реклама
super.kg logo

Артынан чоочун кишилер аңдып келе жатканын айтып... Чүйдө өзүн белгисиз адамдар уурдап кетти деп калп айткан өспүрүм табылды

 

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда өзүн белгисиз адамдар уурдап кетти деп калп айткан өспүрүм табылды. Бул туурасында Чүй облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өспүрүмдүн апасы 18-апрелге караган түнү саат 00:23тө милицияга арыз менен кайрылган. Анда ишемби күнү саат 16:30дар чамасында 17 жаштагы уулу Кең-Булун айылынан уюлдук телефонун оңдотуу үчүн Ивановка айылы тарапка кеткенин жана ошол бойдон кайтып келбегенин жазган.

Саат 19:00 чамасында ага баласы телефон чалып, үйүнө бара жатканын айтып, бирок артынан белгисиз унаа менен чоочун кишилер аңдып келе жатканын айтып, телефонун өчүрүп койгон. Андан соң апасы бир нече жолу баласына байланышууга аракет кылган. Бирок натыйжа болгон эмес. Арадан 30 мүнөт өткөн соң баласы телефонун алып Ивановка айылындагы оорукана тараптан аны уурдап кетишкенин айтып, телефонун өчүрүп койгон.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери башталган. Ысык-Ата райондук милициянын бардык өздүк курамы тартылып, баланы Ивановка, Кең-Булуң жан Чолпон айылдарынан издешкен.

Милиция кызматкерлери аймакты, айрыкча талааларды, жайыттарды жана кароосуз калган жерлерди тыкыр текшерип чыгышкан. Масштабдуу ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Новопокровка айылынын аймагынан досунун үйүнөн табылды. Алдын ала маалымат боюнча, бала тентектик кылып ушундай кадамга барган.

Учурда өспүрүм ата-энесине аман-эсен милиция кызматкерлери тарабынан тапшырылды.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
18.04.2021. 19:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
03-11-2020
Соӊку аракети:
11-05-2021 00:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
Апасын алдаса акылына мандем бар окшойт баланын
18.04.2021. 21:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
05-07-2016
Соӊку аракети:
05-05-2021 03:26
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш энесине боорум ооруду. Кабарынды айтып турсанда санааркап турат да эне деген. А уурдап кетти десе байкуш эне олуп тирилди го .. Акылы кем бала экен.
18.04.2021. 21:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
535
Катталган:
18-10-2016
Соӊку аракети:
11-05-2021 03:19
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бумеранг. Кийин тиги оспурумдун баласы да ушундай акмактык кылганда тушунот!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
167830;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: