реклама
super.kg logo

Кемпир-Абадда бүгүн дагы митинг өтүүдө

 

Бүгүн, 24-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине нааразыбыз дегендер кайрадан митинг өткөрүшүүдө.

"Биз аягына чейин турабыз. Орозонун күнүндө айласыздан бийликке кайрылып жатабыз. Бул жер биз үчүн өтө ыйык. Кемпир-Абадды берип, жерди чечебиз деген өтө коркоктук. Бул жер эч качан Өзбекстанга берилбейт. 28-апрель күнү Камчыбек Ташиевди ушул жерден күтөбүз", - деди митингдин катышуучусу.

Митингге болжол менен 100дөй адам катышууда.

Жергиликтүү тургундар нааразычылыгын буга чейин дагы билдиришкен. Алар УКМКнын башчысы, өзбек-кыргыз сүйлөшүүлөрү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, Өзбекстан менен жер алмашуу протоколу жокко чыгарылышын талап кылып, митинг өткөрүшкөн.

Кийинчерээк УКМКнын башчысы Кемпир-Абадга барып, митингчилер менен жолугушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Комментарийлер(31)
24.04.2021. 18:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
224
Катталган:
03-01-2021
Соӊку аракети:
11-05-2021 03:44
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бербешибиз кк,Бир карыш жерди дагы,кайсы башы мн алмаштырды экен Ташиев тооба.Келишимди жокко чыгарыш кк .
24.04.2021. 19:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
01-01-2016
Соӊку аракети:
11-05-2021 01:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Bishkek
+20
Кыскасы чегараны эч кайсы бийлик чече албайт экен. Өзбектер өзүбүздүн жерди өзүбүзгө эле берип жатышат!
24.04.2021. 20:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
320
Катталган:
18-03-2013
Соӊку аракети:
10-05-2021 20:59
Жынысы:
Белгисиз
+23
Жер бергенче жан берели
24.04.2021. 20:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2203
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
11-05-2021 00:15
Жынысы:
Белгисиз
+16
Даканса деген дебилдерге жер,суу берилсе да боло берет,самый главный жапаров президент болсо болду.
24.04.2021. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
-18
Кемпир-Абад суу сактагычтын тосмосу союз таркагандан бери эле Озубекстанга карап келген, Озубекстан стратегический объект кыргыздар жардырып жибербесин деп озулорунун солдаттарын койуп келген. Керек болсо устунон откон жолду жаап, Озгон районунан айланып откуло деп, айландыра жол салыдыртып ушул кунго чейин каттап журобуз.
24.04.2021. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
-19
Сайдагы суунун топтолуп турган жери болсо туура бизге карачуу, азыр ошол сууну орток колдонууга болот келишимде сууну айландыра тосууга урксат жок деп Камчыбек Кыдыршаевич озу жооп берди.
24.04.2021. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
-19
Демек суунун турган жери бизге карайт туура, бирок ошол жердин бизге пайдасы барбы??? Же болбосо ошол жердин олчомунчо Сузак районунан Озубекстан ошончо жер берди, ошол жердин пайдасы копбу???
24.04.2021. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
-19
Мына ушул жерде баардык масаленин баары, менин жеке ойумча суунун турган жерине караганда , Сузак районунан берилген жердин пайдасы коп. Сууну чыгышын Озубекстан тосуп алган, биз каалайбызбы каалабайбызбы топтолгон суу Озубекстанга кете турган суу, жери биздики Озубекстанга жон эле сууну сактап берип кампасын тиктеп олтургандан коро.
24.04.2021. 20:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
-20
Пайдалуу иштете турган жерге алмаштырып жибергенибиз туура болот. Анан тушунбой эле сууну берип жиберди дегенибиз менен, суу аккан суу агып кете берет пайдасын Озубекстан коро берет, бирок биздин жер жондон жон эле суу астында иштетилбей кала берет . Андан коро дыйкандар иштете турган курук жердерден берип жатканда, чечип алганыбыз анык.
24.04.2021. 20:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
-20
Эгерде суу тосмосун бузуп, сууну агызып жиберип жерин иштетет элек деген бир кандайдыр бир жолу болсо, анда башка кеп эле. Ал жерде сууну Озубекстан кооруп келген жер, стратегический объект.
24.04.2021. 20:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
-20
Азыр точка койулуп жерлер чечилип кеткени биз учун абдан жакшы шарт, 30 жылда чечилбей деле канчалаган жерлерибизди алдырып келгенбиз. Азыр чечилбесе мурдагы кейпибизден жаман кейпибизди кийип калышыбыз толук ыктымал, кошуна олко менен ат салыша албай турган акыбалда экенибизди унутпайлы.
24.04.2021. 20:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
-19
Провокацияга алдырып, ушул жыйынтыктан да куру калбайлы туугандар.
Псевдопатриоттор кысып тургула иш бүткүчө.
24.04.2021. 21:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
14-10-2019
Соӊку аракети:
24-04-2021 21:17
Жынысы:
Белгисиз
+23
Rifle_I, бир соз менен айтканда допараз экенсин)))
24.04.2021. 21:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
-12
maksat_osh,
Башканы кемсинтүү менен акылдуулугуңу көрсөтө албайсың.
Жеке оюңу тастыктап жазчы, сөз эмне жөнүндө болуп жатканын билесиңби жок дегенде?
24.04.2021. 23:09 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
07-05-2021 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+5
Rifle_I, Бийликтин дакансасы! Сага жооп: Биринчиден Озбекистан Союз учурунда бизге компенсация деп жер берген. Чашканын ордундагы жерге алмашабыз деп жер берген эмес. Чашканын астындагы жердин 60-70%ти сугат жер, бак, балык фермасы жана айыл-кыштактар жайгашкан жер болгон. Бугун сенин акен Ташиев Озбекисиан бизге 4100 гектар жерди берген дейт. Компенсация деген созду сен да, башка дакансалар да, Ташиев да тушунбойт окшойт? Компенсация менен жер алмашуу эмне бир созбу эмне?
24.04.2021. 23:25 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
07-05-2021 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+6
Rifle_I, Озбекисиан бизге ошончо жерди компенсация кылып берип жатат, силердин жеринер суу асиында калып иштете албай калдынар, ошого компенсация деп. Берген жерлери бут таштак,суу чыкпаган кайракы жерлер. Ал жерлерди оздоштуробуз дер Союз учурунда миллиондорду чачып,толк чыкпаганда эгин экпей да коюшкан. Эми бугун сенин акен биз чашканын ичиндеги 5700 гектар жердин 4100 гектарына деп жер алганбыз деп дооруп жатат. Акене айта бар. КОМПЕНСАЦИЯ деген создун маанисин тушунуп жетсин!
24.04.2021. 23:29 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
07-05-2021 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+5
Rifle_I, эми сен жазып жатасын, Ташиев акем айтты, озбектер ал жерди тоспойт, тигинтпейт ал бул деп. 2 олко 1965-жылы келишимге кол койгондо Озбекистан сол жээк каналын куруп Баткендин Бургонду массивине чейин суу тартып барып, Сох суусунан Сох суу сактагычын куруп бере турган болгон. Мына, арадан 56 жыл отуптур, кана убадасына туруп ошол шарттарды аткарганы? Ушунча жыл бир жолу шарттарды аткарбаган озбектер эми шарттарды аткарат бекен? Бул жомогунарга ким ишенет?
Antiradikal3 түзөттү 2021-04-24 23:49:45
24.04.2021. 23:33 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
07-05-2021 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+6
Rifle_I, бул дегени эшек суудан откучо дегени. Эгер бул келишимге кол коюлуп ратификация болчу болсо, арадан 1 жыл отуп отпой Озбекистан суу сактагычты айланта зым менен тосот. Ташиевин эмне кыла алат, колунан эмне келет ошондо? Озбекистанга согуш ачабы? Айтчы, колунан эмне келет? Мен УКМКда иштейм, камап салам деп кимди коркута алат Ташиев? Мирзиеевдубу? Сен ишенген акен биздин элге эле опурулганды билет. Кечээ тажиктин бир чалы акенди отургуза койду. Мирзиеев тем более...
Antiradikal3 түзөттү 2021-04-24 23:50:35
24.04.2021. 23:38 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
07-05-2021 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+5
Rifle_I, Экинчиден Сузак районунан пайдалуу жерге алмашканы жатабыз дейсин. Сен айткан пайдалуу жер Таш-акыр. Ташиев озу айтты. Ал жер жайыт. Сугат да, кайракы да жер эмес. Жайлоонун да жайыты эмес, кузго чейин жапжашыл чоп осчу, белден буралган. Ал жер жылына бир жолу орулчу, чобун оной менен мал жебеген боз адыр. Ошко сапар алган ар бир жургунчу коруп эле журот ал жерди. Суу сактагычтын астындагы берекелуу жерди боз адырга алмаштыргын барбы акен экоон? Пайдалуу жер имиш!
Antiradikal3 түзөттү 2021-04-24 23:51:08
24.04.2021. 23:44 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
07-05-2021 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+5
Rifle_I, Учунчудон! Суу бекер гана Озбекистанга кете бербеши керек. Озбекистан сууну бизден сатып алыш керек. Суу сактагычты озбектер кайсы максатта курган? Анткени суу кышы менен агып, уйлоруно суу ташып, дамба курушуп, жайында пахтага суу жеткире албай эстери оочу. Суу сактагыч курулган сон кышы менен суу топтолуп, жайында пахтага суу агыза турган болушту.
Antiradikal3 түзөттү 2021-04-24 23:52:06
24.04.2021. 23:47 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
07-05-2021 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+5
Rifle_I, Эгер Озбекистан сууну сатып алуудан баш тартса, анда биз да суу сактагычтан баш тартабыз. Озбекистан плотинасын бузсун, биз суу сактагычты жоюп, ордуна 60-жж чейин ал жерге эгин эгип, балык остуруп, бак тиксе ошону кылабыз. Ал тургай пансионат, санаторий курабыз.

Эгер Озбекистанга суу сактагыч керек болсо биздин шартка конот. Суу сактагыч бизде калат. Суу сактагычтан канча суу чыкса,ошонун 80-85%тин гана Озбекистан алат. Алган суусуна акы толойт.
Antiradikal3 түзөттү 2021-04-24 23:52:38
24.04.2021. 23:57 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
07-05-2021 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+6
Rifle_I, болбосо дагы башка бир жолу бар. Озбектер ошол плотинадан томон 2 ГЭС курушкан. Сууга акы толоону каалашпаса ошол 2 ГЭСти бизге откоруп берсин. Бизден аларга бекер суу. Ордуна 2 ГЭСти иштетип Озбекистан, Казахстандан электр энергиясын сатып албай калабыз.

Дагы бир талап. Суу сактагычтын плотинасынын жарымы же баары бизге отушу керек. Эгер Озбекистанга суу керек болсо. Макул болушпаса плотинасын бузушсун...
25.04.2021. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal3,оюң жомоктогудай, бирок ал реалдуу болуп калса жакшы. Андай талаптар менен бара турган деңгээлде эмеспиз. Атамбаев байкең менен Жээнбеков жездең кире турган жерине киргизип кетти экономикабызды.
Азыр дестабилизация болсо мамлекетибизди Кытайстан деп атай бериш керек болот.
25.04.2021. 00:01 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
07-05-2021 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+6
Rifle_I, эми сенин акен Ташиев жонундо. Кайсы акылы ордунда бири талаштуу жерлерди билбей туруп чек араны чечемин деп Ташкентке чаап жетип барат? Чек араны чеччу адам ошол талаштуу жерлердин баарын барып оз козу менен коруп, жергиликтуу элдин пикирин угуп, ошол жерлерге байланыштуу 100 жылга чейинки архивде кандай документ болсо бут таанышып, кандай болсо олко кызыкчылыгы корголоорун ойлонуп коруп, бут баарын анализдеген сон гана чек араны чечуу учун барат. А сенин акенчи?
25.04.2021. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Antiradikal3,Ташиев мага аке же тууган эмес. Бул менин жеке жарандык көз карашым. Жер бербейбиз же башка чакуруктарың ушул жерде калып кетет. Колуңан эч нерсе келбейт, бул нерсени мойнуңа ал. Ушул эрдик сөздөрүңү барып тажиктерге же өзбектерге 100% айталбайсың. Себеби сек арага жакын жашагандай эмессиң.
24.04.2021. 21:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
-7
Чубак ажынын айткан сөздөрүн эстегиле. Бир метрден жылып кире берет. Срочно чечиш керек дегенин.
24.04.2021. 22:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
578
Катталган:
05-11-2015
Соӊку аракети:
10-05-2021 22:35
Жынысы:
Белгисиз
+13
Rifle_I,жерди бербей силерге окшогондорду бериш керек озбек тажиктерге эгер алса
25.04.2021. 13:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
0
bond0202,менин ким экеними билбей туруп жыйынтык чыгарган оюң туура эмес. Жерди алмаштырат азыр. Жөн эле берип койбойт. Атмбаев байкең убагында ~700гектар жерди берип койгон. Барып сурап кел эмнеге экенин.
25.04.2021. 13:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар мен жеке оюму жаздым. Мага абсолютно баары бир силер кимсиңер. Бирок Кемпир абад деп отура берсек тажиктер бир метрден жылып жатышат дагы эле. Ташиев менин акем же тууганым эмес. Аны уже бошотуш керек өзбектерден. Тажиктерге өтсүн. Тажиктер менен чечишүү оңой эмес.
25.04.2021. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Колу6ардан ххххх иши келбесе жок дегенде жакшылык каалап тургула. Точно колуңардан митиңгден башка же бул жерде баатыр болгондон башка эч нерсе келбейт. Реалдуу болгула. Баатыр болуп бербейм дей бергениңер менен супер.кж жазганыңарды алып барып өзбек же тажикке окутпайт. Ошого жөн гана жакшы тилек кылып тургула. Кыргызстан баарыбыздын өлкөбүз. Буга чейин чек ара маселесине АША дагы, Жээнбеков дагы, Бакиеы дагы киришкен эмес мынчалык.
25.04.2021. 13:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1149
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 18:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул бийлик жок дегенде аракет кылып жатат. Күчтүү мамлекет менен тең тайлашып диалог куруу да бул оңой эмес. Азыр чычкактарга окшоп курал бер, чечип алабыз дегендер бир дегенде өлөсүңөр. Себеби силер менен тамашалаша турган адамдары чыкпайт согушка.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
167830;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: