Аксыда көз жарган кыз окуган мектептин директору менен социалдык педагогу кызматтан алынды
Кечээ, 1-апрелде Аксы районундагы айылдардын биринде 7-класстын окуучусу көз жаргандыгы тууралуу жазганбыз. Аны ата-энеси сокур ичеги деп ооруканага алып барышканда кыздын кош бойлуу экендигин билишкен. Өспүрүм райондук ооруканада көз жарган.
Бүгүн кыз окуган мектептин директору менен соцпедагогу өз арыздарынын негизинде кызматтан алынды. Бул тууралуу Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу SUPER.KG порталына билдирди.
"Бүгүн, 2-апрелде аталган окуя боюнча жыйын болду. Жыйынтыгында көз жарган кыз окуган мектептин директору менен социалдык педагогу өз арыздарынын негизинде кызматтан алынды. Алар иштегенге моралдык укугубуз жок дешти", - дейт Эмилбек уулу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:01
2021-04-15
20:15
2021-04-15
Рейтинг:
-2

Тим эле женсоветке кирип чыккан кыздар бир ай бою отуруш дегенде таптакыр унутушчу балким ошонун да кандайдыр бир деңгээлде тарбиялык мааниси бар беле