реклама
super.kg logo

"Жааган октон качып баратып каналга түшүп кеткен". 5 жаштагы наристенин өлүмү боюнча териштирүү иши башталды

 
5 жаштагы Абидин Турсунбаевдин өлүмү боюнча териштирүү иши башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматына байланышканыбызда белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, аталган кылмыш иши бүгүн, 3-майда Лейлек РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
"2021-жылдын 29-апрелинде Лейлек районунун Арка айылында тажик тараптан ок атылган учурда, ошол жердин жергиликтүү тургундары айылдан качып чыгышканда Арка-2 айылынын 2016-жылы туулган Абидин Турсунбаев аттуу тургуну айылдагы каналга түшүп кетип каза болгон.
Бул факты 2021-жылдын 3-май күнү Лейлек РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө текшерүү иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.
Буга чейин социалдык тармактарга “Лейлек районундагы Арка айылында чек арадагы куралдуу кагылыштарда качып баратып Фергана каналына 5 жаштагы бала түшүп кетип каза болду” деген маалымат тарап, аны Баткен милициясы расмий тактабай жаткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
03.05.2021. 15:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
23-07-2013
Соӊку аракети:
10-05-2021 17:36
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыздын келечектеги кырааны эле да карачы жаркылдаган жузун коргон сайын журогум тилинип атат.
03.05.2021. 16:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2203
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
11-05-2021 00:15
Жынысы:
Белгисиз
+2
Териштирип эмне колунардан келет?Же аткан ошолорду аткылаган тажиктерди таап камайсынарбы?
03.05.2021. 19:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
25-07-2020
Соӊку аракети:
10-05-2021 21:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84,Сөсүз жазаларын алат оон деген бар сурап сотойт мамилекет башчыларын жазага тартат.алар жазалабаса Алла улук өзү жазасын берет канкорлордун.
03.05.2021. 21:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
30-11-2020
Соӊку аракети:
11-05-2021 00:11
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kadyrova_,биздикилер ойлонуп олтурга чейин тажиктер сотко кайрылыптырго биздин солдаттардын үстүнөн
03.05.2021. 17:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
09-01-2021
Соӊку аракети:
11-05-2021 03:01
Жынысы:
Белгисиз
+3
пайдасы жок тириштируу башталды дебейсинерби
03.05.2021. 18:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
04-10-2011
Соӊку аракети:
10-05-2021 22:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+3
Баары белгилуу эле да тажиктер атты качып бара жатып суу тушту.
04.05.2021. 07:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
407
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:39
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерда таджиктерге кылмыш ишин баштайсынарбы, же байкуш октон качып тирүү калгандарды камайсынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
167830;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: