реклама
super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетинен 158 миллионго чукул адам жабыркады

 

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 157 миллион 946 миң 278 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 93 миллион 312 миң 421 бейтап айыгып чыкса, 3 миллион 288 миң 638 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 10-майга карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 707 миң 359 болду. 581 миң 752 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 22 миллион 296 миң 414 адамдан аныкталды. 242 миң 362 адам каза болсо, 18 миллион 317 миң 404 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 15 миллион 184 миң 790 адам вируска кабылган. 422 миң 340 бейтап көз жумса, 13 миллион 457 миң 400 бейтап оорудан сакайды. Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170688;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: