реклама
super.kg logo

Жол эрежесин бузууда кайсы беренелер боюнча айып пулдар азайтылат? Тийиштүү мекемеден түшүндүрмө

 
Өкмөттүн жол эрежесин бузгандардын айып пулун азайтуу демилгесине ылайык, Бузуулар кодексиндеги эки берененин айып пулу азайтылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев билдирди.
"Бүгүнкү күндө көпчүлүк айып пулдарды өз убагында төлөгөн унаа ээлери 50 пайыздык жеңилдик алышат. Жол көзөмөл кызматы аталган жеңилдиктерди 70 пайызга чейин кылууну сунуштоодо. Мисалы, жол эрежесин бузуудагы биринчи категорияга - 1000 сом айып пул каралган, эгерде камера миң сом айып пул тартса, айдоочу 15 күндүн ичинде 300 сом төлөй алат", - деп билдирди Исаев.
Анын айтымында, төмөнкү эки берененин негизинде 70 пайыздык арзандатуу сунушталууда.

123-берене “Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу”,

- "Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 километр сааттан көп, бирок 20 километр сааттан көп эмес ашуусу”.

123-1-берене “Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу”,

- "Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо".

Учурда жогорудагы беренелерди бузган айдоочуга 1000 сомго чейин айып пул салынат. Эгер айдоочу айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө, акчанын өлчөмү 50 пайызга арзандайт. Ал эми өкмөт демилгеси боюнча айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70 пайыз арзандатуу каралган.

Эске салсак, буга чейин 3-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарга карата айып пулду төмөндөтүүнү пландап жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
06.04.2021. 13:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
18-09-2020
Соӊку аракети:
16-04-2021 00:20
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыскасы кандай болгон кундо деле элди кыйнайсынар да
06.04.2021. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
26-02-2019
Соӊку аракети:
16-04-2021 00:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неге мисал кылып 3000дик штрафты айтпайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
165815;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: