реклама
super.kg logo

"Кечкисин жан дүйнөмдү кайгы каптайт". Гүлшайыр Садыбакасова уулунун жылдыгын өткөрдү

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова уулу Эркин Садыбакасовдун жылдыгын өткөрдү. Бул тууралуу ырчы Сайкал Садыбакасова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Урматтуу менин мусулман бир туугандарым! Бүгүнкү Арапа майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Жараткан Аллахым ар бириңиздердин жүрөгүңүздөргө ыйман, аруулук, тынчтык берсин.
Убакыт зымырык куш экен. Эколямдын (ред.: Эркин) кеткенине билинбей эле 1 жыл болуптур.
Бүгүн апам экөөбүз жакындарыбызды чакырып, Эркин инимдин жылдыгын өткөрдүк, кичинекейим менин. Бүгүн сага арналып окулган куран, кылынган дубалардын баары кабыл болсун! Күндүзү күлүп жайнап, өзүмдүн көңүлүмдү көтөргөнгө аракет кылганым менен кечкисин жан дүйнөмдү кайгы каптайт. Ушундай акыбал менде 1 жылдан бери. Сиздерге айтып, бөлүшсөм кадимкидей жеңилдеп калам. Апам экөөбүз кайраттуу болуп, бири-бирибизге күч бергенге аракет кылып жатабыз. Эркиним биздин жаныбызда жүрбөсөң да, ар дайым жүрөгүбүздөсүң. Сенин күлгөнүң, тигилип узак караганың, кучактап эркелегениңдин баары көз алдымда. Сен менин жүрөгүмдө түбөлүк жашайсың, менин бир боорум, Эркиним!", - деп жазган Сайкал Садыбакасова.

Эске салсак, өткөн жылы 26-августта Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин Садыбакасов 18 жашында мезгилсиз дүйнө салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 3 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 3) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
173083;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: