реклама
super.kg logo

ТЕСТ: Мезгилден артта калбаган окурмансызбы? "Супер-Инфонун" туулган күнүнө арналган тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз

 

Бүгүн, 31-майда өлкөбүздөгү эң алдыңкы болгон “Супер-Инфо” гезити туулган күнүн белгилеп жатат. Дал ушул күнү алгачкы саны чыга баштаган гезит ал кезде сканворд, кроссворддорго басым жасап, маалыматты өтө аз камтыган. Убакыттын өтүшү менен гезит улам жаңыланып, пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып, эки жылдын ичинде алдыңкы гезиттердин катарына кошулган. Ата мекендик гезиттердин дөө-шаасына айлана алган "Супер-Инфонун" туулган күнүнө карата түзүлгөн тесттен өтүп, суперди канчалык деңгээлде билериңизди текшерип көрүңүз.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Алгач эң жеңил суроолордон баштайлы. "Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны кайсы жылы, кайсы числодо чыккан?

"Супер-Инфо" гезитинин алгачкы саны 2002-жылы, 31-майда жарык көргөн. Ушул күнгө чейин гезит ар жума сайын үзгүлтүксүз басылып, окурмандарды кубантып келе жаткан чагы.

Кийинки суроо


2000-жылы, 31-майда
2001-жылы, 31-майда
2002-жылы, 31-майда
2003-жылы, 31-майда

"Супер-Инфо" Кыргыз өлкөсүндөгү басылмалар үчүн "америкалык кыял". Бул сөздү ким айткан?

АКШнын калкынын идеалдуу жашоосун туюндурган жогорудагы фраза "ММКларды колдоо фондунун" түптөөчүсү Андрей Миясаровго таандык.

Кийинки суроо


"ММКларды колдоо фондунун" түптөөчүсү Андрей Миясаров
Саясатчы Өмүрбек Текебаев
Ырчы Мирбек Атабеков
Спортчу Канатбек Бегалиев

Гезит тарабынан уюштурулган “Супер Сулуу 2007” сынагынын жеңүүчүсүн атаңыз.

Алгачкы ирет өткөн “Супер Сулуу 2007” сынагынын жеңүүчүсү Айгерим Кубанычбек кызы болгон. Чинара Керимкулова 2008-жылы жеңүүчү аталса, Бегайым Алисопиева жана Жамиля Бакыт кызы 2009-жылы “Супер Сулуу” аталышкан.

Кийинки суроо


Жамиля Бакыт кызы
Бегайым Алисопиева
Айгерим Кубанычбек кызы
Чинара Керимкулова

2007-жылдан бери "Супер-Инфо" гезити "Улуттук гезит" сыйлыгынын номинациясына ээ болуп келет. Аталган номинацияны атаңыз.

"Супер-Инфо" "Улуттук гезит" сыйлыгынын “Жылдын нускасы” наамынын бир нече жолку жеңүүчүсү.

Кийинки суроо


“Жылдын гезити”
“Жылдын мыктысы”
“Жылдын нускасы”
"Алдыңкы гезит"

Гезиттин жарнама бөлүмүнүн номери кандай?

0312882777 номерин терүү менен "Супер-Инфонун" жарнама бөлүмүнө чала аласыз.

Кийинки суроо


0312882700
0312882400
0312882500
0312882777

Гезит тарабынан уюштурулган "Суперфутбол" мелдеши алгачкы ирет кайсы жылы өткөн?

Маданият, спорт жана өнөктөштөрдөн турган командалар катышкан алгачкы "Суперфутбол" мелдеши 2010-жылы өткөн.

Кийинки суроо


2008
2009
2010
2011

2019-жылы “Заманыбыздын супер ырчысы” наамын ким алган?

2019-жылы “Заманыбыздын супер ырчысы” наамына Нурлан Насип татыктуу болсо, “Жылдын супер ырчы мырзасы” наамын Гүлжигит Сатыбеков илип кеткен.

Кийинки суроо


Гүлжигит Сатыбеков
Нурлан Насип
Мирбек Атабеков
Бек Борбиев

Учурда аптанын кайсы күнү гезит сатыкка чыгат?

Гезиттин жаңы саны ар аптанын бейшемби күндөрү сатыкка чыгат.

Кийинки суроо


дүйшөмбү
шейшемби
шаршемби
бейшемби

"Супер-Инфонун" лозунгу кандай?

"Супер-Инфо" гезити окурмандарды "Мезгилден артта калбоого" үндөп келет.

Кийинки суроо


"Маалымат-маанайшат гезити"
"Мезгилден артта калбаңыз"
"Мезгил менен тең жарыш"
"Алдыда бол"

"Супер-Инфо" гезитинин расмий сайты кайсы жылы ишке кирген?

Өлкөбүздөгү сайттардын ичинен алдыңкы үчилтикке кирген www.super.kg сайты 2006-жылдан тартып кызмат кылып келе жатат.

Кийинки суроо


2003
2004
2005
2006

Гезитке сандан-санга басылып турган эң популярдуу сериалдардын бири “Цыган кыздын” автору ким?

“Цыган кыз” сериалынын автору Нуржамал Жийдебаева. Аталган сериал көптөгөн окурмандардын кызыгуусун жаратып, кийин китеп болуп да басылган.

Кийинки суроо


Марат Жанбараков
Нуржамал Жийдебаева
Жан Айдар
Аскат Субанбеков

"Супер-Инфо" тарабынан автоунаа белекке алган алгачкы кызматкердин атын атаңыз.

Алгачкы автоунааны маркум кесиптешибиз Азамат Сагынбаев алган. Гезит түптөлгөндөн бери дизайнерлик кесипти аркалап келген кесиптешибиз өтөн жылдын май айында, узакка созулган оорудан улам мезгилсиз дүйнө салган.

Кийинки суроо


Канымжан Усупбекова
Жекшен Албикенов
Перизат Музуратбекова
Азамат Сагынбаев

"Супер-Инфонун" гимнин кимдер жазган?

"Супер-Инфонун" гимнинин сөзү Добр менен Алтынбек Алымовго, обону Ильяз Абдразаковго таандык.

Кийинки суроо


Добр, Алтынбек Алымов, Ильяз Абдразаков
Султан Садыралиев, Урмат Усенов, Акбар Сүйүнбаев
Мирбек Атабеков, Мирбек Иманбеков, Алихан
Бек Борбиев, Аваз Акимов, Чолпонай

“Жылдын суперлерин” тандоодо эң көп статуэтканын ээси кайсы ырчы?

Ырчы Каныкей 9 номинациянын жеңүүчүсү катары “Супердин Гиннесстер китебине” кирген.

Кийинки суроо


Мирбек Атабеков
Каныкей
Нурлан Насип
Гүлнур Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин Инстаграм баракчасында учурда канча катталуучу бар?

"Супер-Инфонун" расмий super_info_official Инстаграм баракчасындагы катталуучулардын саны учурда 1 миллион 800 миңди түзөт. Аталган баракча өлкө ичиндеги ЖМКлардын ичинен миллиондук чекке алгачкы болуп жеткен.

Кийинки суроо


1 жарым миллион
1 миллион
1 миллион 800 миң
2 миллиондон ашат

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(3)
31.05.2021. 16:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
03-04-2020
Соӊку аракети:
17-09-2021 23:09
Жынысы:
Белгисиз
0
54
31.05.2021. 20:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
31-12-2014
Соӊку аракети:
17-09-2021 14:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан.
+2
Атаң гөрү илгери колдо телефон жокто,кубалап жүрүп окуйт элем,акыркы он сомго нан алайын десем,жаңы саны чыгып калган экен гезитти көтөрүп келе бергем да.
01.06.2021. 15:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
09-12-2020
Соӊку аракети:
16-09-2021 15:32
Жынысы:
Белгисиз
-1
54 бал ошончо окусамда билбеген нерсе коп экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176313;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: