реклама
super.kg logo

АКШнын жараны бир түн ичинде өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн унутуп, аялын жана кызын тааныбай калган

 

АКШнын Техас штатынын жашоочусу белгисиз себептен улам бир түн ичинде өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн унутуп калды. Мындай маалымат чет элдик ЖМКларда жазылды.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы июль айында 36 жаштагы Дэниел Портер эртең менен ойгонуп өзүнүн аялын, 10 жашар кызын тааный албай койгон. Ал 16 жаштагы окуучу экенин жана мектепке барышы керектигин айткан. Ал чындыкты укканда көпкө чейин ишене албай "ичип алып үйүмө чоочун аялды алып келдимби же мени уурдап кетиштиби" деп ойлогон. Күзгүдөн өзүн көрүп "эмнеге карып, толуп кеткем" деп таң калган. Күйөөсүнүн бул абалына таң калган аялы аны ооруканага алып барган. Дарыгерлер ага убактылуу эс-тутумун жоготуу деген диагноз коюшкан. Мында бейтап өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн же толугу менен унутуп калат. Дарыгерлердин айтымында, мындай абал 2-8 саатка, айрым учурда бир суткага чейин созулат. Бирок арадан 1 жыл өтсө да анын эс-тутуму калыбына келген эмес.

Ал дагы деле аялын жана кызын тааный элек, бирок жаңы жашоосун кабыл алып мурдагыдай эле жашап жатат. Эс-тутуму менен бирге жөндөмдүүлүктөрүн да унутуп калган. Ошондой эле табити да өзгөргөнүн аялы билдирген.

Дарыгерлер эмне себептен мындай болгонун так аныктай алышкан эмес, бирок катуу стресстен болушу мүмкүн деген божомол бар экендиги айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.07.2021. 08:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
21-01-2012
Соӊку аракети:
31-07-2021 18:04
Жынысы:
Белгисиз
+5
Формат болуптурда памяти
10.07.2021. 09:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
137
Катталган:
19-11-2015
Соӊку аракети:
31-07-2021 06:27
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аяш мээсин жеп бүтүптүрда байкуштун
10.07.2021. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
58
Катталган:
21-09-2020
Соӊку аракети:
01-08-2021 19:46
Жынысы:
Белгисиз
+5
биз жакта бул дарт 'жинди болуп акылынан айнып калыптыр' деп аталат го.
10.07.2021. 23:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
337
Катталган:
03-01-2021
Соӊку аракети:
31-07-2021 15:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Коменттер хаха го
11.07.2021. 06:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
11-05-2016
Соӊку аракети:
14-07-2021 13:02
Жынысы:
Белгисиз
0
Альцгеймерлер ошондой болото. Ошого алар уктаган болмого кузгу коюшпайт. Жалан оздорун жаш малындагыдыдай элестетишет. Озунун картан кебетесин коргондо психический взрыв болугатго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
173083;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: