реклама
super.kg logo

Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

 

Социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө карата бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Максималдуу үстөктү белгилөө менен төмөнкү социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларына 90 календардык күндүк колдонуу мөөнөтү менен бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди:

1) өсүмдүк күн карама майы;
2) кумшекер.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги №242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык, аталган тамак-аш продуктуларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Экономика жана финансы министрлигине кабыл алынган чечим тууралуу Евразия экономикалык комиссиясын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерди белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды.

Чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тарабынан кол коюлган жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170688;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: