реклама
super.kg logo

Коронавирус: Өлкөдөгү аэропорттордун аэробекеттерине кирүүгө убактылуу чектөөлөр кирди

 

Узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине кирүүгө убактылуу чектөөлөр кирди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

"Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу жана COVID-19 коронавирусунун жайылышын алдын алуу максатында "Манас" эл аралык аэропорту ААКсы 2021-жылдын 24-июнунан тартып "Манас", "Ош" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторунун аэробекеттерине узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн убактылуу кирүүгө чектөө киргизет.
Аэропорттордун имаратына көрсөтүлгөн күнгө учууга билети бар жүргүнчүлөр гана кире алышат.
Бул чектөө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө калат.
"Манас" аэропорту жүргүнчүлөр жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн кабыл алынган бул чараларга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнүп, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
173097;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: