реклама
super.kg logo

УКМК: "Түндүк темир жол" бажысынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды"

 

УКМК тарабынан "Темир жол" бажысындагы коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду.

"Бажы бөлүмдөрүнүн бириндеги туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Тагыраагы
"Түндүк темир жол" бажысынын бажы тариздөө борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун кызматкерлери логистикалык компаниялардын айрым өкүлдөрү менен туруктуу кылмыштуу мамиледе болуп, интернет продуктуну керектөөчүлөрдөн жана логистикалык компаниялардан тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн товарларды өткөзүп туруу үчүн системалуу түрдө акча алып турушканы аныкталган.

29-июлунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, кийинки келген жүктүн мыйзамсыз өтүүсү үчүн акча алып жаткан жеринен "Түндүк темир жолунун" бажы тариздөө борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун инспектору Х.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда "Түндүк темир жол" бажысынын бажы тариздөө борборунун кызмат адамдарынын жана айрым логистикалык компаниялардын бажыдагы коррупцияга тиешеси бар экенин аныктоого, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга бажылык тариздөөдөн мыйзамсыз өткөн онлайн товарлардан келтирилген зыянды аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.07.2021. 16:18 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
19-07-2021
Соӊку аракети:
18-09-2021 18:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Чиновниктердин үстүнөн көзөмөлдүн жоктугу коркунучтуу коррупцияны пайда кылат.
30.07.2021. 18:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1418
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
13-09-2021 13:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай буйруса коррупция жоюлуп мамлекетибиз өнүгүп кетсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176313;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: