реклама
super.kg logo

Сузакта милиция бөлүмүндө каза болгон адамдын аялы: "Жолдошум өз ажалы менен каза болгонуна ишенбей турам"

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы милиция бөлүмүндө эркек киши каза болгону маалымдалган.

SUPER.КG порталына каза болгон жарандын жубайы Дилбар Максутова кайрылып, жолдошунун өз ажалы менен каза болгонуна ишенбей, милиция кызматкерлеринен шек санап жатканын айтып кайрылды.

"Окуя 31-август күнү болгон. Алынган тасмалардан көрсөк жолдошум ошол күнү дүкөнгө кирген. Ортодо кандайдыр бир келишпестик пайда болуп, дүкөнчү кыз милиция чакырткан экен. Аймактык милициянын бөлүмчөсүнөн кызматкер келип аны алып кеткен. Андан кийин эле каза болуп калган. Жолдошум дүкөнгө барганда кызуу болгон, бирок өтө мас эмес экени билинип турат.

Бөлүмчөдө жарым саатта эле каза болуптур. Бирок биз кабарды эртеси, 1-сентябрь күнү уктук. Анда дагы издеп жүрүп таптык. Бизге эч кандай кабар дагы айтышкан жок. Ага чейин кызматкерлер өздөрү билип, күйөөмө медициналык экспертиза жасап коюшкан. Эртеси биз өлүкканадан алып келип, жерге бердик.

Уулум аны майрам сууга алып жатканда кабыргасы сынып кеткенин байкаптыр, колдору карайып, бел жагында кара издери болгон.

Максутованын айтымында, ал ошол күнү жолдошу менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

"Жолдошум экөөбүз ошол күнү эртең менен сүйлөшкөнбүз. Ал кошуна айылда жумушта иштеп жүргөн. Экөөбүз жолугуп базарга бармакпыз. 15 миң сом акчам бар деген. Ошону менен эле ал жок болуп кетти. Мен аны 31-августта издедим. Эртеси ооруканаларга дагы бардым. Жолдошум каза болуп калганын мага иним айтты. Ал ооруп комага түшүп калды деди. Бирок көп өтпөй эле анын жансыз денесин үйгө алып келишти.

Анын кызыктай өлүмүнөн шек санап жатам. Мен милиция кызматкерлеринен көрүп жатам. Алар катуу чаап коюшу мүмкүн. Азыр милиция тергөө жүрүп жатат деди. Мен аларга акыйкат карап берүүлөрүн айтып, бүгүн, 6-сентябрда арыз жаздым.

Жолдошум экөөбүздүн бир уул, бир кызыбыз бар. Уулум жакында үйлөнмөк. Мен жакында эле жол кырсыгына кабылып, ооруп жаткам. Ошого байланыштуу жолдошум кара жумуштарда иштеп жүргөн", - деди Максутова.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан учурда дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин билдиришти.

"Тергөөнүн жүрүшүндө кимдин күнөөлүү экени аныкталса, мыйзам чегинде жоопко тартылат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.09.2021. 19:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
15-04-2021
Соӊку аракети:
28-09-2021 08:31
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындык барбы бизде туугандар?
06.09.2021. 21:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
23-09-2015
Соӊку аракети:
25-09-2021 12:26
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карга карганын көзүн чукубайтда, көрөсүңөр экспертизанын жыйынтыгын кандай чыгарын карапайым элге иштебейт.
06.09.2021. 23:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
223
Катталган:
06-06-2016
Соӊку аракети:
28-09-2021 14:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Баякы эле бей бечара.
07.09.2021. 09:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
559
Катталган:
05-11-2019
Соӊку аракети:
28-09-2021 13:40
Жынысы:
Белгисиз
0
Экспертиза өз ажалы менен эле өлдү деп чыгарары турган иш да. Жакында жеңем өзүнө кол салып каза болду жеңемдин туугандары акемди сен эле өлтүрүп салдың деп милиция экспертиза чакыртышты кирип союп атканда жеңемдин атасы анча мынча нерселерин жаап эле койгула деп атпайбы биз андай болбойт өзүңөр жанталашып чакырдынар эми чындык болсун десек ошентишет күйөө бала бир нерсе кылса жаап эле койгула деп, кийин сурап билип көрсөм бир аял менен эркек киши коркутуп жүрчү экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176959;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: