реклама
super.kg logo

Аксыдагы сел агызып кеткен 5 жаштагы Айдардын агасы: "Жок дегенде сөөгүн таап алсак деп үмүтүбүз үзүлбөй жатат"

 

Аксы районунун Ак-Жол, Жаңы-Жол айыл аймактарында 12-июлда сел жүрүп, 8 адам көз жумган. Алардын ичинен 7 адамдын сөөгү табылып, 6 жаштагы баланын сөөгү 3 күндөн бери табыла элек.

SUPER.KG порталы изделип жаткан 5 жаштагы Айдардын агасы Бектенбек Кочкоров менен байланыштык. Ал жок дегенде изделип жаткан инисинин сөөгүн тапсак экен деп үмүттөнүп жатканын айтты.

"Айдар менин бир тууган инимдин баласы болчу. Беш бир туугандын төртүнчүсү. Сел жүргөн күнү айылда күн ачык эле болгон, алар күндөгүдөй эле сайдагы сууга түшүп жүрүшкөн экен. Алардан 5-6 метрдей алыстыкта кишилер дагы болгон. Сел көз ирмемде эле келип инимди агызып кетиптир. Калган балдар качканга үлгүрүп калыптыр, иним алардын эң кенжеси болгондуктан үлгүрбөй калган окшойт.

Аябай ичибиз ачышып жатат. Ата-энесинин абалы азыр оор. Жок дегенде сөөгүн таап алсак болот эле. Үмүт деген баары бир үзүлбөйт экен да. Куткаруучулар келип издеп жатышат. Бирок дагы деле адам аз болуп жатат. Айылдаштарыбыз кайдыгер мамиле кылып жатат, издөө иштерине көп адам чыкпай эле. Акыркы үмүтүбүз эле кумду казып, ошолордун астын кароо болуп жатат. Элден жардам сурайт элек. Бүгүн дагы кайрадан сел келип түштөн кийин издөө иштерин айласыздан токтоттук", - дейт Кочкоров.

12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол айыл аймагындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдын кесепетинен Жолборсту сайында сел жүрүп, 7 адамды агызып кеткен (бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү менен 12 жаштагы бир бала). Мындан сырткары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында көчөдө ойноп жүргөн 2016-жылы туулган баланы агызып кеткен.

Жалпысынан 8 адамды сел агызып, анын ичинен 6 адамдын жансыз денеси табылган. 13-июлда каза болгондордун сөөгү жерге берилди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.07.2021. 23:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
361
Катталган:
05-04-2015
Соӊку аракети:
25-07-2021 07:35
Жынысы:
Белгисиз
+10
Чырагым десе.Журогум ооруп чыкты,менин кенже балам менен тен экен.Тили бал ширин мезгилинде аттин дуйно ай,ата-энесине сабыр тилейм.Бечара кайсы кумдун тубундо калды экен.
15.07.2021. 00:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
108
Катталган:
15-09-2020
Соӊку аракети:
26-07-2021 17:15
Жынысы:
Белгисиз
+15
Садаган кетейиним десе, адашып башка айылда ойноп журсон кана.
15.07.2021. 06:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
03-01-2021
Соӊку аракети:
26-07-2021 22:05
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудайдан болуп табылып калса экен,эл-журт жардам беришсе экен апасына сабыр берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
172754;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: