Бурулай, Айзада... дагы ким? Социалдык тармактын колдонуучулары митингге чыгууга үндөп, ИИМдин министринин отставкасын талап кылышууда











5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. Бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Үрөй учурган окуя боюнча социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай пикирлерин билдиришүүдө. Айрымдары ички иштер министри Улан Ниязбековдун жана Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаевдин отставкасын талап кылса, айрымдары эртең, 8-апрелде ИИМдин алдына митингге чыгууга үндөшүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:18
2021-04-12
8:56
2021-04-12
22:40
2021-04-11
Рейтинг:
-1

олтуруу,олтуруп кетуу жон эле кунумдук жанылыкка айлана баштады го.илгерки жашоо менен жаштар менен азыркыны салыштырып болб