реклама
super.kg logo

Беш балалуу болгондо аялын өлтүрүп, камактан чыгып келип өз кызын зордуктап... Жумгалдагы окуянын чоо-жайы

 

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда 54 жаштагы тургун өзүнүн 13 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн Нарын ОИИБи кабарлаган.

Кыздын абалын билүү үчүн SUPER.KG порталы Жумгал райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Аида Бектургановага байланышты. Анда ал буларга токтолду.

"Кыз учурда Жумгалда эжесинин колунда. Кызга башкармалык тарабынан реабилитациялык жардам көрсөтүлүүдө. Психологдор иштеп жатат. Эми, албетте, жаман окуя болду. Кызга бир аз оор болуп жатат, бирок биз колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз", - дейт Бектурганова.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, шектүү 2010-жылы жубайын өлтүргөн деп айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган.

"Шектүү 2010-жылы үй-бүлөлүк уруш-талаштан улам аялын өлтүргөн. Экөөнүн ортосунда 5 баласы калган. 4 уул, бир кыз. Ошондо азыр зомбулук кылган кызы бир жарым жашта болгон. 5 баланын тең туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгон. Мыйзамдуу өкүлү балдардын чоң энеси болуп, ал балдарды өзү багып калган. Чоң энеси балдарды өтө жакшы караган, балдар мектепте окуп, тыкан, таза жүргөн. Ал кезде да биздин карамакта болгон экен. Бирок шектүү киши жазасынын 8 жылын өтөп бүткөн соң чоң эне сотко кайрылып, "мен карып калдым, атасы балдарын өзү баксын" деп тийиштүү документтерди чогултуп, абактан чыгарып алган. Шектүүгө пробация мыйзамы колдонулуп, ошонун негизинде көзөмөлдө болуп келген", - дейт Бектурганова.

Кызды атасы зордуктап жүргөнүн алгач туугандары билишкен.

"Ушул жылы сентябрь айында кызды эжелери Бишкекке алып келип, окууга кийим алып беришмек. Бирок атасы анын шаарга баруусуна каршы болуп жатып араң жөнөткөн. Кыз жолдон эсин жоготкондон улам туугандары аны ооруканага алып барууну чечишкен. Бирок кыз ыйлап, барбай турганын айткан. Ошондо алар себебин сурашканда ал ыйлап, атасынан зордук көрүп жүргөнүн айтып берген. Кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында ал зордукталганы аныкталган.

Азыркы учурда кыз мектепке бара элек, балким, шаарга кетип калышы мүмкүн. Себеби ал дарыланууга, ар кандай жардамдарды алууга муктаж. Азыр ошол жагын карап жатабыз. Кыз өзү көп сүйлөбөйт, жоош. Ал мектепте жакшы окуп, тыкан кийинип жүргөн. Ал эми балдардын чоң апасы ооруп Бишкек шаарында.

Шектүүнүн 4 уулунун экөө мектепти аяктаган, бирөө Бишкектеги музыкалык окуу жайда билим алат, бири кыз менен чогуу эжесиникинде. Кыздын атасы намаз окуган, ичимдик ичпеген, айылда трактор айдап, мал багып иштеп жүргөнү белгилүү болду", - деди Аида Бектурганова.

кошулду





Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы болобу?

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мухамедзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
11.10.2021. 15:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
18-10-2021 11:41
Жынысы:
Белгисиз
+16
Айбан!Мал!Бирок мал да баласын мынтип кордобойт,түрмөдө чирисин!
11.10.2021. 16:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3738
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
23-10-2021 21:50
Жынысы:
Белгисиз
+13
Намаз окуп дейби?
11.10.2021. 16:57 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
26-08-2021
Соӊку аракети:
23-10-2021 18:12
Жынысы:
Белгисиз
+10
Зачееееем намаздын баркын кетирип?олтуруп эле малыш керек мындай атаны
11.10.2021. 19:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-09-2020
Соӊку аракети:
21-10-2021 00:13
Жынысы:
Белгисиз
+8
Атууга уруксат бербесе болбой калды Коомубуз тазаланат эле кичине
11.10.2021. 20:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1449
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
23-10-2021 20:43
Жынысы:
Белгисиз
+8
Байкуш кыз. Тагдырын талкалаган акмак тозокто эмес азыр эле күйсө экен.
11.10.2021. 23:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-10-2016
Соӊку аракети:
23-10-2021 22:14
Жынысы:
Белгисиз
+6
Намаз окубай эле кой акмак!
12.10.2021. 00:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
22-10-2021 19:01
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жин кирген окшойт атасына балким,Аллах билет.Жин башкарганда адам озун билбей коп кылмышка барышы мумкун...
12.10.2021. 15:46 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
27-08-2021
Соӊку аракети:
23-10-2021 21:03
Жынысы:
Белгисиз
-2
JaneEr,намаз окуган молдого жин тийбейт,ал алланын кулу. Молдо өзү жин чыгарат.
12.10.2021. 01:33 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
10-08-2021
Соӊку аракети:
21-10-2021 11:29
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ош жакта кееде кылмыш болуп маалыматка чыгып калса, "Балеенин баары Ош жакта" деп, бир түндүктүк провакатор жазып жүрчү эле, чье то көрүнбөйтко ошол эл душманы!
12.10.2021. 03:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
23-10-2021 13:49
Жынысы:
Белгисиз
+6
Намазкой,таксыр,ыймандуу,жакшы киши деп журушкон экен да бул айбанды азыркы билимге жакын молдоке соройлор.Эл чогулуп барып эле самасуд кылып салбаптыр.Аялын олтурсо 10 жылда чыгарабы?Мына сага "Наш гумманый суд".Жалгыз кызын катын кылып анан кантип намаз окуп журду экен.Кыз коргон кордукту элестетип денем дуркуроп кетти.Атам келди деп суйунсо,атасы бир куну устунон баса калса,дагы катынына окшотуп шаарга жонотпой кызганганго ит акмак.
12.10.2021. 11:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
667
Катталган:
21-07-2014
Соӊку аракети:
19-10-2021 19:34
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айланайын Жумгалдыктар, таш бараңга алып өлтүрүп эле салгылачы акмакты.
12.10.2021. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
332
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
23-10-2021 21:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
Чон энеси да куноолуу экен
13.10.2021. 16:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
20-09-2014
Соӊку аракети:
23-10-2021 19:32
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut,чоң энеси неберелерине милдеттүү эмес. Картайган кемпирдин өзүнө жардам керек.Балдарын чоңойтуу эле кандай түйшүк. Анан картайып алып дагы неберелерине жоопкерчилик алабы. Кемпирди ким багат? Кемпирдин алы жетеби бакканга?
13.10.2021. 03:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
236
Катталган:
09-01-2021
Соӊку аракети:
23-10-2021 04:34
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХ ЗООКУРЛОРГО КАРГЫШЫН КААРЫН ЖААДЫРСЫН
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
178719;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: