реклама
super.kg logo

Улуттук тарых музейинин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өттү

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Улуттук тарых музейинин капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, Тарых музейи республика үчүн өзгөчө тарыхый-маданий мааниге ээ.

"Жалпыбызга белгилүү болгондой, Тарых музейи өзгөчө тарыхый-маданий мааниге ээ. Ал биздин элибиздин, өлкөбүздүн бардык өнүгүү баскычтарын өзүнө камтып турат. Андыктан анын мындан аркы үзгүлтүксүз иш алып баруусун камсыздоо абдан маанилүү. Ал ишин жүргүзүп, жарандарыбызды, өсүп келе жаткан муун өкүлдөрүн, шаарыбыздын меймандарын Кыргыз өлкөсүнүн тарыхы менен кеңири тааныштырып туруусу тийиш", - деди ал.

Кеңешмеде белгиленгендей, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте "Vitrinen-und Glasbau REIER" герман компаниясынын өкүлдөрү менен Улуттук тарых музейин капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча аталган компания өзүнө алган милдеттенмелерди жыйынтыктоосу боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштуруу маселесин иштеп чыгуусу зарыл.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Министрлер кабинетине Улуттук тарых музейин реконструкциялоо боюнча ишти аяктоого жыйынтык сметаны сунуштоосу, Борбордук мамлекеттик архиви менен биргеликте нукура экспонаттарды берүү маселесин иштеп чыгуусу тапшырылды.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине бир жумалык мөөнөттө курулуш иштерин жыйынтыктап, музей имаратын оңдоо иштериндеги кемчиликтерди жоюусу тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170688;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: