөлгөм. Башталгыч классты Балыкчы шаарынан окуп, кийин Бишкекке көчүп келгенге туура келди. Окуумду Бишкектен уланттым. Юридикалык колледжге тапшырып, ийгиликтүү аяктадым. Азыр Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында соттук-прокурордук ишмердик боюнча билим алып жатам, 3-курстун студентимин.

Атам жөнүндө айтсам, ал эң күчтүү, сабырдуу, үлгү ала турган киши. Эки жогорку билимдин ээси. Өмүр бою өзүнүн ак эмгеги менен иштеп, чоң ийгиликтерге жетишкен. Азыр эч кандай мамлекеттик жумушта иштебейт. Апам болсо жогорку билимдин ээси, педагог. Турмушка чыкканга чейин мугалим болуп эмгектенген. Турмушка чыккандан кийин бизге татыктуу тарбия берип үйдө. Ал эми азыркы учурда өзүнүн ишканалары бар. Москвага Кыргыз өлкөсүндө тигилген кийимдерди жөнөтүп турат.

- Бала чагыңыз кандай өткөн? Мектепте кандай окуучу элеңиз?

- Бала чагым аябай бактылуу, кызыктуу, телефон жок мезгилде өткөн. Ошого аябай сүйүнөм. Азыр дээрлик бардык балдардын балалыгы телефондо өтүп жатканы өкүндүрөт. Мектепте жакшы окугам, дайыма активисттердин катарында жүрчүмүн. Ошол убакта эле сулуулук сынактарына катышчумун.

- Былтыр маекте “Аалам сулуусу” сынагына катышкым келет деген экенсиз. Алдыда мындай мүмкүнчүлүк барбы?

- Менин алдыга койгон максаттарым абдан чоң. Буюрса, Кыргыз өлкөсүнүн маданияты, жаратылышы, меймандостугу менен бүткүл дүйнөгө даңазалайм деген үмүтүм бар.

- Садыр атаңыз менен кабарлашып турасызбы? Карындашы катары колдоп, өз кеңештерин берип турса керек?

- Ооба, кабарлашып турабыз. Азыр жумушу абдан көп, колу бошобойт. Эртеден кечке чейин иштейт, дем алыш күнү да бошобой жатат.

- Сулуулук сиз үчүн...?

- Адамдын ыйманы, билими, ички дүйнөсүнүн сулуулугу, акылы, адамгерчилиги.

- Алдыга койгон максат-кыялдарыңыз кандай?

- Алдыга койгон ой-максаттарым, буюрса, акырындык менен ишке ашып келе жатат. Ал эми жашоодогу аял затынын кыялы бул бактылуу үй-бүлө болуш керек.

- Кыргыз өлкөсүнүн сулуусу болгон кыздын артынан чуркаган жигиттер көп болсо керек? Жеке жашооңузда абал кандай?

- Буга чейин деле көп болчу. Жеке жашоом сыр бойдон калсын.

- Маегиңизге рахмат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(30)
14.10.2021. 12:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
19-07-2021
Соӊку аракети:
16-11-2021 13:18
Жынысы:
Белгисиз
-21
Азаматсын ишине ийгилик. Ушундай сулуу, жагымдуу болуп журо бергиле кыздар. Сулуулук жакшылыктын, ийгиликтин, эркиндиктин белгиси.
ayzhan12 түзөттү 2021-10-14 12:34:38
14.10.2021. 16:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
632
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
29-11-2021 02:49
Жынысы:
Белгисиз
+4
ayzhan12,вебкам модель болуп иштегиле сага окшоп!
14.10.2021. 12:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
849
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
10-11-2021 21:14
Жынысы:
Белгисиз
+17
Мындан улгу алган жаштар кандай болмок эле, калпычы, женил ойлуу, мактанчаак, доступный болуп осот да.........
14.10.2021. 13:29 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
29-11-2021 00:17
Жынысы:
Белгисиз
-11
Antiradikal3,
Аялдарды, кыздарды басмырлагандар айбандан айрыманар жок. Сендей талибан сымал, мыкаачылардан эч ким үлгү алгысы келбейт. Бул сулуу кыздын тырмыгына тең келе албайсың. Ушул татыганакай кыздын денгеелине жетип алгыла биринчи. Көрө албастыктын да чеги болот.
alimbek94 түзөттү 2021-10-14 13:37:16
14.10.2021. 18:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
29-11-2021 02:28
Жынысы:
Белгисиз
+10
alimbek94,Мобу Алимбек менен Айжан бир эле адам.Чынбы достор?
15.10.2021. 18:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
22-03-2020
Соӊку аракети:
29-11-2021 00:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Mister-XXX, точно ошондойго
15.10.2021. 10:45 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
26-08-2021
Соӊку аракети:
29-11-2021 10:09
Жынысы:
Белгисиз
+5
alimbek94,апеей не анча кошоматчы болуп кеттин?Лазат учун талибтерге тенеп жибердин го
14.10.2021. 13:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
19-07-2021
Соӊку аракети:
16-11-2021 13:18
Жынысы:
Белгисиз
-13
Antiradikal3,
Татынакай, сулуу, жагымдуу болуу - кылмыш эмес. Оозунан насвай кетпей, сасып жүргөндөн көрө, адам баласы ушундай татынакай жүздөрү менен үлгү болгону жакшы.
ayzhan12 түзөттү 2021-10-14 13:47:59
14.10.2021. 12:39 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
23-08-2021
Соӊку аракети:
29-11-2021 02:26
Жынысы:
Белгисиз
+17
Атамбаев убагында балдары мынчалык хайп кармабады Эле .Наоброт кызынын свадьбасы чакан 3-4 адам арасында откон .Мына Садыр АТАНАРДЫН убагында даже эшигиндеги кучугу да кундо канча маал тамак жегенин супер кжге чыгарып жатышат .Дагы эзилип Садыр авам дегендердечи аллергия жон Эле.Батыраак жоголуп кетсинчи ушул президент да
14.10.2021. 12:41 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
155
Катталган:
04-09-2021
Соӊку аракети:
29-11-2021 00:17
Жынысы:
Белгисиз
-11
Сулуулук - бул бакыт убадасы.
14.10.2021. 13:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1041
Катталган:
02-11-2020
Соӊку аракети:
28-11-2021 23:48
Жынысы:
Белгисиз
+24
Садыр авамды ушул кыз түгөтө турган болду
14.10.2021. 13:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
28-11-2021 23:07
Жынысы:
Белгисиз
+19
Урдум сенин улгунду.
14.10.2021. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
480
Катталган:
10-08-2021
Соӊку аракети:
29-11-2021 02:37
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушу силер ыйман жөнүндө сөз кылбай эле койсоңор, жасаган ишиңер еврейлердин түзгөн системасы, жүрүшүңөр арам-адалы белгисиз. Силер вирттин эле ж...птарысыңарда.
14.10.2021. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
345
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
29-11-2021 00:35
Жынысы:
Белгисиз
+18
Бир пакылдатып койгулачы ушуну тантыратппай
14.10.2021. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
472
Катталган:
06-09-2018
Соӊку аракети:
29-10-2021 12:24
Жынысы:
Белгисиз
-11
Батышчылар менен Текебаевчилердин акча агып аткан каналдарын Садыр бууп койду эле байкуштар, баардык жактан элди кайрап, тукуруп, эптеп аны президенттиктен кетируу болуп атат. Туура кылат, тобого коюп, тизип туруш керек Батышчы менен Текебаевчилерди!
14.10.2021. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
14-10-2020
Соӊку аракети:
28-11-2021 23:44
Жынысы:
Белгисиз
+25
Супер кунуго ушул кызды жазасынар да , кошоматтанбай нормально жанылык жазгыла.Бизге кызыксыз Садыр аванардын тууганынын канча подписчиги бар.
14.10.2021. 13:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
27-04-2012
Соӊку аракети:
28-11-2021 19:46
Жынысы:
Белгисиз
+20
Атан президент болсо үлгү алчулар кошоматчылар көп болот да.
14.10.2021. 13:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
77
Катталган:
14-10-2020
Соӊку аракети:
28-11-2021 23:44
Жынысы:
Белгисиз
+17
Анжелика, Самара,Лазат , Кыргызстанда учоонон башка жаза турган инсандар жокпу?Эмдиги неделяда кайра башынан баштагыла.
14.10.2021. 13:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1403
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
29-11-2021 02:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
+20
"Оозу кыйшык болсо да Байдын Кызы суйлосун"- деп Макалды озгортот окшойбуз)))))
14.10.2021. 13:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1403
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
29-11-2021 02:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
+26
Негизинде КЫРГЫЗдын КЫЗдары Кокурогун(ЭМЧЕГИН) бироого корсоткон эмес!!(Фото).
Биздин КЫРГЫЗдардын МЕНТАЛИТЕТИНЕ туура келбейт, Мин жерден СУЛУУ болсо да!!
Менин жеке оюм!
Минус басмактан ары кеткиле!!
МЕНИН КЫРГЫЗЫМДЫН ЫЙМАНДУУ КЫЗДАРЫНАН САДАГА КЕТСИН ЛЯЗЗАТЫНАР!!!
Хоть, ПРЕЗИДЕНТТИН ЭМЕС БАШКАНЫН КЫЗЫ БОЛСО ДА!!
ЖААНЫЛЫК окуюн десем ушу Жанылык((((
14.10.2021. 14:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
17-09-2016
Соӊку аракети:
28-11-2021 21:18
Жынысы:
Белгисиз
+8
Medina87,баракелде, ушундай дүйнө таанымыңдан, көз карашыңдан кайтпа, сени тарбиялаган ата-энеңе рахмат!
14.10.2021. 15:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1403
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
29-11-2021 02:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алматы
+14
Baktiyar731,
РАХМАТ, КУДАЙ ЖАР БОЛСУН)))
Мен КЫРГЫЗмын, КЫРГЫЗдын КЫЗдары тек КЫРГЫЗдын СИМВОВОЛИКАСЫ болуу керек!!
Тошун,К...Н ачпай!
Сулуулук АДЕП,ЫЙМАНдан башталат!
14.10.2021. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
29-11-2021 02:28
Жынысы:
Белгисиз
+9
Medina87,Сага плюс эле басам ананайын.Кана сага окшоп ой жүгүртсө.
14.10.2021. 14:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
179
Катталган:
15-09-2020
Соӊку аракети:
29-11-2021 10:45
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ар нерсе суйлоп чачылып баратат ушу кыз, менин деле абам президент болсо мен деле чачылып кетсем керек эле)) тамаша
14.10.2021. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
28-11-2021 17:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Сулуу кыз
14.10.2021. 16:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
632
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
29-11-2021 02:49
Жынысы:
Белгисиз
+11
2000 чи жылы туулган болсоң,анан кантип балалыгын телефон жок өткөн?
мен 1991 жылкымын менин балалыгым телефон жок өткөн десем жарашат!
Сен да балп этип коет окшойсуң ашага окшоп
KaGaH түзөттү 2021-10-14 16:41:54
14.10.2021. 22:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
158
Катталган:
22-01-2019
Соӊку аракети:
29-11-2021 00:59
Жынысы:
Белгисиз
+7
Э оол тусу суук жинге тийип кайра кайра озун пиар кылып.мерези куюлуп турат,ушуну корсом аллергия ,голосу дагы эркектикиндей чыгат экен.
15.10.2021. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
14-07-2021
Соӊку аракети:
28-11-2021 23:57
Жынысы:
Белгисиз
+5
Лазат, Лазат эле болуп калдыго бары. Кичине жогото тургулачы.
15.10.2021. 11:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1050
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
29-11-2021 10:20
Жынысы:
Белгисиз
+5
Садыр атанын баркын куп кетирип жатасын(((
15.10.2021. 18:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
480
Катталган:
10-08-2021
Соӊку аракети:
29-11-2021 02:37
Жынысы:
Белгисиз
+4
Болушунча, же полный контакт дейбизби, же махсимум дейбизби, айтор до того бойонуп, жасанып ушунчалык эле же орто эле сулуу болуп турат, эгер жүзүн жууса артыңы карбай качасыңго жүрөгүң түшүп!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: