реклама
super.kg logo
  Саясат  

"Ири долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүлөт". Садыр Жапаров жеңил өнөр жай кызматкерлерин куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы - Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Президенттик аппараттын маалымат кызматынан мамлекет башчынын куттуктоосун жарыялады.

"Урматтуу жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жеңил өнөр жайы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу жана стратегиялык маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Текстиль, кийим тигүү, бут кийим өндүрүү жана булгаары иштетүү ишканаларынын жетекчилеринин жана жумушчуларынын күжүрмөн эмгегинин аркасында өлкөнүн социалдык-экономикалык потенциалы жогорулоодо.

Ата мекендик жеңил өнөр жай продукцияларынын кеңири, сапаттуу жана жеткиликтүү ассортименти республиканын экспортундагы алдыңкы позицияларды кармап калууга, экспорттук негизги рыноктордогу суроо-талаптарды жана муктаждыктарды канааттандырууга мүмкүндүк берет.

Тармакта мурунку муундардын салтын сактап келген, жаңы технологияларды ийгиликтүү өздөштүргөн чыныгы патриоттор жана өз ишинин чеберлери эмгектенет, бул анын туруктуу өнүгүүсүнө жана ата мекендик товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Жеңил өнөр жай ишканалары республиканын эмгек рыногунда калкты олуттуу деңгээлде иш менен камсыз кылып, жарандардын жашоо сапатына оң таасирин тийгизүүдө. Тигүүчүлөрдүн, бычмачылардын, модельерлердин кесиби республикада эң көп талап кылынган адистиктердин катарына кирет. Ошону менен жакынкы мезгилде мамлекет тарабынан өндүрүштүн жаңы талаптарына жооп берген квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү каралууда.

Коронавирус пандемиясынын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн экономикалык абалына терс таасирин тийгизди, бүгүн өнүгүүнүн траекториясы биздин өлкөнүн атаандаштык артыкчылыктарын максималдуу толук колдонууга багытталышы керек.

Мамлекет тарабынан ушул артыкчылыктуу тармакты колдоо боюнча иштер улантылат, ири долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүлөт, анын сапаттуу уюштурулушу он миңдеген жумуш орундарын түзүүгө жана анын өнүгүү деңгээлинин жаңы масштабдарына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жеңил өнөр жайдын ар бир кызматкерине жана ардагерине ак ниет эмгеги, жалпы республиканын экономикасынын өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы үчүн зор ыраазычылык билдирем. Сиздерге жана сиздердин жакындарыңызга бакыт-таалай, бекем ден соолук, бакубат жашоо, жаңы өндүрүштүк ийгиликтерди жана пландарыңыздын ишке ашуусун каалайм!".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
173083;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: