реклама
super.kg logo

"Мен тирүүмүн. Тарыхта кала турган адам жөнүндө маалыматтар так болсун деп кайрылып жатам" дейт Акжол Махмудовдун апасымын деген Таңсулуу Айдарова

 

SUPER.KG порталына Токио-2020 жайкы Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси, кыргыздын сыймыктуу уулу Акжол Махмудовдун апасымын деп Таңсулуу Айдарова кайрылды. Анда ал жалпыга маалымдоо каражаттарында Акжолдун апасы бир канча жыл мурун каза болгон деген жана башка туура эмес маалыматтар тарап жатканын айтып, так маалыматтарды айтып коюуну туура көргөнүн билдирди.

"Балам тарыхта калгандан кийин ал тууралуу туура маалыматтар айтылышы керек деп ойлойм. Ошол үчүн мен тууралуу айтылган кептерге жооп берип коёюн деп чечтим.

Аты-жөнүм Таңсулуу Айдарова, Акжол Махмудовдун апасымын. Биз 1993-жылы турмуш курганбыз. Турмушта ар кандай жагдайлар боло берет экен... Тилекке каршы, 2005-жылы ажырашып кеттик. Биздин ортобузда 3 уул, 2 кыз бар. Бердике баатырдын урпагымын", - деди Таңсулуу Айдарова.

Ошондой эле Таңсулуу Айдарова Акжолдун кичинекей кезиндеги кыял-максаттары жөнүндө айтып берди.

"Акжол Бишкек шаарындагы №2 төрөтканада 1999-жылы 15-апрелде төрөлгөн.

Акжол кичинекей кезинде зирек, максаты чоң, тазалыкты сүйгөн, боорукер бала болчу. Чоңойгондо сонун көйнөктөрдү алып берем, ошолорду киесиз деп айтып калчу. Сыймык экөөнүн окшош оюнчуктары (конструктор) бар эле. Экөө тең ошолордун ичинен өздөрүнүн фигураларын тааный алышчу.

Алгач Бишкектеги бала бакчага барышты. Акжол агасы Сыймык экөө чогуу бир тайпага барышкан. Алардын тарбиячысынын аты Ширина Имашова болчу. Аны Акжол "Ширина Имашина" деп айтып калчу. Тарбиячы "Таңсулуу, балдарыңды айтчы башкалардын алдында минтип айтпасын" деп калчу. Балдарыма туура аталышын айтсам "апа, сиз жакшылап уксаңыз баары эле ошентип айтышат" деп калышчу. Кийин эжейи ага дагы көндү "мейли, айта беришсинчи деп калды".

Балдарды бала бакчага алып баргандан кийин көп кабаттуу үйлөрдүн подъездерин жууп иштечүмүн.

Ошол убактарда телевизордон алтынчы күндөрү "Арноо концерти", "Ала-Тоо таңшыйт" деген концерттерди берер эле. Ошолорду көрчүмүн. Концерт башталганда "Апажаным, концертиңиз башталды, кирип көрүп алыңыз" деп уруксат беришер эле. Мен телевизор көргөн соң алар кайрадан мультфильм көрүп отуруп калышчу.

Акжолдун кичинекей кезиндеги бир окуяны айтып берейин. Бала бакчада тарбиячысы Акжолго үйгө кийген тапичкесин кийгизе албай кыйналчу экен. Ал эми бакчада бүтүрүү кечеси болуп, балдардын баары ак көйнөк, туфли кийип чыкса, Акжол туфлисин чечип үйгө кийген тапичкесин кийип чыгып алып жатпайбы. Эжейи күлүп, таң калган болчу.

Балдарымдын кылык-жоруктарын баарын сүрөткө тартып, чогултуп койчумун, Тилекке каршы, кийин балдарым атасында калды, менде алардын сүрөттөрү калды... Балдарым менен ар кандай себептерден улам катташпай калдым.

Акжолдун күрөштөрүн көп деле көрбөйм. Жүрөгүм чыдабайт. Күрөш бүткөндөн кийин тааныштардан кандай болду, жаракат алган жокпу деп сурап алам. Алар баарын айтып беришет. Ал кандай медаль алганы көп деле маанилүү эмес. Мен үчүн эң негизгиси Акжол жаракат албаса эле болду", - дейт Айдарова.

Мындан тышкары балдарынын спортко болгон талантын байкап, үй ичинде бош убакыт боло калганда Акжол менен Сыймыкты күрөштүрүп турганын кошумчалап өттү.

"Бош убакыт боло калганда Акжол менен Сыймыкты күрөштүрүп калчумун. Неберелеринин спортко болгон шыгын көрүп таятасы Кудайберди Ноокат районунан Тойто балбандын ташын алып келип, спорт залына белек кылган.

Балдарды сүннөткө отургузуу ырымын жасаганда үйдө эч ким жок, дарыгер чакырып келип, отургузгам... Кийин мени ыза кыла турган жагдайлар жаралды, ыза болдум, ажырашкандан кийин ошол учурда туура кылган экенмин деп ойлондум. 12 жыл балдарымды карап, мээрим төккөнүмө, кам көргөнүмө өкүнбөйм.

Мен тууралуу ар кандай маалыматтар чыгып жатат деп айтпадымбы. Алардын ичинен балдарын таштап кетти деп жатышат. Балдарды таштап кеткен эмесмин... Кайын сиңдим өзүм карайм деп Ошко алып кеткен...(ред. ыйлап)", - деген Таңсулуу Айдарова көп жылдардан бери Москва шаарында экенин кошумчалады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(56)
27.08.2021. 09:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
194
Катталган:
25-12-2019
Соӊку аракети:
14-09-2021 20:19
Жынысы:
Белгисиз
+43
Байкуш эне да!Барибир журогу чыдабаганго,акыйтты айткысы келип .Турмушта нелер гана болбойт,...
27.08.2021. 09:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
17-04-2018
Соӊку аракети:
18-09-2021 01:10
Жынысы:
Белгисиз
+28
бири кем дуйно деген ушу да
27.08.2021. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 17:14
Жынысы:
Белгисиз
+46
Акжол эсин бар адам болсон апан менен катташ. Больосо чемпион болгонун бир тыйын
27.08.2021. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
23-10-2020
Соӊку аракети:
29-08-2021 15:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Мен отуп кеткенго баласын корбой деп жакшы тируу экен
27.08.2021. 09:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
329
Катталган:
31-12-2013
Соӊку аракети:
17-09-2021 17:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+36
Нечен нечен балбандарды женсен дагы, апана болгон каршы ой максаттарынды женип катташа албасан анда сен алсызсын иним...
27.08.2021. 09:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
22-11-2013
Соӊку аракети:
17-09-2021 14:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+40
Атты бээ тууйт деген сөз бар кыргызда. Азаматсыз эже! Кыргыздын намысына жараган баланы жарык дүйнөгө сиз алып келгенсиз, бул кашкайган чындык, аны сизден эч ким талаша албайт. Ал эми тагдырга айла жок, өткөндү эстеп кабатырлануунун кереги жок. Эң башкысы сиздин балаңыз дүйнөнү дүңгүрөттү,бул сиз үчүн бакыт.
27.08.2021. 11:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
220
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 16:18
Жынысы:
Белгисиз
-25
kalbek87,Аны башка аял баккан! Ал апасынын эмгеги не болот
27.08.2021. 11:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
04-06-2021
Соӊку аракети:
18-09-2021 17:51
Жынысы:
Белгисиз
+17
Datka7777, 12 жыл бакан да оз энеси
27.08.2021. 14:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
468
Катталган:
01-01-2016
Соӊку аракети:
12-09-2021 14:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+9
Datka7777, Анын эмгегин ким жеп атат? Же аны ким кууп ийтат? Дөөрүй берет экенсиңда. Тема баккан апасы эмес, төрөгөн апасы жөнүндө болуп жатат!
27.08.2021. 21:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
220
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 16:18
Жынысы:
Белгисиз
-10
Pankration_MMA,тема кылганга акынар жок
28.08.2021. 01:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
468
Катталган:
01-01-2016
Соӊку аракети:
12-09-2021 14:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+5
Datka7777, А сен тема кылдырбаганга акың жок. Сен эмне эле Акжолдун артын жалай баштадың?
27.08.2021. 21:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
296
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
06-09-2021 07:10
Жынысы:
Белгисиз
+8
Datka7777,ушу сен ажыраштырып Акжолду апасынан алып кеткен кайын синдиси окшойсун
27.08.2021. 10:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
15-08-2013
Соӊку аракети:
28-08-2021 14:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Швецария Цюрих
+24
Окууп алып козумо жаш алдым.
Кантсе дагы эне да! Акжол суранам апана барып же телефон чалып кабарын алып кой! Ушунчалык апасына журогум ооруп кетти! Ал эми Тансулуу эже ден - соолук каалаймын! Кудайым буйруса Акжол сиз менен кабарлашат деп ишенем! Акжол жаштык кылып жатат!
Juliakalt түзөттү 2021-08-27 11:00:37
27.08.2021. 11:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1367
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
18-09-2021 18:20
Жынысы:
Белгисиз
-7
.
nazira... түзөттү 2021-08-27 11:17:53
27.08.2021. 11:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 17:14
Жынысы:
Белгисиз
-11
nazira...,ой дура. Эмне очурдун смс
28.08.2021. 17:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
220
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 16:18
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nina.alex,корунгон жерге кыпчылбачы кенгелес
29.08.2021. 09:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
16-12-2019
Соӊку аракети:
17-09-2021 14:43
Жынысы:
Белгисиз
+1
Datka7777, Сенден сураш керекпи каякка кыпчылыш керек экенин? Сендей ыймансыздарга кудайым ыйман берсин.Ар кимдин ишине кийлигише бербей озундун ишин менен алек бол.Сабатсыз десе
27.08.2021. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
18-09-2021 12:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
♡♡♡ОШ♡♡♡
+16
Менин оюм өзгөрдү,Апаң Менен катташ!Эне бир гана жолу берилет
27.08.2021. 11:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
220
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 16:18
Жынысы:
Белгисиз
-21
Эже сиз туура эмес кылгансыз, Акжол ото зирек, акылдуу жигит болуп чонойду. Такыр кабарлашпай койдунуз балдарыз менен! Экинчи апасына рахмат . Силер ажырашсанар балдарда эмне куноо. Жок дегенде телефондон суйлошуп турбайт белениз
Datka7777 түзөттү 2021-08-27 11:35:30
27.08.2021. 11:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
05-05-2015
Соӊку аракети:
18-09-2021 16:04
Жынысы:
Белгисиз
+19
Акжолдун апасы сиз экениңиз талашсыз, азаматсыз
27.08.2021. 11:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
20-12-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эмнеге өзүңүз алып калбаганыңыз өкүнүчтүү, балдар энесине болбосо таежесине анда дагы болбосо тай энесине анан атасында калат. Бирок атасы алимент төлөш керек балдарына
27.08.2021. 12:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 17:14
Жынысы:
Белгисиз
-6
marat-ju,эркектер алименттен качып аялын уруп сабап балдарын алып коюшат кобунчо
27.08.2021. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
220
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 16:18
Жынысы:
Белгисиз
-2
Nina.alex,чокун
27.08.2021. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 17:14
Жынысы:
Белгисиз
-7
Datka7777,.отум жебечи сен коп
27.08.2021. 14:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
20-12-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+9
Nina.alex,кээде эркектер алименттен качып жүргөнүн кезиктиресиң бирок
27.08.2021. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
373
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 03:17
Жынысы:
Белгисиз
0
marat-ju,Алимент төлөбөй,тамак-аш,кийим-кечесин алып бергендер да бар.
27.08.2021. 12:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
998
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
18-09-2021 15:21
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мин жаман болсо дагы торогон апасы.Эч качан олгон деп айтпаш керек!Ал адам болбосо бул дуйного бул жигит келмек эмес!
JaneEr түзөттү 2021-08-27 12:33:21
27.08.2021. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 17:14
Жынысы:
Белгисиз
+5
JaneEr,ошентип уйротуп коюшканго
27.08.2021. 20:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
381
Катталган:
18-03-2013
Соӊку аракети:
18-09-2021 08:32
Жынысы:
Белгисиз
+3
JaneEr,Акжол өзү өлгөн деп айтпаган эч жерде, айткым келбейт ал адам жөнүндө деп айтканын окугам. Анан мынча күч келди дейм да комментарий көпчүлүккө бирөөнүн жеке жашоосун ушунча ызы чуу кылып талкуулап
28.08.2021. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 17:14
Жынысы:
Белгисиз
-4
nargiz-sa,акжол жаман бала окшойт. Калп эле ыймандуу боло берген
28.08.2021. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
220
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 16:18
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nina.alex,Накти жебе далбанушка
27.08.2021. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
468
Катталган:
01-01-2016
Соӊку аракети:
12-09-2021 14:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+13
"Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат" - демекчи, Акжол апаң менен катташып, мээримиңи төкпөсөң, сен алдыгы белиңдеги, билегиңдеги күч менен эч качан күчтүү боло албайсың. Чыныгы күчтүү эркек, мээримдүү, акылдуу жана билимдүү болот. Ошон үчүн энеңе мээрим төгүп, катташууң керек. Эми аял затыда, алсыз-күчсүз болот, эмоцгияга алдырып туура эмес сүйлөп, же жасап алат, ага биз эркектер карабашыбыз керек. Тогуз ай сөөктөрү сыздап көтөрүп, түнү-күнү сөөк, тамырлары сыздап тол
27.08.2021. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
468
Катталган:
01-01-2016
Соӊку аракети:
12-09-2021 14:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+9
Бир өлүмдөн калып төрөп, ак сүтүн эмизген энеңди эч качан чанып кете албайсың. Эч качан сен жаман дей албайсың. Эгер энең менен катташа албасаң сен мен үчүн тирүү өлүксүң, сени аябай сыйлачум, ушуну окуп, апаңдын абалын ойлоп аргасыздан ичим тызылдап, көзгө жаш келип кетти.
27.08.2021. 12:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
18-09-2021 18:56
Жынысы:
Белгисиз
+20
Орустарда бир сөз бар:чужая семья темный лес!обсуждать этпегиле эмне болгонун, Таңсулуу эже менен Акжолдун атасы билет эмне болгонун,өткөн өттү кеткен кетти аркага кайтара албайт эч нерсени,Акжол акылдуу бала,Бишкектен апасына бир батир алперип койсо жанында болот ар дайым келип кетип.апа бул ыйык апанын катасын айтып сен ушундай кылгансың деп өчөшүп сүйлөшпөй койгон бул туура эмес!
27.08.2021. 15:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
394
Катталган:
27-06-2018
Соӊку аракети:
27-08-2021 22:50
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акжол эстуу бала коруносун, соссуз апан менен катташып ыраазы кыл, кандай болгон кундо дагы апандын тогуз ай которуп, толготуп сени жарык дуйного алып келгени эле эмне деген мээнет, 12 жыл бакканын айтпаганда да...
27.08.2021. 15:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
373
Катталган:
31-10-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 03:17
Жынысы:
Белгисиз
+10
Атасы да мыкты адам экен.Апасы деле жакшы аялдай көрүнөт.Бирок атасы үй бүлөнү каттуу кармайт экен.Ошонусу да жакшы.Эгер андай болбосо,Акжол мынчалык ийгиликке жетпесе керек эле.Ал эми эмнеге ажырашты,эмнеге апасы менен катташпайт,ал жөнүндө биздин талкуу кылганыбыз туура эмес туугандар.Бирөөнүн үй бүлөсүндө эмне окуя болгонун биз билбейбиз.Акжол акылдуу бала,апасы менен баары бир катташат.
27.08.2021. 16:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
131
Катталган:
26-12-2015
Соӊку аракети:
29-08-2021 15:22
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бейиш эненин таман алдында дейт! Акжол эсиң болсо энең менен катташ, энеңди ыраазы кыл! Болбосо сенин олимпиаданын 10 жолку чемпиону болсоң дагы бир тыйын!( Москвада жыргаганынан жүрбөсө керек)
27.08.2021. 16:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
387
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 17:14
Жынысы:
Белгисиз
-3
jibew,туура килейип калгыча апасынан кабар албвганы жаман экен.элдин козунчо калп эле ыймандуу боло берет окшойт. Абдан жакшы корчу элем оюм озгорду
27.08.2021. 17:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
20-12-2020
Соӊку аракети:
18-09-2021 13:20
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nina.alex,адамдын жеке жашоосуна киришпей эле койгонубуз туура болот. Өзүнүн ошого жараша маселеси болсо керек, биз билбейбиз да
28.08.2021. 01:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
468
Катталган:
01-01-2016
Соӊку аракети:
12-09-2021 14:20
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+3
marat-ju, кандай маселе, кандай нерсе болгон күндө да бала энеге ак болгонго акысы жок, баарибир бала эненин раазычылыгын алыш керек. Ал проблема Акжолдун атасы менен апасынын ортосундагы нерсе. Акжолдун милдети экөөнө тең бирдей мамиле кылуу. Бирок Акжолго кичинесинен апасын жамандап көндүрдүда.
28.08.2021. 18:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
01-02-2021
Соӊку аракети:
18-09-2021 18:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Pankration_MMA, ооба, бала ата-эненин ортосундагы конфликтке кийлигишпегени оң.
27.08.2021. 18:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1281
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
17-09-2021 01:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Nina.alex,туура
27.08.2021. 17:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
18-09-2021 10:51
Жынысы:
Белгисиз
+10
Иштин баары кайын синдисинде окшойт. Балдарды алып кетиптир
27.08.2021. 17:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
01-02-2021
Соӊку аракети:
18-09-2021 18:36
Жынысы:
Белгисиз
+7
Cүрөттөр сүйлөйт.
27.08.2021. 22:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
21-11-2019
Соӊку аракети:
31-08-2021 23:42
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмнедеримди билбей калдым, Акжол ушунчалык чон ийгиликтерди жараттын, 22 жашында дуйного танылып жатасын, кандай апа торогон экен деп ойлочу элем. Апан менен кабарлашып ушул суйунучунду тен болушпогонун жигиттикке жатпайтго кантседа сени 9 ай которгон. Ушундайында ээсине кел. Сен тураалуу таза ойлордуу очурбо сураныч.
29.08.2021. 01:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
11-11-2016
Соӊку аракети:
16-09-2021 21:07
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз бул эже менен Куршаб айылында коп жылдар бою тушма туш коншу жашап калдык.байкуш Тансулуу эже Акжолдун эски Кыргызстандагы курошторун коруп апама ыйлап кирчу мына менин балам женди деп.азыр кандай суйунуп атканын элестетип атам. Эхх Энеда баарыбир.мен Ошто иштечимун 2014 болсо керек бир де иштен келсем магада айткан баламын суротун кордунбу Ошто илинип турат чемпион болду деп суйунуп.мен билгенден Тан сулуу эже ото жакшы аял.
29.08.2021. 01:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
11-11-2016
Соӊку аракети:
16-09-2021 21:07
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акжол апасын тарткан. Тан сулуу эже соок сактуу колдору жоон бою узун кучтуу аял. Акжол чонойуп акылын кирип кудайым журогуно ыйман берип калса апан менен соссуз катташ, апан сени омур бою кутуп журот мен ошондогу ыйлаган коз жаштарын коруп алып боорум оручу байкуш апана. Апан ото жакшы золотая аял. Апанын ичиндеги арман журок тактарынан бошот эсин болсо. Апанын батасын ал. Ак сутун акта. Не болсода сени тундосу уйкусунан калып тогуз ай ичинде которуп баккан.
my_Opinion түзөттү 2021-08-29 01:31:08
29.08.2021. 01:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
11-11-2016
Соӊку аракети:
16-09-2021 21:07
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен ушул Тан сулуу эженин уну элге жетеерин билгем, акыры эл билди Апасы экенин. Эми Ак жолду кутуп журом бир куну журогуно ыйман кирип апасына барып Кыргыз элин жана апасын кубантат деп) эженин ажырашканынын себебине келсек мен билгеними жазып кетейин. Короче атасы башка менен жашап кетет экен типа ойноп. Кийин аны Тан сулуу эже билип калып уруш чыгат, анан атасы эч пас кетпей моюн бербей уйдон чыгып кет мен сен менен жашабайм деп намысына жёстко тийген экен
my_Opinion түзөттү 2021-08-29 01:48:06
29.08.2021. 01:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
11-11-2016
Соӊку аракети:
16-09-2021 21:07
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анан Тансулуу эже намысына чыдабай уйдон чыгып кеткен экен. Балдарын алып кетейин десе уйундогу кайнеже кайни синдилерида тоскоол болуп бербей кетсен озун кет акабизга башка аял алып беребиз деп намысына тийгенинен. Бул жерде эженида тушунуш керек жондон жон себеп жок эч бир эне оз баласын таштап кетпейт. Бул жерде атасы эжелери Тан сулуу эжени унижать этип ошого жеткирип коюшкан экен. Ошондон анан апасы башын алып уйдон чыгып кеткен экен. Тан сулуу эженин эн чон арманы ушул балдары бирок
my_Opinion түзөттү 2021-08-29 01:42:10
29.08.2021. 01:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
11-11-2016
Соӊку аракети:
16-09-2021 21:07
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эхх Акжол эгер билсен кана апанын канча коз жашы кеткенин силер учун. Байкуш эже туну болсо туну ыйлап кирчу апама менин балам женди деп :( Акжолду атасы эжеси апасына каршы кылып остуруп коюшкан экен типа апан жок жаман адам деп.
29.08.2021. 13:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
20-01-2013
Соӊку аракети:
04-09-2021 23:59
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акжолдун алтын кумушторунон да кымбат энеси бар турбайбы . Ушунча элдин баары сизди колдоп сыйлап турат. Сизге чын ден соолук , узун омур уй булоолук бакыт каалайбыз . Чындык баарын женет. Сизди жузунуз жарык , бактылуу аял болсо деп ишенем.
29.08.2021. 14:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
87
Катталган:
01-02-2021
Соӊку аракети:
18-09-2021 18:36
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сүрөттөр акыйкатты сүйлөп жаткандай. Балдарды 9ай көтөрүп, ак сүтүн берип, түнкү уйкусу төрткө бөлүп, эки чунагын таза, тыкан багып, коомго аралашуусуна шарт түзүп (бала бакча) берген апа менен сыймыктанса гана болот. Тирүү апасын баласына өлүп калган деп айтууга кандай адамкерчиликсиз адамдын оозу барды экен?! Акжол, апаңды тирүүсүндө кадырлап ал. Кийин кеч болуп калат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 3 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 3) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176313;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: