реклама
super.kg logo

"Акыйкат, чындык үчүн күрөшүп келгем, мындан ары да күрөшөм". Үй камагына чыккан Курсан Асанов кайрылуу жасады

 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бүгүн, 12-апрелде үй камагына чыгарылды. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан ал кандай негизде чыгарылганы боюнча айткан жок.

УКМКнын СИЗОсунан чыккан Курсан Асанов кайрылуу жасап, тарапташтарына ыраазычылыгын билдирди.

"Кыргыз элин Орозо айы менен куттуктап кетейин. Өткөн жылдын 5-6-октябрындагы окуя боюнча 2 жарым айдай отурдум. Кой-Таш окуясы болобу, октябрдагы окуя болобу өлкөбүздөгү тынчтык, туруктуулук, кан төгүүлөр болбоосу үчүн бардык аракетимди, тажрыйбамды жумшагам. Ошол күндөрү мага жардам берген укук коргоочуларга, элдик кошуундарды түзгөндөргө ыраазычылык билдирем. Мени моралдык жактан колдогон массалык маалымат каражаттарына да рахмат.

Мен акыйкат, чындык үчүн дайыма күрөшүп келгем, мындан ары да ал сапатымдан кайтпайм. Мен ойлойм, убакыт келгенде Кой-Таш окуясы боюнча баары мен айткандай болгонуна күбө болосуздар. Бүгүнкү күндө күнөөкөрлөр качып жүрөт. Ал эми октябрь окуясы боюнча кылган аракеттерим жакшы. Жакын арада баары жай-жайына коюлат деп ойлойм", - деди ал.

Буга чейин Курсан Асановду СИЗО-1ден УКМКнын СИЗОсуна которуларын жактоочусу билдирген.

Курсан Асанов баш аламандык учурунда ИИМдин имаратын басып алган деп айыпталууда. Ал 26-январда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.04.2021. 15:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
14-10-2020
Соӊку аракети:
11-05-2021 00:59
Жынысы:
Белгисиз
+3
Канча акча берип чыктың экен шакал куу түлкү
12.04.2021. 19:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
01-10-2010
Соӊку аракети:
10-05-2021 23:37
Жынысы:
Белгисиз
0
Тойгуча деп, олгучо актанат!!! Кайтаар дуйно....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
167830;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: